You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
К. Ташиев: Ооганстандагы кырдаал Кыргызстанга да коркунуч жаратууда
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандагы түзүлүп жаткан кырдаалды Кыргызстан үчүн тышкы коркунуч деп билдирди. Анын айтымында, бул өлкөдөн качкындар келиши күтүлүүдө, ошондой эле ар кандай террордук-экстремисттик уюмдар баш көтөрүп баштады.
"Ооганстандан эл аралык коалициянын аскерлери чыгып кетип жатканда "Ислам мамлекети", "Джамаат таухид валь-джихад", "Түркстандын ислам кыймылы" сыяктуу эл аралык террордук уюмдар өздөрүнүн бузуку иштеринин багытын Борбордук Азия өлкөлөрү тарапка, анын ичинде биздин өлкөгө буруп, активдүү фазасына өтүштү",-деди Камчыбек Ташиев.
"Азыр Тажикстан менен чек арада, Өзбекстан менен болгон чек арада Ооганстан тараптан кыйын кырдаал түзүлүүдө. Биздин өлкөгө да коркунуч болбой койбойт, анткени Тажикстан менен Өзбекстанга бет алган качкындар жакын арада биздин аймакка келиши мүмкүн. Ошондуктан биз дагы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле Ооганстан тараптан болчу тышкы коркунучтарга даярдануудабыз".
Ооганстандан АКШ жана анын союздаштарынын аскери чыгып кетип жатканына байланыштуу Талибан күчүнө келип жатканы кабарлар келүүдө. Алар өлкөнүн аймагынын теңин өзүнүн көзөмөлүнө алды деп айтылууда. Талибандын чабуулуна туруштук бере албай, Ооганстандын бир жарым миңдей өкмөттүк аскери чек араны кесип Тажикстанга жан соога издеп келгенин агенттиктер жазууда.
Камчыбек Ташиев ошол эле убакта ички коркунучтарга да токтолуп, эң оболу саясий экстремизм, коомдо радикалдашуу күчөп, керек болсо төңкөрүшкө чакыргандар болуп жатканын айтты.
"Коомду радикалдаштыруунун кереги жок. Элдик ар кандай бузуку аракеттерги чакыруунун кереги жок. Бул абдан кайгылуу бүтүшү мүмкүн",-деди комитеттин төрагасы.
Кыргызстандын жараны болуп жүргөн Орхон Инандынын Түркияга уурдалып кеткенине байланыштуу күч органдарынын, президенттин дарегине ар кандай сындар айтылууда, анын ичинде социалдык тармакта импичмент жөнүндө маселе көтөрүп жибергендер болду.
Камчыбек Ташиев бул маселеге дагы токтолуп, Орхон Инанды бир эле учурда Түркиянын жарандыгынан чыкпай, анын паспортун дайыма пайдаланып келгени иликтөө иштеринин убагында аныкталганын айта кетти.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисин чакыртып, нааразылык нотасын тапшырган. Садыр Жапаров Түркиядан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын билдирген эле. (КС)