БШК: Бардык шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналууда
Түндөтөн бери бардык шайлоо участокторунда бардык добуштар кол менен саналып жатканын БШКдан билдиришти. Бул санак кечке чейин бүтүп калышы керек.
Беш партия, анын ичинде "Ата Мекен", "Азаттык", "Улуттар биримдиги", "Реформа", "Социал-демократтар" шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыя кылышып, кайра шайлоо өткөрүүнү, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылышууда.
28-ноябрда добуш берүү бүткөндөн кийин БШКнын сайтында автоматташкан эсептөө урналарынын маалыматтары жаңырып жатканда, бир азга тыныгуу болуп, ошондон кийин партиялардын добуштарды таң каларлыктай азайып кетти. Анын ичинде "Ата Мекендики" 71 миңден 41 миңге, "Бүтүн Кыргызстандыкы" 119 миңден 79 миңге түшүп калды.
БШК муну техникалык мүчүлүштүк деп атады. Ал эми шайлоого нааразы болгон партиялар добуштар уурдалды, бул бийлик атайы алдын ала даярданган пландуу операция деп жатышат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Шайлоо" автоматтык системасында эч кандай өчүп-күйүү болгон эместигин, болгону бир таблицада программалык ката кеткенин айтууда.
Президент Садыр Жапаров нааразы партияларды сабырдуулукка чакырып, бардык добуштарды кол менен санап чыгуу керектигин билдирди. Ансыз деле бардык шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин акыркы жыйынтык чыгарылат. Бул ишке партиялардын байкоочулары, көз каранды эмес байкоочулар катышат.
Бирок "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бардык шайлоо участокторуна кол жетпей жатканын, кээ бир участкаларды добуш санак ачык-айкын жүрбөй жатканын билдирүүдө.