Башкы прокурор Максат Асаналиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Башкы прокурор Максат Асаналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Анын милдетин убактылуу аткаруу башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлдү.
48 жаштагы Максат Асаналиев башкы прокурорлук кызматка 2024-жылдын июнь айында келген.
Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, дароо УКМК төрагасы болуп дайындалды.
Быйыл 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин атайын кызматты Жумгалбек Шабданбеков жетектеп жаткан. Ал ага чейин, 2020-жылдан бери УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, ошону менен бирге жогорку саясий жетекчилерди кайтарган 9-кызматын башкарып келген.
Шабданбеков башка кызматка бара турганы айтылды.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
УКМКга төрага болуп барган Максат Асаналиев 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Кара-Коо айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде тергөөчү катары баштаган.
2001–2010 жылдары УКМКнын тергөө бөлүмдөрүндө, анын ичинде өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.
Андан соң, 2010-жылдан 2022-жылга чейин Башкы прокуратуранын системасында ар кандай кызматтарды, анын ичинде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурору жана Ош облусунун прокурору кызматтарын аркалаган.
Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Малик Бектурганов 1998-жылдан бери прокуратура тармагында эмгектенип келет.
































