Жолугушмай жок. Абитуриенттер сезону онлайн платформада гана өтөт

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда пандемиянын айынан быйыл дагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу онлайн режимде өткөн жатат. Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларга абитуриенттер менен аралыктан гана иш алып барууну буйруду. Быйылкы бүтүрүүчүлөр буга түшүнүү менен мамиле кылууда, бирок жактырбай жаткандары дагы бар.

Баш калаа Бишкекте быйыл дагы жогорку окуу жайлары ээн, томсоруп турат, кирип-чыккан, каттаган киши аз. Демейки жылдарда бул убакта ар кай жактан келген абитуриенттер жайнап, кыймыл кыйла жандуу болчу эле.

Пандемия бүтпөй атканына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги быйыл дагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну аралыктан жүргүзүүнү буйруду.

"Жогорку окуу жайларда кабыл алуу онлайн өткөнүнө байланыштуу, жогорку окуу жайларда эч кандай кабыл алуу компаниясы ачылбаш керек. Ал жакка тапшыруучулардын барышынын кажети жок. Себеби бирдиктүү платформа аркылуу эч жакка чыкпай эле, ар бир тапшыруучу каалаган окуу жайына ошол платформа аркылуу тапшыра алат,"-деди билим берүү жана илим минисьтринин орун басары Нурлан Омуров.

Быйылкы бүтүрүүчүлөр пандемия шартында жогорку окуу жайларында жасалып аткан иштерди түшүнүү менен кабыл алууда. Бирок, албетте, чоң шаарга барып, өзү эң эңсеген окуу жайларды өз көзү менен көрө албаганына кападар болгондор да жок эмес.

Айназик, бүтүрүүчү, Ноокат району:

"Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алып, жожго тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Кырдаалга байланыштуу жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн болгону мага абдан жакты. Себеби үйдөн отуруп эле каалаган окуу жайына тапшыра алам. Убактым да үнөмдөлөт".

Акдана, бүтүрүүчү Ноокат району:

"Айназик экөөбүз классташпыз. Мага окуу жайларына онлайн-катталуу анча деле жаккан жок. Себеби шаарга барып, университеттерди аралап, башкача сезим менен документ тапшыргым келчү",

Онлайн аркылуу окууга тапшыруу - ыңгайлуу. Ал үчүн ар бир абитуриент электрондук аспаптарды жакшы билүүсү керек. Мына ушул жагынан кээ бир бүтүрүүчүлөр кыйналып калбайбы деген гана суроо бар.

Аяна, бүтүрүүчү, Ак-Суу району:

"Ар бир нерсенин оң жагы, терс жагы бар дегендей эле, онлайн тапшыруунун оң жагы азыркы кырдаалга байланыштуу, убакытты, капчыкты үнөмдөө болсо, терс жагы айрым абитуриенттер телефонду жакшы билбеши мүмкүн. Электрондук каражаттарды жакшы түшүнбөй, туура эмес басып алып, оку ужайга тапшыра албай калышы мүмкүн",

Жогорку окуу жайларына конкурска жалпы республикалык тестирлөөдө 110 баллдан жогору алгандар гана катыша алат. Быйыл жалпы 44 миңден ашык бүтүрүүчү тест тапшырып, анын 25 миң чамалы гана он баллдан жогору алды.