Кыргызстан менен Тажикстандын медиасы чек арадагы окуяларды кандай чагылдырды?

Published

Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жолдун курулушу жөнүндө маалыматты Тажикстандын "Ховар" агенттиги билдиргенден кийин Кыргызстандын Министрлер кабинети кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусундагы биргелешкен билдирүүнү толук жарыялады.

Кыргыз медиасында анклавка коридор берилиптир деген талкуу жүрүп, Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев түшүндүрмө берди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына "Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок" деген жооп жазды.

Андагы түшүндүрмөгө караганда, "Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылын айлантып курула турган жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуу менен аныкталат”. Ворух Кыргызстандын аймагынын ичиндеги Тажикстанга караштуу анклав. Чек ара сүйлөшүүлөрүндөгү эң оор маселелердин бири ушул.

Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, кыргыз тараптан 36 адам курман болду, Тажик тараптан 19 адам каза болгонун айтылууда. Азыркы тапта эки тарап тең бири-бирин куралдуу агрессияны баштады деп айыптоодо.

Би-Би-Си Оштогу медиа боюнча эксперт Данияр Садиевди маекке тартып, Кыргызстандагы маалымат каражаттары менен Тажикстандын маалымат каражаттарынын чатакты чагылдыруу ыкмасында кандай айырмалар байкалды деп сурады.