Уу коргошун чуусу: Опурулган парламент, кенебеген министр

Published

Кыргызстанда саламаттык сактоо министри депутаттардын талабына баш ийип кызматтан кетпей турганын билдирип, алардын өздөрүн өч алып жатат деп сындады. Жогорку Кеңеш Алымкадыр Бейшеналиевди уу коргошун менен адамдарды дарылаганы үчүн аны компетенттүү эмес, парламентти тоотпойт деп кызматтан алуу жөнүндө өкмөткө талап койгон эле.

Саламаттык сактоо министри өзүнүн кадимки иш режиминде иштеп жатат. Бүгүн түшкө чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө жыйынга катышып келди. Биз барганда чет өлкөдөн келген жардамды тосуп келиш үчүн аба майданына жөнөп жатыптыр.

Алымкадыр Бейшеналиев аны кызматтан алуу жөнүндө депутаттардын сунушун өзүнчө бир өч алуу катары карап жатат. Ал үч айда көп иш аткарганын, дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жетишкенин белгилеп, аны депутаттар көргүсү келбей, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоп жатканын айтууда.

"Депутаттар өздөрүнүн туугандарын, фамилиясын билбегендерди главврач коюшкан. Мен ошонун баарын токтоттум. Кырк депутат, ким эмне деп сураганы менен турат жазылып. Эки жолу, мен Өзбекстанга президент менен кеткенде, экинчи жолу Ошко инфекциялык оорукананын ачылышына президент мени жөнөткөндө келбей койгонум үчүн мага ишеним көрсөтпөй атышат. Министрдин кандай иштеп атканынын аларга кереги жок. Аларга "ляппай таксыр, акеңизди каякка коеюн деген министр керек",-деди Алымкадыр Бейшеналиев Би-Би-Сиге.

Саламаттык сактоо министри өткөн жумада коронавирусту уу коргошун менен дарылап эксперимент баштап, 400 адамга ичиргенин айтып, өзү дагы басма сөз жыйынында уу коргошунду ичип көрсөткөндөн кийин анын билдирүүсү курч реакцияны пайда кылды. Жогорку Кеңеш депутаттары чакырганда министр келбей койду, ошондон кийин парламент аны кызматтан бошотууну талап кылууда. Депутаттар министрди коронавирус менен ооругандарды уу коргошун (аконит) менен дарылап жатканын, парламентке чакырганда келбей койгонун сынга алышты.

Парламент менен министр тиреши өлкөдө пандемиянын үчүнчү толкуну жакадан алып, кырдаал кайра оорлоп бараткан учурда болуп жатат. Президент өз кезегинде министрди мактап, анын таламын талашууда.

Бүгүн коронавируска чалдыккандар саны 345 болуп, андан алты адам каза болду. Пандемия башталгандан бери өлгөндөр баардыгы 1598 адам болду. Ошол эле убакта ооруп жаткандар саны да көбөйүүдө. 400 дөн ашык оорулуунун абалы оор.

Эмдөө иштери коңшу Казакстанга караганда кыйла артта. Эпидемиологиялык эрежелерди сактагандар аз, коомдук жайлар чоң шаарларды баары эле кадимкидей иштеп жатат.

Ошого карабастан Бишкекте чектөө чараларын киргизишкен жок, анткени ансыз деле кымбатчылык каптап атканда эл жашоосу өтпөй калат деген чочулоо бар. Бишкекте жана жер-жерлерде чек аранын чечилбеген маселелери, электр кубатынын баасын көтөрүү, курамканаларды ачуу сыяктуу өкмөттүк билдирүүлөрдөн улам нааразылык жыйындарына чогулгандар болуп жатат.

Бирок ошентсе да Бишкекте айрым мектептер жабылды, балдар аралыктан окууга өтүштү. Баш калаада бүгүн бардык массалык маданий жана спорттук иш чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганы айтылууда. (КС)