“Евразиялык
мониторинг” аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев Би-Би-Сиге маек куруп, Кыргызстанда болуп
жаткан парламенттик шайлоолорго Казакстанда дагы кызыгуу күч болуп жатканын
айтты.
Алибек Тажибаев: Борбор Азияда эң эле тыгыз экономикалык
карым-катнаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүрөт. Тилекке каршы, соңку
жылдары эки өлкө аралык тез чече турган маселелер көбөйүп кетти.
Эң биринчи кезекте
бул кыргызстандык товарларды Россияга Казакстан аркылуу ташып өтүүдөн чыккан
маселелер. Россия ЕАЭБ алкагында эң ири рынок болуп кыргыз бизнесин кызыктырып
жаткандыгын түшүнүп жатабыз. Бирок инфраструктура жана логистикалык даярдыктын
чабалдыгы өткөрмө бекеттеринде көйгөй жаратып жатат. Аны чечүү үчүн эффективдүү
мыйзамдар керек. Кыргызстанда өтүп жатканы шайлоолордон кийин ушул
тармактагы жөнгө салууларды күтөбүз.
Мындай сунуш Казакстанда өткөн 10-Жарандык форумда да
айтылды.
Кыргызстан эгемендик
алганы татаал бирок уникалдуу каршылык демократиясын тандады. ЕККУнун көп санда
байкоочуларынын көзөмөлүндө өтүп жаткан азыркы шайлоолор Кыргызстандын саясий,
экономикалык сыноолорун жыйынтыктайт деп күтөт элем. Тышкы саясатка көңүл бурууга
убакыт келди.
Кыргызстанда
катардагы жарандар жашоо деңгээлин көтөрчү өзгөрүүлөрдү күтүп, шайлоолор өтүп
жатат. Өлкө президенттик башкарууга багыт алып, азыр социалдык-саясий
парадигмалар өзгөрүп жаткан транзиттик абалда. Бул шайлоолордун негизги чакырыгы
– аны тийиштүү деңгээлде уюштуруу.