Балдарга сак болгула: Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылды

Билим берүү жана илим министрлиги

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Published

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчү кызынын өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ата-энелерди жайкы каникул учурунда балдарга сак болууга чакырды.

Министрликтин маалыматына караганда, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин Х.О. толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган экен.

"Көргөндөрдүн айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай анын жансыз денеси табылган".

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Х.О. 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген.

Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

Ыкчам тергөө тобунун маалыматына караганда, шектүү деп кармалган адам кызга тийишип баштаган, кыз кыйкырып жибергенде чочулап аны муунтуп өлтүргөн. Ошондон кийин коңшусунун автоунаасын сурап, кыздын жансыз денесин токойго алып барып ыргытып жиберген.

Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү

Бул Кыргызстанда соңку айдын ичинде эле окуучулар арасында өлүм менен аяктаган экинчи кайгылуу окуя.

Мындан мурда так балдарды коргоо күнүндө, 1-июнда Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 12 жаштагы эркек бала түшүнүксүз жагдайда каза тапкан.

Анын бир тууганы президентке кайрылуу жасап, балдар үйүндөгү иниси чоңураак баладан таяк жеп каза болгону жөнүндө айтып, бул ишти мамлекет башчынын өзүнүн көзөмөлүнө алуусүн өтүнгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги жакында эле коомчулукка кайрылуу жасап, баланын өлүмүндө зомбулуктун белгилери табылган эмес деп билдирип, ар кандай жоромолдору жасабай, тергөөнүн тыянагын күтүүгө чакырган.

Ошол эле учурда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын айтууда.

Бул факты боюнча курамына Президенттин, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык комиссия түзүлүп иштеп баштаганы кабарланган.