Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү: тарых музейине баалуу таберик

Published

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын эң баалуу экспонат, мамлекеттин өзгөчө коргоосунда боло турган улуттук таберик деп атады. Кол жазманы Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов тарых музейине тапшырды.

1937-жылдагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон залкар мамлекеттик ишмер тууралуу иликтөөлөр жана анын бейнесин ачуу аракеттери эгемендик алган жылдардан кийин башталган. Абдрахмановдон эмне таберик буюмдар калган?

"Жусуп Абдрахмановдон калган таберик буюмдардын эң баалуусу - анын күндөлүгү. Бул чынында кыргыз элине таандык. Тилекке каршы, биздин колдо күндөлүктүн бир гана бөлүгү бар. Экинчиси Орусия аймагында тиешелүү мекемелерде сакталып турганы тууралуу маалыматыбыз бар. Күндөлүктөн сырткары Жусуп Абдрахмановдун өз колу менен жазылган айрым документтери бар",- дейт Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов.

Астемирдин айтымында, Жусуп Абдрахмановдон калган башка таберик буюмдар деле сакталып калган эмес. Түп нускадагы анча-мынча сүрөттөрү жана Владимир Маяковскийдин сөөгүн коюу учурундагы бир үзүм кинокадр бар.

Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев буга чейин улуттук музейде Абдрахмановдун атайын бурчу болсо деген сунуш менен бийлик башындагы адамдарга кайрылган эле.

"Абдрахмановго тиешелүү кол жазмаларды жана буюмдары чогултуп, музейге өткөрүү биздин мойнубуздагы негизги парз болуп келген. Абдрахмановдун күндөлүгү кызы Ленина эженин колунда болчу. Ал музей болсо деп абдан кыялданган",- дейт фонддун төрагасы Усебаев.

Жусуп Абдрахманов ХХ кылымда кыргыз мамлекетин жаңы шартта калыбына келтирүүнүн башында тургандардын бири. 1937-жылдагы репрессияда ал чыккынчы, эл душманы деген жалаа менен камакка алынып,1938-жылы атууга кеткен. Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер Кыргызстан эгемендик алган жылы табылган. Президенттин жарлыгы менен сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер "Ата-Бейит" деп аталды.

Быйыл 31-августта мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон эле. (ErA)