You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Украина-Россия согушу: Украин качкындарынын саны бир миллионго жетти

Бириккен Улуттар Уюмунан айтышкандай, бүгүнкү күндө Украинадан кошуна мамлекеттерге качып барган адамдардын саны бир миллионду түздү.

Түз алып баруу

  1. ФСБ: Орусия чек арасында украин чек арачылары калган жок

    Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын айтымында, орус-украин чек арасындагы бекеттерден Украинанын аскерлери чыгып кетти.

    “Саат 13:00гө карата чек арадагы бекеттерден Украинанын бардык чек арачылары чыгып кетти”,- деди атайын кызмат.

    Украина тарап бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

  2. Украин армиясы тарабынан кармалган орус аскерлери

    Украин армиясы тарабынан орусиялык айрым аскерлер кармалганы жөнүндө маалыматтар жарыяланды. Кармалган аскерлердин көкүрөгүндө Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык белги турат. Алар 91701 Ямполь мотоаткычтар полкунун аскерлери деп айтылууда.

  3. Орусия жана Украина: согуштун негиздери

    Дүйнө бүгүнкү күндөгү окуяларга көнүшө баштаган чакта согуштун өзөгү жөнүндө негизги маалыматтар төмөнкүчө.

    Украина Европанын чыгыш чек арасында Орусия менен чектеш жайгашкан. Украина аянты боюнча Европадагы экинчи ири мамлекет. Ага дүйнөдөгү эң чоң Орусия өлкөсү басып кирди.

    Украинанын калкы болжолдуу 44 млн кишини түзсө, Орусияныкы 144 млн.

    Орусиянын президенти Владимир Путин максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин билдирди.

    Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшүүгө сөз берди: “Биз күчтүүбүз. Биз баарына даярбыз”.

    Мурда Советтер союзуна кирген Украина Орусия менен терең социалдык жана маданий байланыштары бар. Өлкөдө орус тили кеңири жайылган.

    Украинанын орусиячыл президенти 2014-жылы бийликтен кулаганда Орусия Украинанын бир бөлүгүн басып алган. Ошондон бери Украина Европа институттарын көздөй, тагыраак айтканда, Евробиримдик менен НАТОго кадам таштап келатат. Орусия болсо интеграцияны болтурбоону каалап жатат. (EA)

  4. Украинанын аскердик чалгын кызматынын штаб-квартирасында кара түтүн

    Киевдин борборунда жайгашкан Украинанын коргоо министрлигинин чалгын кызматынын штаб-квартирасынан кара түтүн чыгып жатат.

    Украина билдиргендей, айрым аскердик борборлору бүгүн эртең менен орус ракеталарынын чабуулунан жабыр тарткан.

    Бул туурасында толук маалымат алганыбыздан кийин кененирээк айтып беребиз.

  5. НАТОнун башкы катчысы Россияны Украинадагы согуштук операцияны токтотууга чакырды

    НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россияны Украинадагы согуштук операцияны токтотуп, сүйлөшүүлөр жолуна өтүүгө чакырды."Биз Россияны согуштук аракеттерди дароо токтотууга, Украинадан өзүнүн күчтөрүн чыгарып кетүүгө жана дипломатия жолун тандап алууга чакырабыз",-деди Столтенберг Брюсселдеги басма сөз жыйынында.

  6. “Бомбалоодон ойгондум”

    Украинанын түндүк-чыгышында 1,4 млн калкы бар Харьков шаарында жашаган Виктория Вота таңкы 5те “бомбанын дабышынан” ойгонгонун бизге айтып берди.

    “Кошуналарым эшигимдин коңкуроосун каккылап, үйдөн чыгууну, балким шаардан эвакуация болушубуз мүмкүн экенин айтышты”.

    Бирок ал кошумчалагандай, өкмөт аларга мүмкүн болсо үйдө калууну айткан.

    “Эвакуациялоо канчалык коопсуз экенине ишенбей турабыз”, — дейт ал. Ал армия “колунан келгенин жасап жатат” деди.

  7. НАТО Чыгыш Европадагы аскерлеринин санын көбөйтөт

    НАТО Орусиянын Украинадагы аскердик операциясына байланыштуу билдирүү жарыялады. Анда аскердик альянс Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кошумча күчтөрдү жөнөтүүгө ниеттенип жатканы айтылат.

    “Орусиянын аракеттери Евро-Атлантикалык коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруп жатат. Анын геостратегиялык кесепети болот. НАТО өзүнүн шериктештеринин коопсуздугу жана аларды коргоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүүнү улантат. Биз альянстын чыгыш чегине кошумча жердеги жана абадан коргонуу күчтөрүн жөнөтүп жатабыз. Ошондой эле флотту бекемдейбиз. Биз кандай гана күтүүсүз кырдаал жаралбасын баарына күчтөрүбүздүн даярдыгын жогорулаттык”.

    НАТО Орусиянын аракеттерин жерип, Украинадагы операция эл аралык укукту бузарын билдирди.

    “Биз Украинанын элин жана анын демократиялык жол менен шайланган мыйзамдуу президентин, парламентин жана өкмөтүн колдойбуз. Биз ар дайым Украинанын эл аралык деңээлде таанылган аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдойбуз”, — делет билдирүүдө.

  8. Украина Орусиянын чабуулуна туш болду

    Орусиянын күчтөрүнүн кол салуусунун натыйжасында, Украинанын ири шаарларынын жанында ракетадан чабуул уюштурулганы жана жарылуулар болгону кабарланды.

    Кайсы жерлерде чабуул болуп жатканы жөнүндө азыр аябай көп маалыматтар чыгууда. Социалдык медиадан айрым видеолорду көргөн болушуңуз мүмкүн. Биз ал видеолорду чыгаруудан мурда текшерип карап жатабыз.

  9. Согуш башталгандан кийинки биринчи сааттагы Украинанын шаарлары

    Россия бүт Украина боюнча объектилерди аткылай баштады, анын ичинде Киев менен Харьковдогу буталарга 24-февралда эртең менен сокку урду. Орус аскеринин украин аймагына басып киргени, согуш жүрүп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө. Россиянын Коргоо министрлиги шаарларга эмес, аскердик объектилерге гана сокку уруп жатканын айтууда. Владимир Зеленский бүт өлкө боюнча өзгөчө абал киргизди жана Россия менен дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн жарыялады.

  10. Тургундар Киевден кетип жатышат

  11. Чукул кабар, Украинанын аскерлери Мариуполду толугу менен көзөмөлгө алганын айтууда

    Орусиянын коргоо министрлиги украин аскерлеринин коргоо күчтөрүн бузуп өтүп, өлкө аймагына тереңдеп кирип барганы жөнүндө жарыялагандын артынан эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный окуя туурасында өзүнүн версиясын билдирди:

    “Украинанын коргоо күчтөрү орус агрессорунун чабуулун кармап турат. Каршылаштар Черниговщинада токтотулду.

    Харьков багытында жана Бириккен күчтөрдүн операциясы жүрүп жаткан аймакта оор салгылаш жүрүүдө. Биздин аскердик күчтөр Мариуполь жана Счастье шаарларын толугу менен көзөмөлгө алды.

    Херсон багытында кырдаал оор, ошого карабастан Украинанын коргоо күчтөрү агерссорго туруштук берип жатат”.

    Андан тышкары, Украинанын күчтөрү Счастье жергесинин чет жакасында болжолдуу 50 орус аскери каза болгонун айтууда. Бирок Орусиянын коргоо министрлиги ал маалыматты ырастаган жок.

  12. Борис Жонсон: "Бул биздин континент үчүн кырсык"

    Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бейшембиде Украинадагы кырдаал боюнча калкка кайрылуу жасайт.

    "Бул биздин континент үчүн кырсык" - деп жазды Жонсон "Твиттерге". - Мен бүгүн Украинага Россия басып киргенине байланыштуу элге кайрылуу менен чыгам. Мен ошондой эле Жетиликтин лидерлери менен сүйлөшүп, НАТОну лидерлердин жолугушуусун тез өткөрүүгө чакырып жатам".

  13. Кол салуу жөнүндө биз эмнелерди билебиз?, Түз обого жаңыдан эле кошулуп жаткан болсоңуз, ушул саатка карата соңку маалыматтар төмөнкүчө:

    • Москва сааты менен 05:55те Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн телекайрылуусунда Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында “аскердик операция” башталганын жар салды
    • Путиндин айтымында, Орусия өзүн коргоп жатат жана Украинаны демилитаризация, денацификация кылмакчы. Ал украин аскерлерин курал-жарактарын таштоого чакырды. Ал Орусияга каршы сырттан кийлигишүүгө “ыкчам” жооп болорун айтты
    • Орусия Украинанын инфраструктурасына ракета менен сокку урганын айтты Украина. Украина Орусиянын учагын атып түшүргөнүн билдирди, аны Москва четке какты
    • Аскерлер жана танктардын кербени Украинага ар тараптан кирип барган. Бир конвой борбор Киевдин түндүгүнө Беларус тараптан кирген. Дагы бир конвой түштүктөгү Крым жактан барган. Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялаган
    • Бери эле дегенде сегиз киши каза болгону айтылууда. Украина президентинин администрациясы орус операциясынын натыйжасында 40тан ашуун украин аскери набыт болгонун билдирди
    • Украинада аскердик кырдаал жарыяланды. Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба кыйратуучу санкцияларды салууга чакырды, анын ичинде Орусияны эл аралык Swift акча жөнөтүү системасынан чыгаруу да бар
    • Мунайдын бир баррелинин баасы соңку жети жылда биринчи жолу 100 доллардан ашып кетти. Орус рубли долларга жана еврого карата рекорддук деңгээлде түшүп кетти
    • Дүйнөлүк лидерлер аны жеришти: АКШнын президенти Жо Байден согуш “катастрофалык адам курмандыктарына” алып барарын айтты
  14. ЛЭРдин элдик милициясы украиндердин радиолокациялык станциясын жок кылышты

    Луганск элдик республикасынын милициясы бейшембиде Сватово кыштагындагы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн радиолокациялык станциясын жок кылышканын билдирүүдө. Станция авиациянын соккусу менен талкаланганы телеграм-каналда кабарланды.

    Луганск республикасынын башчысы Леонид Пасечник бейшембиде эртең менен анын күчтөрү өздөрүнүн убактылуу оккупацияланган аймактарын бошотуу операциясын баштаганын, аскердик техника жана курал топтолгон жерлерге өзүнчө мээлеп сокку уруп жатышканын билдирген. (КС)

  15. Минск: Лукашенко орус-украин сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө чакырды

    Беларусь президенти Александр Лукашенко Минск шаарында Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрүн уюштурууга даяр экенин билдирди. Эгерде так чечимдер боюнча сүйлөшүү өтө турган болсо, Орусия бул сүйлөшүүгө катышат дейт Лукашенко.

    “Ооба, алар Украинага карата катаал болушат. Бирок бүгүн жеңилип калсаңчы? Албетте, жеңүүчү сага бир нерсени таңуулайт. Бирок реалист бололу: албетте, алар бир нерсени таңуулайт, бирок бул Украинанын согушта жеңилгенине караганда жакшыраак”, - деп Лукашенконун айтканын БелТА агенттиги жазды.

  16. Украина Россия менен дипломатиялык мамилесин үздү

    Россиянын аскери басып киргенден кийин Украина Россия менен дипломатиялык мамилесин үздү деп билдирди президент Зеленский.

    "Бул таң тарыхта калды, бирок ал биздин өлкө жана Россия үчүн эки башка. Биз Россия менен дипломатиялык мамилелерди үздүк. Москвада эмне деп гана ойлошпосун, Украина коргонууда жана өзүнүн эркиндигин бербейт",-деди Зеленский бейшембидеги брифингде. (КС)

  17. Зеленский: Россиянын оккупант аскери чоң жоготууга учурады

    Президент Владимир Зеленский Россиянын оккупациялык аскери Украинанын аймагында чоң жоготууга учурады, согуш уланууда, деп билдиргенин "Интерфакс-Украина" кабарлады.

    "Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасста жана чыгышта, түндүктө жана түштүктө, башка региондордо чабуулдун мизин майтарып, оор согушту жүргүзүп жатат. Душман олуттуу жоготууга дуушар болду, алардын жоготуусу дагы көп болот. Алар биздин жерге келишти",-деген Зеленский бейшембидеги брифингде. (КС)

  18. Кыргыз парламентинде улуттук кызыкчылык жөнүндө чакырык айтылды

    Украинанын чыгышында орустардын аскердик операция баштаганы жөнүндөгү кабарга кыргыз парламентиндеги айрым депутаттардан реакция болду, бирок улуттук кызыкчылык жана эл аралык укукту карайлы деген жалпы сөздөн башка конкреттүү сунуштар айтылбады.

    “Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу болуп көрбөгөндөй күчтүү болуп турат. Аталган кризис сөзсүз түрдө дүйнөнүн бардык мамлекеттерине түз же кыйыр таасирин тийгизет. Экономикалык жагдай болобу же укуктукпу, социалдыкпы. Андыктан биздин мамлекет эң биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын жана дүйнөлүк укуктук ченемдик актылар, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган принциптерди эске алуу менен кадимкидей өзүнүн күнүмдүк турмушун уланта бериши керек. Мындай жагдайда Англиянын эң белгилүү ишмери, дүйнөлүк масштабдагы эң авторитеттүү мамлекеттик ишмерлердин бири Уинстон Черчиллдин айтканы бар: тышкы саясатта Англиянын түбөлүктүү достору жок, түбөлүктүү гана кызыкчылыктары бар деген. Мен ойлойт элем, ушундай жагдайда, ушуга окшош башка жагдайларда биз эң биринчи кезекте Кыргызстандын алты миллион калкынын кызыкчылыгын эске алуу менен өзүбүздүн ишибизди уланта беришибиз керек”,-деди “Ишеним” фракциясынын атынан чыгып сүйлөгөн депутат Алиев Медер. (КС)

  19. Литвада өзгөчө абал киргизилүүдө

    Литванын президенти Гитанас Науседа Россиянын аскеринин Украинага басып киргенине байланыштуу өзгөчө абал киргизүүдө. Бул жөнүндө президент Коргонуу боюнча мамлекеттик кеңештин жыйынынан кийин билдирди. Эми бул чечимди Сейм кезексиз сессияда бекитиши керек. (КС)

  20. Польша Украинадан качкындарды кабыл алууга даярдык көрүп баштады

    Польшанын бийликтери өлкөнүн Украина менен чектешкен эки регионунда качкындарды кабыл алуу бекеттерин ачууда. Бул жөнүндө бейшембиде "Плюс" радиосунун эфиринде ички иштер министринин орун басары Павел Шефернакер билдирди.

    "Жакынкы бир нече саатта Люблинск жана Подкарпатск воеводаларында Польша-Украина чек арасында бөлүштүргүч пункттар пайда болот",-деди ал.

    ИИМдин өкүлүнүн айтымында, бул Украинадан качкындарды кабыл алуунун алдын ала даярдалган планынын негизинде болуп жатат. (КС)