Кыргызстан ЕККУдан чек арадагы жаңжалдын кесепетин жоюуга жардам сурады

Published

ЕККУнун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видео форматта кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Р.Казакбаев ок атууну токтотуу жана аскерлерди артка кайтаруу жөнүндөгү макулдашууну аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле Бишкек эки тараптуу жана эл аралык милдеттерди жана макулдашууларды жактаарына ишендирди.

Министрдин айтымында, жаңжалдын кесепетинен үй-жайын таштап кеткендердин саны 27 миң адамдан ашты. Баткен облусундагы гуманитардык абал оор, ошондуктан ЕККУдан жардам көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле жаңжалдан кийинки мезгилде уроого учураган инфра түзүмдүк жана социалдык объектилерди, тынч жарандардын үйлөрүн кайрадан курууга көмөк берүүнү суранды.

ЕККУнун төрайымы өз кезегинде Кыргызстанга кандай жардам болорун так айткан жок, тынчтыкка чакыруу жана эки тараптын аракеттерин колдой турганын айтуу менен гана чектелди. Жаңжалдын курчушуна жол бербөө жөнүндө тараптар бир пикирге келгенин кубаттады.

Мындан тышкары, чек арага чектеш аймактарда улуттар ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси жардам берүүгө даяр экендигин маалымдады.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын коомчулугу кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды чек арадагы куралдуу жаңжал эмес, Тажикстандын аскеринин эгемендүү кыргыз мамлекетинин аймагына атайы даярдалган агрессиясы деп атап жатат. Алар тажик аскерлери чек арага чектеш кыргыз айылдарындагы карапайым элге ок атып, үйлөрүн, башка мүлктөрүн өрттөгөнү жөнүндө видео жана фото документтерди топтоп таркатып жатышат. Айрым активисттер БУУга, АКШнын Конгрессине, Европарламентке ушундай кайрылуу жолдошту.

Анн Линде буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министри менен дагы ушундай эле видео форматта сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулаган болчу. (КС)