Самарканд түркий саммитке даяр

Сүрөттүн булагы, Facebook
Өзбекстанда Самарканд шаарында 11-ноябрда Түрк кеңешинин ордуна түзүлгөн Түркий мамлекеттер уюмунун саммити болот. Түрк мамлекеттеринин интеграциялык процессинен караганда бул тогузунчу саммит. Анын алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин, тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө.
Түркий саммиттин урааны:"Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу-чаран өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө биргелешкен кадам".
Өзбекстандын расмий булактарды билдиргендей, саммитте лидерлер экономикалык, транспорттук жана соода маселелерин карашат.
Уюмдун биринчи беш жылдыкка иш-аракетинин стратегиялык планы кабыл алынат деп күтүлүүдө. Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "Түрк дүйнөсүнүн жогорку медалы" менен сыйлоо пландаштарылып жатканы кабарланууда.
Аталган уюм адегенде 1999-жылы Түрк кеңши болуп түзүлгөн. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мүчө. Түркмөнстан, Венгрия байкоочу макамында.
Түрк кеңеши өткөн жылы ноябрда Стамбулда болгон саммиттен кийин Түркий мамлекеттер уюму деп аталып калды.

Сүрөттүн булагы, wikipedia
"2021-жылдагы саммиттен кийин бул уюмдун аталышынын өзгөрүшү түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграциянын чыңдалышынан гана кабар берет, мурдагы максаттарга, мүдөөлөргө жетти, эми ошонун уланышы деген эле кеп. 2008-жылы түрк кеңеши деп түзүлгөндөн бери эле анын ишмердиги социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого багытталган болчу. Болгону ошол интеграциянын жаңы деңгээлине чыкканын белгилөө үчүн гана аты өзгөртүлдү",-деген Би-Би-Сиге уюмдун башкы катчысынын орун басары Арслан Капай уулу Койчиев.
Эң башкы башкаруу органы Түркий мамлекеттердин башчыларынын кеңеши, андан кийин тышкы иштер министрлеринин кеңеши, улук расмий кызматкерлеринин кеңеши. Ошол кеңештердин ортосундагы ишти координациялап туруу үчүн туруктуу катчылык иштейт, анын башкы катчысы жана ар бир мүчө өлкөдөн бирден орун басары бар. Алар ар бир өлкөдөн ротация жолу менен алмашып турат. Башкы катчы болуп азыркы учурда Казакстандын өкүлү Багдад Амреев иштейт. Бул саммитте кезек Кыргызстандын өкүлүнө өтүүгө тийиш.
Түркий мамлекеттердин калкынын саны 150 миллион чамасында, алардын жалпы аянты 4,5 миллион квадрат километрди түзөт. Жалпы ИДП болжол менен1,5 триллион долларга бааланып, дүйнөлүк экономикада 13-орунду ээлейт.
"Казакстан, Түркияны карап көргүлө, эбегейсиз чоң потенциалдар жатат. Биз дагы алакандай эмес, келечегибиз кең элбиз. Бизде болгону тартип жок. Келишим түзүлгөндөн кийин аны туруктуу аткарып кетүү маселебиз өтө аксайт. Мен түрк тилдүү мамлекеттердин баш катчысынын орун басары болуп иштеп жатып, көшөгө артында көп маселе чечилерин көрүп калдым" , - деген эле Адахан Мадумаров.
Айрым эксперттер Түркий мамлекеттер уюму экономикалык альянс катары азырынча өзүн көрсөтө электигин белгилеп жүрүшөт. Мурдагы саммиттерде саясий жана коопсуздук жаатында дагы маселелер көтөрүлүп, Азербайжан президенти Илхам Алиев Карабак темасында саясий билдирүүлөрдү жасаган жайы бар.
"Түрк дүйнөсүнүн аксакалы"
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев саясий аренадан кеткенден кийин түркий мамлекеттер уюмунда негизги жолду Түркия президенти Эрдоган баштап калды. Ага чейин негизги стратегиялык демилгелерди көбүнчө Назарбаев көтөрүп, Эрдоган каршы болбой, аны менен эсептешип келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түрк интеграциясы саясатын өнүктүрүүдө Казакстандын мурдакы президенти Нурсултан Назарбаевдин ролуна өзүнчө токтолуунун жүйөсү бар. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешин "Түрк мамлекеттеринин уюму" деп өзгөртүү, "Түрк дүйнөсүнүн келечеги" деп аталган стратегиялык документти кабыл алуу дагы Назарбаевдин демилгеси менен болгону мурда кабарланган.
"Нурсултан Назарбаев Түрк өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин ардактуу төрагасы. Башкасын айтпаганда дагы, анын түрк дүйнөсүнүн аксакалы деген титулу бар. Менин оюмча, ал буга абдан татыктуу. Нурсултан Абишевич бул бирикмени түзүүнүн башында турган, түрк кызматташтык кеңеши ишке ашырып жаткан көптөгөн долбоорлордун дагы демилгечиси. Ошондой эле Назарбаевдин сунушу менен "Түрк көз карашы -2040" деп аталган, түрк тилдүү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн мамлекеттик саясатын координациялай турган стратегия иштелип чыкты. Нурсултан Абишевич бул кеңештин макамын көтөрүп, аны түрк мамлекеттеринин союзу деп атоо маселесин айтып келатат. Ал эл аралык мамилелерде эл аралык интегратор деген атка конду. Бул чынында эле эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө эл аралык жана регионалдык деңгээлде олуттуу салым кошуп келаткан ири саясий ишмер",-деген Назарбаев бийликтен кете электе казакстандык политолог Айдар Амребаев. (КС)






























