ЖК депутаты Жанарбек Акаев “Фейсбук” баракчасына “учурда депутаттар өз ара
сүйлөшүп, эртең чукул жыйынга чогулууга кам көрүп жатабыз”,-деп жазды.
“Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптардын кагылышына
жол бергени үчүн эртеңден калбай күч органдарынын бардык жетекчилери кызматтан
кетиши керек. Бийлик дагы, Атамбаев
дагы биринчи орунга тынчтыкты, жөнөкөй жарандардын коопсуздугун, элдин
ынтымагын коюшу керек, а саясий тирешүүнү эмес! Милиция да кыргыздын балдары,
Атамбаевди коргогондор да биздин жарандар, мындай тирештер жакшылыкка алып
келбейт экенин мен 2010-жылы апрелде Таласта өзүм күбө болгом. Кандай учур
болбосун, күч колдонуу ыкмасын тандоо өтө жаңылыштык, бардык тараптар үчүн.
Атамбаев дагы мыйзамга баш ийип, аялдар менен жаштарды курал катары колдонуп,
керт башын сактоонун амалын ойлобой, тергөөгө өзү барууга даяр экенин азыр
билдириши керек. Учурда депутаттар өз ара сүйлөшүп, эртең чукул жыйынга
чогулууга кам көрүп жатабыз”.