Кыргызстандагы создуккан саясий кризис
Саясий топтордун тиреши күчөп, Бишкектин борборунда карама-каршы митингдер уланууда. Кыргызстанда бийлик үчүн күрөш курчуп турган учурда башка бирөөнүн менчигин тартып алуу, талап-тоноо, байлык мүлктү кайра бөлүштүрүү аракеттери болуп жатат.
Түз алып баруу
Мадумаров координациялык кеңештин төрагасы болуп дайындалды
Ошто "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери сабалды
Шаардык кеңештин төрагасы, шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Жапар Ормоновду аянттагы митингчилер сабап салышканы жөнүндө кабарлар келүүдө.

Сүрөттүн булагы, Social media
К. Кырбашева “Манас” эл аралык аэропортун кайтарууга алып жатабыз
Кундуз Кырбашева “Ата-Мекен” партиясынан депутатыкка талапкер Кундуз Кырбашева Би-Би-Сиге билдиргендей, алар “Манас” эл аралык аэропортун элдик кошуун кайтарууга алып жатат. Бул жакта талап-тоноо, мыйзамсыз аракеттер болбосун, шектүү кишилер качып кетпесин деген ниетте кайтарууга алдык, деди ал.
“Мен азыр “Манас” аэропортундамын. Түндө Ак үйдүн жанында жана көчөдө абал кандай болгонун көрдүңүздөр. Ошондуктан мамлекеттик стратегиялык объектерди кайтарууга өзүнчө элдик кошуундарды түзүп алдык .Ошолор менен кайтарып жатабыз. Талап-тоноолор болбосун деп жана билимдүү, жаш кадрлар келсин деп келди. Себеби абал башкача болуп жатат, кайра эле мурдагы адамдар келип жатышат кызмат орундарга”,-деди К. Кырбашева.

А.Шыкмаматов: Башкы прокурордун ордунда Жапыкеев отурат
"Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер, белгилүү саясатчы Алмамбет Шыкмаматовго кайрылып, өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу сурадык.
А.Шыкмаматов:Сасий абал өтө кейиштүү, өтө начар. Буга шайлоодогу элдин добушунун уурдалганы детанатор болду. Кечээ саат алтыларда эле БШК шайлоону жокко чыгарганда мындай окуя болмок эмес. Эми тез аранын ичинде мыйзамдуу жолго түшүүнүн аракетин көрүшүбүз керек. Азыр мыйзамдуу жолдон чыгып кетти. Ак үйдү өрттөп жатышат, ушул мыйзамдуубу?!
Ө.Суваналиев: Коопсуздук тармагын координациялап жатам
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде өлкөдөгү абалды стабилдүүлүккө алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди.
Ө.Суваналиев: Азыркы кырдаалда стабилдүүлүк болуш үчүн күч түзүмдөрүн, коопсуздук тармагын, баарын иретке салыш үчүн моралдык климатты түзүп жатабыз. Мыйзам чегинде иштөө үчүн кызматкерлердин баарын көзөмөл кылып жатабыз.
Би-Би-Си: Ош шаарында митинг өткөнүн көрүп жатсаңыз керек. Ал жактан эмне малымат бар сиздерде?
Ө.Суваналиев: Азырынча бул жакты стабилдүүлүккө келтирип жатабыз. Баары мыйзам чегинде болсун деп иштеп жатабыз. Эч кандай чагымга берилбесин деп аракет болууда.
Би-Би-Си: Сиздин өзүңүздү бул кызматка ким дайындады? Бул мыйзамдуубу?
Ө.Суваналиев: Жок. Мени эч ким, эч кандай кызматка дайындаган жок. Бүгүнкү күндө мен Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарымын, анан бул функционалдык милдетиме кирет. Мен коопсуздук тармагын координациялап жатам. Анткени жетекчилер жок. УКМК жетекчиси, Ички иштер министри жок болуп жатат. Алардын орун басарлары биз менен иштешип жатат. Мен Коопсуздук кеңешинин катчысы катары мыйзамдуу түрдө көзөмөлдөп жатам.
Би-Би-Си: Коррупция боюнча айыпталган кишилер чек арадан өтүп, качып кетет деген суроолорду коюп жатышат.
Ө.Суваналиев: Биздин чек арадагыларга көрсөтмө берилген. Бизге маалымат берип турушат. Биз баарын көзөмөлдөп турабыз.
Би-Би-Си: Президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүңүзбү?
Ө.Суваналиев: Жок, сүйлөшө элекмин.
Би-Би-Си: Эми мындан кийинки кадамыңыздар кандай болот?
Ө.Суваналиев: Мындан кийинки аракеттерибиздин баары мыйзам чегинде болот.

Сүрөттүн булагы, official
Президент Жээнбеков бардык күчтөрдү мыйзамдык талаага кайтууга чакырды
Президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү жасады.
"Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосунабүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик. Мен борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым. Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм. Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам. Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу- баарынан кымбат. Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам",-деп айтылат кайрылууда.
YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, постGoogle YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт. YouTube мазмунунда жарнама болушу мүмкүнБул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Ош шаарындагы митингчилердин алдына мэр чыкты
Ооруканага кайрылган жарандар
Демонстранттар бир нече министрлерди кызматтан кетирүү боюнча арыз жаздырууда
Маданият, маалымат жана туризм министри А. Жаманкулов иш бөлмөсүнөн чыгып кеткенин Би-Би-Сиге билдирди. Анын айтымына караганда, бир нече киши келип анын ордуна Эл артисти Курмангазы Азыкбаевди министр катары отургузушту. Бирок ал азырынча кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын кошумчалады.
Маданият, маалымат жана туризм министри Жаманкуловдун айтымында, министрлер менен жетекчилердин атайын WhatsApp группасында Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисин дагы демонстранттар имараттан чыгарып коюшканын жазышкан. Ошондой эле өкмөт башчы менен байланышуу болбой жатканын, азырынча эч кандай көрсөтмө болгон жок, дейт Жаманкулов.
Жарандык активисттен пикир
Жогорку Кеңештеги пресс-борбор талкаланды
Ош шаарындагы митинг
Өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматтан кетти
Өкмөттүн Нарындагы өкүлү, анын орун басары, Нарын районунун акими арызын жазып, кызматтан кетти. Облуста тогуз кишиден турган уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу жеригиликтүү активист Самат Уранкай Би-Би-Сиге билдирди.
Самат Уранкайдын айтымында, алар саат тогуздарда облус жетекчисине жолугуп, өлкөдөгү абалды түшүндүргөн жана облус жетекчиси каршылык көрсөтпөстөн эле кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Шаардык активисттер шайлоодо кол алдындагыларга кысым көрсөткөн жана добуш сатууга аралашкан жетекчилердин тизмесин түзүп, аларды чакырып, арыз жаздырууда.
Учурда Нарын шаарында митинг өтүп жатат.
Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү өз ыктыяры менен кызматтан кетти
Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү Балбак Түлөбаев өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Би-Би-Си анын өзүнө байланышып, облустагы соңку кырдаал тууралуу сурады.
Балбак Түлөбаев: Негизинен кырдаал туруктуу эле. Менин ордума биринчи орун басарым ишке киришти. Жаңы өкмөт, жаңы бийлик келгенче иштей бергиле деп сүйлөштүк. Эпидкырдаал эки райондо оор болуп турат. Эл топтолуп жаткандыктан эпидкырдаал оорлошуп кетиши мүмкүн.
Би-Би-Си: Кызматтан өз ыктыярыңыз менен кеттиңизби же сизди мажбурлаштыбы?
Балбак Түлөбаев: Үч-төрт райондун жаштары келип, кызматыңызды уланта бериңиз деп суранышты. Бирок мен моралдык укугум жок деп, арызмды жазып бердим.
Ошто митинг башталды
Ош шаарындагы негизги аянтта “Биримдик” партиясын колдогондордун митинги өтүүдө. Чыгып сүйлөгөндөр бийликти күч менен кетирүүгө каршы пикирлерин айтып жатышат.
Видеонун түшүндүрмөсү, Ошто митинг башталды Бишкектеги демонстрация учурунда бир киши каза тапты
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Би-Би-Сиге билдиргендей, 590 киши жаракат алды, 150сү ооруканага түшкөн, бир киши каза тапты. Азырынча анын аты-жөнү белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
