Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселесине чекит койду

    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
  • Published

Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик доорундагы отуз жылдан ашуун мезгилден бери созулган чек ара талашын тактап бүтүп чекит койду. Чек аранын акыркы талаштуу бөлүгүн тактоо боюнча ратификациядан өткөн, кол коюлган келишимдердин грамотасы менен бүгүн эки президент алмашты.

Чек ара боюнча келишимдердин аякташы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарындагы эң маанилүү маселе болуп калды.

Ошондой эле эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту.

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз",-деди Садыр Жапаров.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү 1300 км ашуун чек араны биротоло тактоо процессин былтыр аяктап, келишимдерге кол койду. Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кыргызстанга дээрлик 20 миң гектар талаштуу жерлер өттү, ал эми Өзбекстан түштүктөгү Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп алмакчы.

"Кемпир-Абад" суу сактагычын коңшу өлкөгө өткөрүүгө Кыргызстанда каршылык болуп, 24 саясатчы менен жарандык активист массалык тополоң чыгарууга даярданган деген шек менен камакта отурат. Алардын туугандары бүгүн Өзбекстан президентине кайрылуу жолдошуп, чек араны макулдашуу процесси зордук-зомбулук менен коштолгонун белгилешти.

«Биздин энелер, аталар жана күйөөлөрүбүз, кыздарыбыз, балдарыбыз, баардыгы 24 адам Кемпир-Абад суу сактыгычын силер тарапка бергенге каршы чыкканы үчүн гана жүз күндөн ашык убакыттан бери камакта отурат. Түрмөдө эркектер менен катар алты аял бар, алардын эң улуусу 72 жашта. Алардын эч кимиси биздин мамлекеттин чек туруктуулугуна жана чек ара маселесин чечүүгө коркунуч келтирген эмес", - деп айтылат кайрылууда.

"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон саясатчылар менен жарандык активисттер 23-октябрда массалык тополоң чыгаруу аракетине айыпталып кармалган. Андан бери сот алардын абактагы мөөнөтүн улам узартып жатат. Ошол эле убакта алар эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн, бийлик тараптан жөн гана ээнбаштык менен камоолор жүрүп жатканын айтып, коомчулукка жана эл аралык уюмдарга арызданышууда.

Акыйкатчы дагы өлкөдө адам укуктарынын одоно бузулушу жана ээнбаштыктар жөнүндө айтып жатат.

"Сөз эркиндигинин чектелишин айтып жатабыз, блогер, журналисттердин укуктарынын одоно бузулушун айтып жатабыз. Укук коргоо органдары, тилекке каршы, ашыкча чектөө, басынтууларга барып жатканы анык эле да. Толук кандуу тергөө иштерин жүргүзбөй эле, мисалы кармалган активисттердин бөгөт коюу чарасы кайра узартылды. Бирок, тергөө иштери жүрбөйт. Эки айдан бери эмнеге камакта олтурушат? Тергөө иштери эмне кылып жатат, кандай далилдери бар? Сурамжылаш керек эле. Биздин жаранды, биздин журналистти мамлекеттен сырткары күчкө салып ыргытып жибергени чоң мыйзам бузуу. 19 жаштагы Ырысты камакка алгандары. Тилекке каршы, ушундай көп болуп жатат. Укук коргоо органдары жапырт баарын камакка алуу деген тажрыйбасынан баш тартыш керек деп жатабыз",-деди Атыр Абдрахматова.

Өзбек президентинин расмий сапары ал экинчи жолу шайлангандан кийин болуп отурат жана эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жакшырып, соода-экономикалык байланыштар өнүгө баштаган учурга туш келди. Эки өлкөнүн жарандарына өткөрмө пункттардан өтүүдө тоскоолдуктар жоюлду.

Расмий Ташкент Камбар-Ата ГЭСин Кыргызстан, Казакстан менен биргелешип курушмай болду. Кытай-кыргызстан-Өзбекстан трансконтиненталдык темир жолунун курулушу ушул жылы башталат деп камылга көрүлүүдө.

"Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселеси турат. Муну айтуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет. Региондун өлкөлөрүн бириктирүүчү жаңы транспорттук-коммуникациялык коридорлорду түзүү - биздин мамлекеттердин региондук соода тармактарын деңиз жолдору менен дүйнөлүк соода рынокторуна туташтыруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет",-деди бүгүнкү сөзүндө президент Садыр Жапаров. (КС)