You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Матраимовду колдоп митингге чыккандар
Коррупцияга айыпталып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген Райымбек Матраимовду колдогон митинг эмнени түшүндүрөт? Байкоочулар Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн митинг массалык мүнөздө болгонуна жана ага Жогорку Кеңештин депутаттары дагы катышканына көңүл бурду.
ЖК депутаты, мурдагы вице-спикер Мирлан Бакировдун билгилешинче, өлкөдөн чыгарылып кеткени айтылып келген ири каражаттарга Матраимовдун "жети тыйын да тиешеси жок".
"Матраимов Райымбек Исмаиловичтин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлүп жети ай 700 млн доллар боюнча иликтөө жүргүзүп, жети тыйынына да тиешеси жок экен деп аныктады. Ал жерде укук коргоо органдары, фискалдык органдар катышты. Мен депутат катары, бүгүн да иштеп жаткан Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек мырзага суроо бердим. "Ишкерлердин каражаты коңшу мамлекеттен келип башка мамлекетке товар алыш үчүн которулган, бул жерден ким пайда көрдү дагы, ким зыян тартты" дедим. Банк жана мамлекеттин экономикасы пайда көрдү", - деди митингде Бакиров.
Ал өткөн парламенттик шайлоого Матраимовдун тиешеси бар делген "Мекеним Кыргызстан" партиясын жетектеп барган. Бакиров Матраимовдун күнөөсү жок десе, митингдин башка катышуучулары Матраимов 2 млрд сомду төлөп бергени үчүн бошотулуш керек дешет. Айрымдары ал жалгыз коррупционер эмес деген жүйөөнү келтиришти.
Матраимовдун кайрымдуулук фонду көп кишилерге жардам берип келээри айтылды. Ал аркылуу Кытайдан товарлар өтүп турганын, азыр кыйынчылыктар жаралып жатканын аттуу-баштуу кишилер белгиледи.
Юрист Сания Токтогазиева Матраимов тергөө менен иштешип, акча төлөп берүү менен күнөөсүн мойнуна алганын жазды. Ал эми аны колдоп жаткан аты чыгып калган активисттер "түшүнүктөрдү атайын алмаштырууга аракет кылып жатышканын" белгиледи.
"Жетекчисине жана "кожоюнуна" берилгендигин Кыргызстандын суверендүүлүгүн Батыш күчтөрүнүн таасиринен сактап калуу аракети катары көрсөтүп жатышат", - деп жазды Фейсбуктагы баракчасына Токтогазиева.
28-марттагы митинг "Азаттыкка", "Клоопко" жана бейөкмөт уюмдарына каршы маанайда өттү. Катышкандар "Азаттыкты" жабуу чакырыктары жазылган плакатты кармап турушту. Чыгып сүйлөгөндөрдүн ичинен эки медианын журналисттерин баса белгилеп көрсөткөндөрү болду.
"Угуп жаткан, эй, "Клооп", "Азаттык" үчүнчү жолу, ушул жерде дагы силерге эскертүү бергенмин, дагы эскертүү берем. Элди көрдүңөрбү, эсиңерге келгиле. Кыргызстан "Азаттыксыз", бейөкмөт уюмдарысыз Кыргызстан!", - деди микрофондо сүйлөгөндөрдүн бири.
"Клооп" митингдегилер кабарчысынын телефонун тартып алууга аракет кылганын жазды. Эки медианын журналисттери сүрмө топтун ортосунда калып, милиция кызматкерлери чыгарып кеткенин кошумчалашты.
"Туурасын айтсаң тууганга жакпайт"
Ири коррупциялык схемаларда аты аталгандарды камоону коомдун бир бөлүгү талап кылып жаткан чакта, кайсы бири боштондук талап кылышууда. Коомдук ишмер, публицист Эсенбай Нурушев митинг тууралуу ой жүгүрткөндө себептеринин бири эл демократияны кандай түшүнгөнүндө дейт.
"Биз демократия, эркиндик эмне экенин толук түшүнө албай жатабыз. Демократия - бул элдин бийлиги, эл эмнени кааласа ошону жасайт деп туура эмес түшүндүрүп койдук. Чын чынына келгенде азыркы абал демократиянын эмес, анархиянын түшүнүгү. Демократия биринчи кезекте мыйзамда эмне жазылса, ошого жараша иш кылуу", - деди Нурушев.
"Туурасын айтсаң тууганга жакпайт" деген Нурушев азыркы окуялар айланып келип коомго тие турганы анык дейт. Ал кайсы бир күчтөр, саясатчылар өзүнүн пайдасы үчүн ак менен көктү айырмалай албаган адамдарды пайдаланып келээрин кошумчалады.
"Маалымат каражаттары кимге керек?, - деди Нурушев,- Ачык айтып чыгуунун өзү кимге зарыл? Жалпы масса ушуну түшүнө албай жатат. "Азаттыктын", "Клооптун" ал тикелей милдети да. Өкмөт өзүнүн ишин кандай аткарып жатса, алар да ишин аткарып жатат. Жабылсын, жоголсун деген талап туура эмес. Мыйзамга карап иштеш керек. Албетте, журналисттердин баарын актаганга болбойт. Жогорудагы уюмдар натуура маалымат берген болсо мыйзам бар, сотко берсин. Көчөгө чыгып алып жабылсын деген болобу?".
Публицист өлкөдөгү мындай оюндар, түшүнүктөрдөн, окуялардан алыс адамдарды пайдалануу көпкө созулат окшойт деди. Анын айтымында, маалыматты туура кабыл албаган топтор бардык эле коомдо болот, ошондуктан революцияда жана башка окуяларда колдонулат.
Жазуучу, социолог Топчугүл Шайдуллаева акыркы жылдары эл мамлекетке, бийликке көп ишенбей калганын айтууда.
"Мамлекеттик машинанын кризиске кабылышы ушул нерсеге алып келди. Мамлекет күчтүү болгондо, мыйзамдарыбыз адилет иштегенде укук коргоо органдарынын расмий чечимдерине ишенели дейт болчу. Экинчиден, митинг уюштура койгонго биздин эл аябай машыгып алды, ал адат болуп калды,көнүмүш нерсеге айланды. Бат эле уюшуп, бат эле чыга калып, өз талаптарын айтышат. Ошол калыптанган адатты бул окуяда да колдонуп жатышат. Ал кишини колдоп жаткандардын аргументи - элге жардам берди деп жатышат. Кыргызстанда чын эле кыйналып жашагандар көп. Биздин эл жакшылыкты баалаган эл. Алар ошол жардамдардын, каражаттын булагы кайда экен деп суроо салса болмок. Өздөрү айткандай, мейли бизнесине ишенели, анда коррупцияга аралашканын өзү мойнуна алганын кантебиз?", - дейт Шайдуллаева.
Кечээги окуяларды айрым байкоочулар бийликке сес көрсөтүү аракети деп да баалашууда.
Журналист Али Токтакунов клан карапайым элге, журналисттерге, сөз эркиндигине гана эмес, бийликке да азуусун көрсөтүп жатканын жазды.
"Мындай бет тырмоочулуктун арты жакшы менен бүтпөйт. Мыйзамдуулукту, коррупционердин жоопко тартылышын талап кылган жүрүш эмес, коррупционерди коргоо үчүн уюштурулган митинг стабилдүүлүккө бүлүк салат. Же эл болобуз, өнүгөбүз-өсөбүз же коррупционерлерге кул болуп, жон териңди сыйрып, чепкен кылып жапкандарга сыйынып, кара курсактын кулу болуп жүрүп өтөбүз", - деп жазды Токтакунов.
Матраимовго эки айып тагылган. Биринчиси, бажыда иштеп турган мезгилиндеги коррупция, экинчиси мыйзамсыз акчаларды адалдаштыруу боюнча. Экинчи берене менен 18-февралда кармалып, эки айга камалган. Ал азыр жеке клиникага которулганы айтылууда. Ал эми биринчи берене боюнча тергөө менен иштешип жатат деп 2 млрд сом мамлекетке төлөп берген. Президент Садыр Жапаров айтылып келген башка мыйзамсыздыктар боюнча иши дагы териштирилээрин билдирген.
Матраимов бажыда коррупциялык схема түзгөнүн "Азаттык", "Клооп" жана OCCRP уюму иликтешкен.
2020-жылдын декабрында АКШ Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы "кара тизмесине" киргизди. "Магнитский акты" боюнча кара тизмени АКШнын Каржы министрлиги түзөт. Матраимовдун жубайы дагы бул тизмеге киргенин мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттер" баракчасына жазып чыккан.
Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова тууралуу буга чейин Factcheck.kg сайты иликтөөсүн жарыялап, коомдук сайттарда жарыяланган сүрөттөр аркылуу өтө кымбат жана асемдүү буюмдарын, мүлктөрүн эсептеп чыкканы бар. Маселен, иликтөөдө кол саатынын баасы эле 2,6 млн. сомго бааланганы айтылган. Иликтөөчүлөр сүрөттөр аркылуу талдоого алынган буюмдардын жалпы баасын 24 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн деп белгилешкен. Бирок Матраимовдун жакындары коррупция боюнча айтылган айыптоолордун баарын кескин четке кагып келүүдө.
"Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматка кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек",-деген Матраимовдун бир тууганы ЖК депутаты Искендер Матраимов жергиликтүү басылмаларга буга чейинки маектеринде.