Орус бийликтери
британ учактарын Орусияга кирүүсүнө чектөө киргизди. Бул окуя Улуу Британия “Аэрофлотко”
каршы санкцияларды киргизип, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин болуп
отурат.
“Росавиациянын”
айтымында, өлкөнүн аймагында чектөөлөр “Улуу Британия менен байланышы бар же
Улуу Британияда катталган адамга таандык, ижарага алынган учактар үчүн”
киргизилүүдө.
Чектөөлөргө
ошондой эле “Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу транзиттик каттамдар үчүн да” киргизилди.
Теориялык жактан алганда, британиялык авиакомпаниялар Азия өлкөлөрүнө учууда
көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн.
“Росавиациянын”
айтымында, 25-февралда британ компаниялары Орусиянын аба мейкиндигине 70 транзиттик
рейс жана Лондон-Москва багыты боюнча эки рейс аткарганы жаткан.
Орусия бул аракет
Британиянын санкцияларына жооп деп айтып жатат.
Расмий Москва Лондонго
консультация өткөрүүнү сунуштаган, бирок терс жооп алган, деди агенттик.