You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бүлүнгөн Максат, үлбүрөгөн үмүт. Чек арадагы жашоо
Миңден ашуун киши жашаган Максатта жаңы үйлөрдүн курулушу башталды. 29-апрелде Баткендин Лейлек районундагы чек арадагы кыргыз айылдарына Тажикстан тараптан ок атылып, чек ара тилкесиндеги тургундар үй-жайын таштап качып чыккан.
Максат айылында эле 89 үй жана орто мектеп, эмкана, бала бакчасы, милициянын пункту талкаланып, өрттөлгөн жана тонолгон. Мамлекет тарабынан бүлүнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы курулуштар түшүүдө. Өкмөт үйлөр эки айдын ичинде тикелене турганын убада кылды.
Чек ара чатагынан кийинки Баткен аймагындагы абалды жергиликтүү журналист Медер Ныязалиев сүрөткө тарткан.
Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, эки тараптан ондогон кишилер окко учту. Кыргызстан 36 жараны курман болгонун расмий билдирди. Анын ичинен экөө балдар. Атылган октон 180ден ашуун киши жаракат алды. Турак жай, мамлекеттик имараттардан сырткары соода жайлары, май куюучу бекеттер талкаланды.
Кыргызстандан 50 миңден ашуун киши чек ара тилкесиндеги үй-жайын таштап, коопсуз жерге качууга аргасыз болду.
Тажикстанда болсо 19 киши каза таап, 87си жаракат алганы тууралуу расмий маалыматтар чыккан.