Кыргызстандагы создуккан саясий кризис

Саясий топтордун тиреши күчөп, Бишкектин борборунда карама-каршы митингдер уланууда. Кыргызстанда бийлик үчүн күрөш курчуп турган учурда башка бирөөнүн менчигин тартып алуу, талап-тоноо, байлык мүлктү кайра бөлүштүрүү аракеттери болуп жатат.

Түз алып баруу

  1. Улуттук банк чет өлкөгө акча которуу системаларын токтотту

    Улуттук банк чет өлкөгө акча которуу системалары токтоп турганын билдирди.

    "Акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук төлөм системаларынын, ошондой эле чек ара аркылуу төлөмдөрдүишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системаларынын иши токтотулду",-деп айтылат Улуттук банк тараткан билдирүүдө.

    Андан тышкары Улуттук банк коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына жабык турууга сунуштады.

    Акча

    Сүрөттүн булагы, nbkr.kg

  2. Президент Жээнбеков: Бириккен аракеттер менен азыркы абалдан чыгабыз

    Президент Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

    “Мен баардык тараптарга сабырдуулук, токтоолук каалайм. Мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга чакырам. Мыйзам талаасына кайтып, ынтымак менен бул абалдан чыгалы”,-деп айтты президент кайрылуусунда.

    Президент Жээнбеков демонстранттарга каршы күч колдонбогонун жана өзгөчө абал киргизүү жарлыгына кол коюудан баш тартканын айтты.

    Жээнбеков

    Сүрөттүн булагы, president.kg

  3. “Кыргыз көмүр” ишканасынын кеңсесин ээлеп алуу аракети

    Бүгүн элүү чакты адам “Кыргыз көмүр” ишканасынын офисин ээлеп алууга келди. Алар бул мамлекеттик ишкананын башкы директорунун кызматтан кетишин талап кылышты. Ишкананын жетекчилиги укук коргоо органдарына кайрылып, келгендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атып аларды араң токтотту. Бул жөнүндө аталган ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотпекова билдирди.

    Анын айтымында, азыркы учурда Кара-Кече көмүр кенинде кырдаал туруктуу, күнүгө 200 машина көмүр жүктөлүп чыгып атат.

    "Кыргыз көмүр" ишканасынын кеңсесин ээлеп алуу аракети

    Сүрөттүн булагы, "Кыргыз көмүр" МИ

  4. Бишкектеги импичмент жана жаңыланууну талап кылган акция

  5. Милиция ишке чыкты, люстрация талап кылган жаштар

  6. Кыргызстанда бийлик кимдин колунда?

    Азыр буга так жооп берүү кыйын. Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков мурдагыдай эле кызмат ордунда. Бирок анын колунда мурдагы бийлиги жок.

    Кечээ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге берген маегинде өлкөдөгү абалды стабилдүүлүккө алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди. Ал мыйзамдуу түрдө коопсуздук тармагын көзөмөлдөп жатканын айтты. Анткени ИИМ жана УКМК жетекчиси жок калган.

    "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер, белгилүү саясатчы Алмамбет Шыкмаматов кечээги маегинде, Башкы прокурордун кызматына дайындалганын кескин четке каккан.

    "Эч ким дайындалган жок. Азыр Башкы прокуратурада Жапыкеев отурат, мен эмес. Мен келип, ал жерде мыйзам бузуулар болбосун, имаратты талкалап жибербесин деп келдим. Башында прокуратура кызматкерлерин чогултуп айттым, иштегиле, ар кимиңер өз ишиңерди аткарып, мыйзамдуулуктан чыкпагыла деп айттым",-деди А.Шыкмаматов. .

    Демонстранттар өкмөт үйүн талкалагандан кийин, абакта жаткан жоон топ саясатчыларды бошотту. Алардын арасында Садыр Жапаров бар. Эми аны өкмөт башчылыкка көрсөтүп жатышат. Абактан бошогондор арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы да чыкты. Анын ичинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир топ киши бар.

    Демонстранттар

    Сүрөттүн булагы, Getty Images

  7. Бишкек: Люстрацияны талап кылган жаштар митингге чыкты

    Бишкек шаарында люстрацияны талап кылган жаштар митингге чыкты.

    Жаштар люстрацияны талап кылып Ала-Тоо аянтында демонстрациясын улантмай болду.

  8. Бишкектеги абал

    Бишкекте милиция кызматкерлерин жумушка кайтаруу аракети болууда.

  9. “Силердин кулуңар кайтып келди”: Мырзакматов Ошто

    Мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келди. Аны тарапташтары түн ортосуна чейин күтүп, аянттан кетпей турушту.

    Ал тарапташтары алдында чыгып сүйлөп, өлкөдө оор кырдаал түзүлүп турганына токтолду.

    “Бүгүн мамлекет мыйзам талаасынан чыгып кетти. Баарыбыз аракет кылып, мыйзам талаасына чыгышыбыз керек. 2010-жылы дагы ушундай болуп, кызмат талашышкан. Азыр да ошондой болуп жатыптыр. Кээ бир бузуку топтордун идеологиясын көрүп турам”,-деди Мырзакматов.

    Ал ошондой эле аймактын жиктелүүгө жол бербөөгө чакырды.

    Мелис Мырзакматов Кыргызстандын саясий айдыңында таанымал саясатчы. Убагында Ош шаарын өнүктүргөн чарбакер жетекчи, ошону менен бирге кылдат саясатчы катарында таанылган. Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы улуттук кагылышууларда ал улутчул саясатчы катары эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келген.

    2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр М.Мырзакматовго "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, келишимдер түзүлүп, анын жүрүшүндө мамлекетке ири суммада 29 млн сом зыян келген деп тапкан. Ал Кыргызстандан чыгып кетип, ага расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды саясий негизде деп, четке кагып келүүдө.

  10. Премьер менен ЖК төрагасы кызматтан кетти

    Бишкектеги "Достук" мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин жыйына 64 депутат катышып, жаңы төрага шайлады.

    Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков өз арызы менен кетти. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Мурдагы өкмөт башчы К.Боронов өз арызы менен кеткени айтылды.

  11. Жогорку Кеңеш жыйынга чогулган жок

    Жогорку Кеңештин “Достук” мейманканасында өтөт деп күтүлгөн кезексиз жыйынына кворум болбой калды. Ондөн ашык гана депутат келген. “Жыйын өтпөй калышы ыктымал. Жыйынга келген депутаттар башка депутаттарды кезексиз жыйынга келүүгө чакырышууда”,-деп кабарлады басма сөз кызматы.

  12. “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты

    “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратып, Борбордук шайлоо комиссиясынын добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин колдой турганын билдирди.

    “Бүгүн Ош шаарындагы митинг маалында биздин партиянын талапкери, Ош шаардык кеңешинин төрагасына кол салуу болду. Азырынча анын канчалык катуу ур-токмокко алынганы тууралуу бизде маалымат жок. Биз маалымат күтүп жатабыз. Биздин элибиз акылмандык менен ар дайым бардык маселелерди тынчтык жолунда чечип келген. Баарыбызга стабилдүүлүк жана тынчтык керек. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тынчтыкты сактоону жана ар бир жарандын ден соолугун баарынан бийик коет”,-деп айтылат билдирүүдө.

    Бүгүн эрте менен Ошто шаардык кеңештин төрагасы, шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Жапар Ормоновду аянттагы митингчилер сабап салышканы жөнүндө кабарлар чыккан эле.

    мекеним кыргызстан

    Сүрөттүн булагы, facebook

  13. К.Макеев: Ош шаарында мыйзам бузууларга жол берилген жок

    Оштун борбордук аянтында митинг уланууда.“Ата-Мекен” партиясынын талапкери Керим Макеев соңку абал тууралуу айтып берди.

  14. Ж.Акаев: ЖКны жыйынга чогултуу, бардык күчтөрдү бириктирүү аракетиндебиз

    Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев депутаттарды жыйынга чогултуп жатышканын билдирди. Ал бийлик менен оппозициянын байланышы жок экенин, сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн айтты. Ж.Акаев Би-Би-Сиге берген маегинде абал укуктук талаадан чыгып, көзөмөлдөн чыгып кеткенин кошумчалады.

    Видеонун түшүндүрмөсү, Ж.Акаев: ЖКны жыйынга чогултуу, бардык күчтөрдү бириктирүү аракетиндебиз
  15. Бозгундагы саясатчы Мелис Мырзакматов Стамбулдан Бишкекке келатат

    "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Бишкекке учак менен жолго чыкканы кабарланды. Бул жөнүндө Оштогу митинг учурунда мурдагы вице мэр Дастан Ходжаев билдирди.

    2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр М.Мырзакматовго “кызмат алабынан пайдаланган” деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, келишимдер түзүлүп, анын жүрүшүндө мамлекетке ири суммада 29 млн сом зыян келген деп тапкан. Ал Кыргызстандан чыгып кетип, ага расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды саясий негизде деп четке кагып келүүдө.

    Оштогу митинг
  16. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

    БШК 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул жөнүндө шайлоо органынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

    БШК мындай чечимди кандай негизде кабыл алганы жөнүндө түшүндүрмө берген жок. Бирок шайлоодо Форма-2 менен массалык түрдө добуш берүү, шайлоочуларды сатып алуу фактылары көп нааразылык жараткан себептер экени белгилүү.

  17. Жогорку Кеңеш “Достук” мейманканасында жыйынга чогулат

    Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “аппарат жетекчиси саат 16:00гө кезексиз жыйынга чогулууга депутаттырды чакырды” деп маалымат таратты.

  18. Сапар Исаков: Менин камалышым саясий буйрук болгон

  19. Д.Кадырбеков: Кыргызстан мамлекеттик төңкөрүштөрдүн тузагына түшүп алды, Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдер магистри Даниэль Кадырбеков Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга карата эл аралык реакцияга токтолду.

    Д.Кадырбеков: Эл аралык көз караштан караганда кадимки төңкөрүштөй эле көрүнүп атат. Себеби, азыркы нааразы болуп аткан саясий күчтөр 2015-жылы кудум эле ушундай ыпылас шайлоо аркылуу утуп келгендерге эч нааразы болбой эле, мандаттарын алып, шайлоону легитимдүү деп таанышкан. 2020-жылы өтүп жаткан шайлоо процессинде фундаменталдуу эчтеке өзгөргөн жок. Бардык оюнчулар админстративдик ресурс жана акча колдонуларын билишип шайлоого барышкан. Бирок өздөрүнүн күчтөрүн, орусча айтканда, ашыкча баалап алышкан деп ойлойм. Ошол үчүн өтпөй калышты, эми бул мыйзамдуулукка баш ийбестиктин жолу болуп атат деп ойлойм.

    Би-Би-Си:Сиз Кыргызстан мамлекеттик төңкөрүштөрдүн тузагына түшүп алды деген пикирди айтып, Африка континентин мисалга тартып жатасыз. Негиздеп берсеңиз?

    Д.Кадырбеков: Саясат танууда “coup trap” же төңкөрүш капканы деген түшүнүк бар. Бул көбүнчө баягы кедей мамлекеттерде боло турган нерсе. Африка континентин карасаңыз, жакырчылык болгон үчүн кыска убакыттын ичинде төңкөрүштөр боло берет. Бирок ар бир төңкөрүш болгон сайын экономиканын өсүүсүнө бөгөт коюлат дагы, өнүгүп-өсүү процесси токтойт. Анан кайра жакырчылыкка батып, кайрадан төңкөрүш орун алып, бул цикл процесстен чыга албай атышат. Көп өлкөлөр мамлекеттүүлүк кура албай, мындай капкан ичинде калган.

    Би-Би-Си: Кыргызстанда бийликти тынч өткөрүп берүү ишке ашпай жатканынын себеби эмнеде?

    Д.Кадырбеков: 2010-жылы мен ойлодум эле, бул “төңкөрүш капканынан” чыгууга саясий лидерлерибиз акылдуулук кылып, оюн эрежелерин өзгөртпөстөн демократия курганга аракет кылышат го деп. Демократияда утулгандар болот, жеңилгендер да болот. Бизде көп саясатчылар утушту кабыл ала албайт экен. Бул эми эволюция менен келип үйрөнө турган нерсе. Бирок биз ал эволюцияга барбай да калышыбыз мүмкүн. Себеби, мен айткандан капкандан чыга албай, билим-илим, прогресс деген токтойт да. Бул адатка айланып калса, мындай абалдан чыгыш кыйын.

    Би-Би-Си: Азыркы саясий кырдаалдан чыгуунун мыйзамдуу жолу кандай?

    Д.Кадырбеков:Азыркы кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган саясий күчтөр ойлонуп туруп, мамлекеттүүлүгүбүздүн кызыкчылыгына туура келген чечимдерди кабыл алышы керек. Себеби, 900 миңден ашык жаран шайлоодо добушун берди да. Аларга кантип түшүндүрөбүз, бул партиялар өтпөй калганына нааразылык болуп атат, силердин добуш эсептелбей калды деп түшүндүрүш керекпи? Мындай нерсе нонсенс. Тополоң салып аткан партиялар мамлекеттин келечегин ойлоп, конституционалдык институттардын өз ишин улантууга жол бериши керек.

    Даниель Кадырбеков