You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Украина-Россия согушу: Украин качкындарынын саны бир миллионго жетти

Бириккен Улуттар Уюмунан айтышкандай, бүгүнкү күндө Украинадан кошуна мамлекеттерге качып барган адамдардын саны бир миллионду түздү.

Түз алып баруу

  1. Орусиянын 60 километрге созулган конвою

    Maxar Technologies спутник компаниясы тарабынан жаңыдан эле чыгарылган сүрөттөрдө Киевди көздөй бараткан Орусиянын 60 километрге созулган колоннасын көрүүгө болот.

    Аталган компаниядан айтышкандай, сүрөттөгү колонна Киевдин түндүгүндөгү Иванков шаарынан алыс эмес жерде тартылган.

  2. 28-февралдагы негизги окуялар:

    • Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсү дагы жолугушуу өтүшү мүмкүн деген жыйынтык менен аяктады
    • Сүйлөшүү жүрүп жатканда жана андан кийин Харьковдо жана Киевде массалык аткылоо жүрүп жатты
    • Киев расмий түрдө Евробиримдикке кирүү боюнча расмий арыз жазып, Евробиримдиктин сегиз мүчөсү аны колдоду
    • Орусияда согушка каршы кезектеги митингдер болуп, митингчилерди кармоо менен аяктады
  3. Украина: калемин куралга алмаштыргандар

    Киевде элге миңдеген курал-жарак таратылды. Жүздөн ашуун парламенттин депутаты да колуна курал алып, аймактык коргонуу отряддарына кошулуп жатышат.

    "Бул согуштан мен анча корккон жокмун. Басып алууну чексиз күтүү андан да коркунучтуу деп эсептейм",- дейт депутат Володимир Вятрович.

  4. Украина Абрамовичке тынчтык орнотууга жардам сурап кайрылды

    Беларуста Украина-Орусия сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан чакта, украинанын ырасмийлери Лондондо турган орусиялык миллиардер Роман Абрамовичке кагылышуудан "тынчтык жолу" менен чыгууга жардам сурап кайрылышканы белгилүү болду.

    Орусиялык миллиардердин пресс-катчысы Абрамовичге украиналык ырасмийлер кайрылышканын жана "ал андан бери жардам бергенге аракет кылып жатканын" айтты.

    Мындан мурун Роман Абрамович АКШ, Евробиримдик, Британия киргизген бир дагы санкциялык тизмеге илинбегени белгилүү болгон.

  5. Чукул кабар, Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү башталды

    Орусия менен Украинанын расмийлери сүйлөшүүлөрдү баштады. Маалымат агенттиктери сүйлөшүү башталганда түз эфирге чыкты, бирок жолугууну тартууга тыюу салынды. Беларустун тышкы иштер министрлиги жыйындын бардык катышуучуларына коопсуздук кепилденет деп билдирген.

    Беларусь президенти жолугушуунун жыйынтыгында бардык кризистик маселелерди чечүү мүмкүн болот деп үмүттөнөт.

    Украин делегациясынын курамында “Слуга народа” партиясынан парламенттик фракциядагы башчысы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников жана Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк бар.

    Орус делегациясын Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп, анын курамында тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин жана депутат Леонид Слуцкий бар.

    Жолугушуу Украина-Беларусь чек арасына жакын жерде өтүүдө. Коопсуздук максатында жолугушуунун так жери айтылган жок.

  6. Евробиримдик Орусия учактарына аба мейкиндигин жапты

    Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен: "Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин Орусияга таандык, Орусияда катталган же Орусия көзөмөлдөгөн учактар үчүн жаап жатабыз" - деди.

    Эми мындай учактардын баары, анын ичинде олигархтардын жеке учактары, Евробиримдиктин кайсы бир өлкөсүнүн үстүнөн уча албайт жана аларга коно албайт.

    Орус учактарына Улуу Британиянын аба мейкиндигине дагы кирүүгө тыюу салынды.

    Орусиянын эң ири авиакомпаниясы Аэрофлот жекшемби күнү жооп катары Европа өлкөлөрүнө бардык каттамдарын токтоторун билдирди. Мындай чечимге чейин эле Европа өлкөлөрү биринин артынан бири аба мейкиндигин жаап жаткан болчу.

    Германия дагы өз мейкиндигин үч айга жабарын билдирди.

    Жекшемби күнү Москванын Домодедово жана Шереметьево аэропортторунун Парижге, Венага жана Калининградга болуучу ж.б. ондогон каттамдар жокко чыгарылды. Орусиянын S7 Airlines авиакомпаниясы Фейсбукта Европанын көптөгөн багыттарына каттамдарын жок дегенде 13-мартка чейин токтоторун билдирди. Орусия анын учууларына тыюу салган өлкөлөргө катуу чектөөлөр менен жооп кайтарууда.

  7. Зеленский: Украина Евробиримдикке дароо кошулууну каалайт

    Президент Владимир Зеленский Евробиримдикке кайрылып, аталган биримдикке жаңы шартта Украинаны тезинен кошуу өтүнүчү менен чыкты.

    “Биз тарапта болгон өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Бирок биздин максатыбыз бардык европалыктар менен бирге болуу жана тең укуктуу болуу”,- деп айтылат Зеленскийдин видео кайрылуусунда.

    Президент бул мүмкүн экенин жана бул адилеттүү экенин кошумчалады.

    Зеленский украин аскерлери өз мамлекети үчүн, демек бүткүл Европадагы тынчтык, теңдик жана демократия үчүн күрөшүп жатканын европалыктар билишет деп ишенет.

    Бир күн мурун Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляен Украина Евробиримдикке таандык экенин жана аталган биримдик убакыттын өтүшү менен өлкөнүн кошулушун каалай турганын айткан.

  8. БУУнун Башкы ассамблеясы Украинага байланыштуу резолюция кабыл алат

    БУУнун Башкы ассамблеясы дүйшөмбү күнү Орусиянын Украинага кол салышын кезексиз жыйынында талкуулап, көпчүлүк добуш менен Орусияны айыптайт деп күтүлүүдө.

    Жекшемби күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезексиз жыйынын чакыруу чечимин БУУнун коопсуздук кеңеши кабыл алды. Коопсуздук кеңешинин 11 мүчөсү сессияны чакырууга макул болду, Орусия каршы добуш берди, Кытай, Индия жана Бириккен Араб Эмираттары добуш берүүдөн карманууда.

    БУУнун Башкы ассамблеясынын мындай кезексиз жыйыны акыркы 70 жылдан бери 11-ирет өтүүдө.

    Жума күнү Орусия Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ туруктуу мүчөсү катары аны айыптаган резолюцияга бөгөт койгон. Ал эми Орусия Башкы ассамблеяны чакыруу чечимине регламентке ылайык тоскоолдук кыла алган жок.

  9. Бишкек: Украинадагы окуяларга тынчсыздануу

    Баш калаа Бишкекте жайгашкан Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги алдына эки жүздөй активист чогулуп, Украинаны колдоо акциясы өтүүдө.

    Митингдин катышуучулары колдоруна "Кыргызстан Украина менен", "Согушту токтоткула!", "Путин агрессор" деген плакаттарды кармап алышкан.

    Акцияга катышып жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан азыркы окуяларда нейтралдуу позицияны карманышы керек.

    "Дүйнөлүк коомчулукка жаман көрүнбөшүбүз керек. Бийлик оор абалда турат, бирок коомчулук өз позициясын билдиргени кубандырат", - дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

    Бүгүн БУУ Орусиянын Украинага кол салышы боюнча резолюция кабыл алат. Кыргызстан кандай позицияда болоору күмөн дейт саясатчы Клара Сооронкулова:

    "Азыркыга чейин Кыргызстандын позициясы анык болбой келди. Бүгүн БУУ жыйынында билинет. Кыргызстан Орусиянын чоң кысымы алдында турат. БУУ резолюциясы кабыл алынып жатканда Кыргызстан Орусияна колдоп коюшу толук мүмкүн. Биз уят болуп калышыбыз мүмкүн".

    Украина окуяларынан улам долларга карата орус рубли менен бирге кыргыз сому кунун жоготууда. Бул Орусияда эмгектенген миграттарга чоң таасир бериши мүмкүн. Кыргызстандын өзүндө товарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баа көтөрүлүп, жазгы талаа иштеринин алдында өкмөт антикризистик программа иштеп чыгышы керек, дейт адистер.

  10. Германия коргонууга 100 миллиард евро киргизет, орус газынан көз карандылыкты азайтат

    Германиянын канцлери Олаф Шольц жекшемби күнү Бундестагдын кезексиз жыйынында Германиянын Орусияга карата саясатында өзгөрүү болгонун жарыялады. Эми Германия армияга олуттуу инвестиция сала баштайт, ошондой эле орус газына көз карандылыктан кутулуу жолдорун издейт.

    Олаф Шольцтун айтымында, Орусиянын Украинага чабуулу тарыхта бурулуш болду, Германия өзүнүн жана союздаштарынын коопсуздугун камсыздоого болгон мамилесин кайра карап чыгышы керек.

    Ошондуктан Шольц өкмөтү быйыл куралдуу күчтөргө дароо 100 миллиард евро жумшайт жана мындан ары коргонууга НАТОдо белгиленген нормадан кем эмес - ИДПнын 2% жумшайт.

    Буга чейин Германия куралдуу күчтөргө жылына 53 миллиард евро бөлүп келген, бул ИДПнын 1,5% түзөт.

    Шольц ошондой эле Германиянын орус газына болгон көз карандылыгын азайтууда суюлтулган жаратылыш газын алуу үчүн деңизде эки терминал кура турганын айтты.

  11. Москва биржасында сооданын башталышы дагы 5 саатка жылдырылды

    Россиянын Борбордук банкы, дүйшөмбүдө Москва биржасында соода саат 15:00дөн (МСК) эрте башталбай турганын билдирди.

    Буга чейин Борбордук банк сооданын башталышын 9:30дан саат 10:00гө жылдырган.

    Батыш өлкөлөрү киргизген экономикалык санкциялардан улам дүйшөмбүдө Москва биржасында рублдун курсу жана орусиялык фонддор базарынын кулашы күтүлүүдө.

    РББ буга чейин фонддор базарын кулатпай кармап калыш үчүн орусиянын баалуу кагаздарын чет өлкөлүктөргө сатканга убактылуу тыюу салган.

  12. Евробиримдик Украинага согуштук учактарды бере алат

    Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Украинага Евробиримдиктин 450 миллион евролук жардам топтомун жарыялап жатып, Украина ЕБ жана НАТОнун айрым өлкөлөрү менен аскердик учактарды алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

    Боррелдин айтымында, Украинанын учкучтары колдоно ала турган учактарды Евробиримдик өлкөлөрүнөн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба сураган.

    Эски советтик үлгүдөгү учактар ​​Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө бар.

    Учак алуу ​​ боюнча сүйлөшүүлөр деле уланып жатат, эгер ийгиликтүү болсо, Евробиримдиктин ар бир өлкөсү аларды жардам топтомунун бир бөлүгү катары эмес, өз-өзүнчө жеткирери айтылууда.

  13. 27-февралдын корутундусу – Беларустан атуулар жана Европанын санкциялары, Эң негизги учурлар

    Жекшемби күнү кечинде Украинанын ири шаарларында сиреналар кайрадан жаңырды. Украин тарап орус учактарын жана “Бук-М1” абадан коргонуу системасын жок кылганын билдирди.

    Болжол менен саат 15:50дө орус аскерлери Бердянскиге басып кирип, аталган шаарды көзөмөлгө алганын айтты. Украина муну тастыктады, бирок ал жерде аскерлери жок экенин билдирди.

    Украина менен Орусия сүйлөшүүгө макул болду, бирок Киев андан өтө чоң нерсени күткөн жок. Сүйлөшүүлөр бүгүн таңда уланат деп кабарланган эле.

    Украина Житомир аэропортуна ракеталык чабуул жасалганын айтып чыкты. Жекшемби күнү түштөн кийин болгон бул чабуул Беларустун аймагынан келди деди расмий Киев. Андан тышкары Киевдин Софиевская Борщаговка районуна, Запорожье жана Житомирге абадан сокку жасалганы айтылды.

    Беларусь булактардын айтымында, беларусь аскерлери Украинага басып кирүүгө даярданып жатат.

    Батыш өлкөлөрү улам санкция киригизип, Украинага жардамын улантууда. Евробиримдик өзүнүн тарыхында расмий түрдө биринчи жолу конфликт чыккан аймакка курал-жарак жеткире баштайт.

    Европа орусиялык маалымат агенттиктерин– RT жана Sputnik агенттигин толугу менен өчүрүүгө даярданып жатат. Британ премьер-министри Борис Жонсон Ofcom британ медиасын жөнгө салуучу органга кайрылып, Russia Today ишин этикалык талаптарга ылайык карап чыгууну тапшырды.

    Ошондой эле Евробиримдик өлкөлөрү өзүнүн аба мейкиндигине орус учактары, анын ичинде жеке менчик учактар дагы кирүүсүн токтото турганын жарыялады.

  14. Чукул кабар, Рубль кулады: Евронун курсу 130га жетти

    Дүйшөмбүдө валюта соодасы башталары менен орус рублунун курсу күтүлгөндөй эле катуу кулады.

    Биринчи мүнөттөрдө эле рублдун еврого курсу 40% кулады. Учурда 1 евро үчүн 130 рубль сунушталууда.

    Рублдун курсунун кулашы, батыш өлкөлөрү Орусия Украинага кол салганы үчүн РФ Борбордук банкынын жана орусиянын ири банктарынын эл аралык резервдери тоңдурганынан улам болууда.

  15. Украина менен Россиянын делегациясы Беларусь чек арасында жолугушат

    Зеленскийдин Офиси Украина менен Россиянын делегациясы Беларусь чек арасында жолугушарын билдирди.

    Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү болору күтүлүүдө.

  16. Путин Орусиянын өзөктүк куралын өзгөчө согуштук даярдыкка келтирүүгө буйрук берди

    Президент Владимир Путин бул тууралуу коргонуу министрлигинин башчысы Сергей Шойгу жана Генштабдын жетекчиси Валерий Герасимов менен болгон жолугушуусунда айтты.

    Ал мындай кадам батыш өлкөлөрүнүн киргизген экономикалык санкцияларына жана НАТО ырасмийлеринин кастык маанайдагы сөздөрүнө жооп катары жасалып жатканын белгиледи.

  17. Украинанын Коргоо министрлигинин орус аскерлеринин жоготуулары боюнча маалыматы, Украинанын Коргоо министрлиги орус аскерлеринин жоготуулары боюнча маалымат берди

    Украинанын Коргоо министрлигинин башчысынын орун басары Анна Маляр орус армиясынын, Киевдин версиясы боюнча, өлкөгө басып киргенден берки үч күндүн ичинде кабылган "жалпы болжолдуу жоготуулары" боюнча билдирүүсүн жарыялады:

    • 27 учак
    • 26 тик учак
    • 146 танк
    • 706 чопкутталган техника
    • 49 замбирек
    • 1 "Бук"зениттик ракеталык комплекси
    • 3 "Град" орнотмосу
    • 30 унаа
    • 60 цистерна
    • 2 дрон
    • 2 даана кеме/кайык
    • Абадан корго системдери
    • Болжол менен (маалымат такталууда) 4300 жоокер.
    • Би-Би-Си бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тактай элек жана маалыматты өз алдынча текшерүү мүмкүнчүлүгү жок.
    • Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлеринин жоготуулары же техникадагы жоготуулар боюнча расмий комментарий бере элек.
  18. SWIFT ордуна СПФС, РФ ББ санкциялардын кесепетин жооткотууга аракет кылууда

    Россиянын Борбордук банкы, Евро Биримдик, АКШ, Британия жана Канаданын лидерлери айрым орус банктарын SWIFTтен ажыратуу чечиминен кийин, Орусиянын ички төлөмдөрүн SWIFT ордуна Финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү системасы (СПФС) иштете турганын билдирди. Бул системди РФ ББ 2014-ж. түзүп баштаган.

    СПФСтин SWIFTтен негизги айырмасы – анын Орусиянын ичинде гана иштегени.

    SWIFTтен ажыратуу орус банкттары эле эмес, орус экспорту үчүн дагы сокку болот. Эл аралык соода, айталы, нефти ж-а газ сатыш үчүн, эл аралык банк системи аркылуу эсептешүү дээрлик мүмкүн болбой калат. Бул валютанын өлкөгө киришин кескин кыскартып, рублдун курсун дагы төмөндөшүнө, андан улам азык-түлүктүн кымбатташына алып келет.

    РФ ББ батыш өлкөлөрү анын эл аралык резервдерине дагы чектөө киргизип жатканын эч кандай комментарийлерген жок.

    Бул резервддер ББга рублдун курсун турукташтыруу үчүн дагы керек. Өткөн аптада ББ рублдун курсун ушул жол менен токтотуп калган.

    Батыш өлкөлөрүнүн ББ резервдерин кыскартууну ишке ашыра туруучу куралдары бар.

    РФ ББнын резервдери жогорку ликвиддүү активдерден турат. Анын 1-февралдагы жалпы көлөмү - 630 млрд долларды түзөт. Анын ичинен 132 млрд – алтын, 468 млрд – валюта.

  19. Киевдин кире беришинде көпүрө жарылды, УНИАН агенттиги Киевге жакын Буча шаарындагы жарылуунун сүрөтүн жарыялады

    Агенттиктин маалыматына караганда, көпүрөнү орус күчтөрүн Киевди көздөй өткөзбөө максатында украин аскерлери жардырышкан.

    Би-Би-Синин Киевдеги кабарчысы, көпүрө жардырылып жаткан маалда ал катуу жарылуунун үнүн укканын ырастады.

  20. Бүгүнкү түшкө түзүлгөн кырдаал

    • Васильковдо (Киев облусу) нефтебаза өрттөндү;
    • Негизги салгылашуулар Украинанын чыгыш жана түштүк чектеринде - Мариуполдун тегерегинде, Харьковдун жана Николаеванын көчөлөрүндө болуп жатат;
    • Евро Биримдик, АКШ, Британия жана Канаданын лидерлери айрым орус банктарын SWIFTтен ажыратуу чечимин жарыялашты;
    • Кремль сүйлөшүүлөр үчүн орус делегациясы Беларуска келгенин билдирди. Президент Зеленский "ракета учуп келип жатпаган" өлкөнүн территориясында сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.