Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Атамбаев 26-августка чейин убактылуу абакта кармалат деп билдирди. Мурдагы президенттин адвокаты Атамбаевди кармоо учурунда процессуалдык нормалар бузулганын маалымдады.
Түз алып баруу
Коопсуздук кызматкерлери ИИМдин алдында чогулууда
Коопсуздук
кызматкерлери ИИМдин имаратынын алдында чогулууда. Аймактагы кабарчыбыз милиция
союл, калкан жана каскаларды кийген. Ошондой эле аймактагы кабарчыбыз ИИМдин
имаратынын алдында автобустар турганын айтты. Коопсуздук кызматкерлери
Кой-Таш айлынын айланасында дагы турганын кабарчыбыз маалымдаган.
“Апрель” телеканалы атайын даярдыктагы аскерлер сабалганы тууралуу маалымдады
“Апрель” телеканалы атайын даярдыктагы
аскерлер сабалганы тууралуу маалымдады. Телеканалдын эфири чыкпай калды. Бирок коомдук сайттар аркылуу берүүлөрүн чыгарып жатат.
Атайын даярдыктагы аскерлер Кой-Ташты көздөй жылдыбы?
Тастыктала элек
маалыматтар боюнча Кой-Таш айылы көздөй атайын даярдыктагы аскерлер жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Атамбаевдин тарапкерлери дагы айтууда. Атайын даярдыктагы аскерлер
Атамбаевдин үйүндө курчоого калган коопсуздук кызматкерлерине жардам көрсөтөт деп айтылууда. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазып чыкты.
Атамбаевдин тегерегиндеги окуялар боюнча Путиндин маалыматы бар
Кремлдин басма сөз кызматы Атамбаевдин тегерегиндеги окуялар боюнча Путиндин маалыматы бар экенин айткан.
Сүрөттүн булагы, WWW.KREMLIN.RU
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан
27-июнда Жогорку Кеңеш
Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан эле. Анын иши боюнча парламентте
маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев өлкөнү
башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор
залака келтирген деп билдирген. Ошондой эле ал мурдагы президенттин ишинде оор
кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айткан эле. Атамбаевдин
Кой-Таштагы үйүндө бир нече аптадан бери тарапташтары чогулуп, бийликке
нааразылык билдирип жаткан.
Буга чейин Ички иштер
министрлиги Атамбаевди күбө катары үч жолу суракка чакырып, бирок ал барбай
турганын ачык айткан. Анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды
одоно бузуу менен мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл
алганын айтып, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын билдирген
эле.
Бишкектен бир нече
чакырым аралыктагы Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө анын тарапташтары
атайын штаб уюштурган. Күн сайын кечинде Атамбаев тарапташтары менен жолугуп
жаткан.
24-июнда Атамбаев
Канттагы Орусиянын авиабазасынан атайын борт менен Москвага учуп барып келди.
Аны бир нече тарапташы узатып келген эле. Москвада орус президенти Владимир
Путин менен жолукканы белгилүү болгон.
"Биз региондогу
жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча сүйлөштүк", -деген эле Путин.
Сүрөттүн булагы, B.STAMKULOFF
Атайын бөлүктүн аскери сабалды
Айрым басылмалар Атамбаевди кармоо операциясын өткөрүп жаткан атайын бөлүктүн эки жоокери чогулгандар тарабынан сабалып, бирөө качып кеткени тууралуу жазып жатат. Журналист Мирбек
Айтикеев коомдук сайттагы баракчасына Атамбаевди кармоо үчүн келген атайын
кызматтын жоокерлери үйдө камалып калганын айтып жатат.
Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотту
Президенттин расмий сайты Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке жөнөгөнүн кабарлады. Президент 5-августта эмгек өргүүсүнө чыккан эле
Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Фарид Ниязов: Атамбаев кармалган жок
КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов Атамбаев үйнүн
ичинде экенин билдирди. Ал спецназ Атамбаевдин "үйүнө кирип күч колдонгонун,
бийлик мыйзам талаадан чыкканын" айтты.
Саламаттыкты сактоо министрлиги беш кишини ооруканага алып келингенин ырастады
Кечке маал Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө куралчан күч кызматкерлери жүргөнү тууралуу коомдук сайттарда түз эфир аркылуу интернетте тасмалар тараган. Окуя болгон жерден кабарчыбыз билдиргендей, Атамбаевдин үйүнүн жанына кишилер жыйналууда, жолдорду бууп, бак-дарактар менен тосуп жатышат.
Чогулган кишилер Атамбаевдин үйүнө кирүүгө аракет кылып жатышат. Ичинен үн күчөткүч граната сыяктуу жарылуулардын үнү угулуп жатат,-деди кабарчыбыз. Окуяга болгон жерге "Тез жардам" унаалары барды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги беш кишини ооруканага алып келингенин ырастады.
Атамбаевдин үйүнүн бир бурчу күйүп жатат
Соңку кабарларга
караганда Атамбаевдин үйүнүн бир бурчу күйүп жатат. Анын тарапташтары үйгө
кирүүгө аракет кылууда. Атайын бөлүктүн кызматкерлери үйдүн экинчи кабатында
Атамбаевдин жанында деп айтылды.