"Райым миллиондун" колдоочулары көтөрүлдү

Published

Бишкекте Улуттук коопсуздук комитети кармаган Райым Матраимовдун бөгөт чарасы каралып жатат, анын эки айга камакка алышы мүмкүн экени айтылууда. Анын жактоочулары мыйзамдуулукту талап кылып, Бишкекте жана Ошто дагы митингге чыгышты. Матраимовго мыйзамсыз кирешелерди адалдоо, мыйзамсыз баюу беренелери боюнча айып коюлуп жатат.

"Эл багар"

Матраимовдун бөгөт чарасын сот карап жатканда, УКМКнын алдында анын тарапташтары митингге чыгып, андан кийин эски өкмөт аянтты аралап жүрүш жасап, Биринчи май райондук сотунун алдына барып токтошту. Алар Матраимовду "эл багар" деп аташып, соттон ишти акыйкат кароону талап кылышты.

Матраимовдун жактоочулары Ошто жана Кара-Суу шаарында дагы пикетке чыкты. Кара-Сууда Матраимов салдырган мечиттин жанына топтолгон адамдар анын элге кылган жакшы иштерин айтып, аны патриот деп аташып, кадимки каралоо болуп жатат дешти.

Райым Матраимов адегенде коррупция боюнча айыпталып, күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төлөп берген. Ошондон кийин сот анын ишин карап, күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган. Коррупция боюнча соттолгон адамга соттун мындай жумшак өкүмү чоң нааразылыкты пайда кылган. Бишкекте жекшембиде нааразылык жүрүшкө чыккан активисттер Матраимовду камакка алууну талап кылышты. Ошондон кийин президент Садыр Жапаров бул темага кайрылып, Матраимовдун иши бүтө электигин, анын кайсы кылмыштарга катышы бар экени иликтенип жатканын билдирген. Айтмакчы, Райым Матраимов менен анын жубайы АКШнын кара тизмесине киргени былтыр декабрда расмий жарыяланган.

"Укуктук ээнбаштык жок"

Матраимовдун жактоочулары ага эркиндик талап кылып пикетке чыгышканына коомчулуктун реакциясы социалдык сайттарда көбүнчө терс маанайда болууда. Мисалы, Сания Токтогазиева Матраимовдун өзү коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алганын, демек, мыйзамсыз баюу жана акчаларды адалдоо фактылары боюнча бийлик дагы иш ачып жатканын туура деп жазды. Бул жерде "эч кандай укуктук ээнбаштык жок" дейт. Ал эми журналист Дарья Подольская "бул жерде таң калыштуу эч нерсе жок, анткени биз эркин мамлекетте жашайбыз" дейт.

Бийликтин баш оорусу

Кыргызстандын бажы кызматы башынан бери эле коррупциянын эң чоң очогу болуп келгенин айтышат. Бирок бийлик алмашкан сайын андагы коррупция жоюлбай эле жаңы кожоюндарга иштеп келди дешет. Азыр камакта жаткан Алмазбек Атамбаев бажыканадагы уурулукту өзү иштеп турганда эмес, президенттик бийликтен кеткенде ачыктап, эң чоң ууру катары дал ушул Матраимовду атаган эле. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн бийлиги учурунда Матраимов менен эмне коркок билиши бар экени белгисиз, эл митингге чыгып, талап кылса да, аны карматууга даабай, факты бергиле деп көгөрүп туруп алды. "Раим миллион" маселеси А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун ортосундагы тирештин дагы бир себеби болгону белгилүү. Серепчилер азыркы бийликтин дагы "баш оорусу болоорун" айтууда.

5-октябрда массалык толкундоо болуп, бийлик алмашкандан кийин улуттук коопсуздук комитети бажы тармагында 2016-жылдан азыркы күнгө чейин "коррупциялык схема" иштеп, ири өлчөмдө мамлекеттик каражаттардын уурдалып келатканын билдирген эле. Матраимовдон сырткары бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганы айтылган. Демек, башкалардын мойнуна дагы укуктун укуругу салынары күтүлгөн иш. (КС)