You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кеминде фотокапканга илинген ак илбирс
Быйылкы жылы жапайы жаратылышта канча ак илбирстин калганы боюнча окумуштуулар глобалдык санак жүргүзүү аракетин баштады.
Кыргызстанда иш алып барып жаткан уюмдардын катарында "Илбирс" коомдук фонду да бар. Анын кызматкерлери жакында эле Чоң-Кемин улуттук коругунун аймагында изилдөөлөрдү өткөрүп, фотокапканга ак илбирстерди түшүрдү.
Аталган фонд өлкөнүн бир нече аймактарына фотокапкандарды коюп, жергиликтүү мергенчилер менен иш алып барууда. Мергенчилерди дагы фотокапкандарды коюуга үйрөтүп, изилдөө иштерине тартышкан. "Илбирс" фонду 2016-жылдан бери Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоо жана изилдөө боюнча иш жүргүзүп келүүдө. Токойчулар менен чогуу мыйзамсыз аңчылыкка каршы дагы иш алып барат.
*