You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мыйзамсыз баюу, салыктан качуу, кызматынан пайдалануу: Жумалиев эки айга камалды
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку премьер-министр коррупцияга айыпталып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Анын алдында эле Кубанычбек Жумалиевдин өзүнүн балдары башка иш боюнча Финполиция тарабынан камалып, жаңы бошогон эле.
Кубанычбек Жумалиевге билим берүү ишмердигине лицензияны мыйзамсыз алган, аны алыш үчүн тийиштүү мамлекеттик кызмат адамдарына депутаттык кызматынан пайдаланып, кысым көрсөткөн деген айып тагылууда. Бул жөнүндө ММКга анын адвокаты Жыргалбек Бабаев маалымат берүүдө. Ошондой эле УКМКнын Антикоррупциялык кызматы мындан сырткары мыйзамсыз баюу, салыктан качуу, кылмыштуу акчаларды адалдоо сыяктуу башка дагы кылмыштын фактылары ачылганын билдирүүдө.
Чынында бул депутаттын үстүндө кара булут айланып жүргөнүнө көп болду. Өткөн жылы эле "Чоң Казат" партиясынын активисттери анын байлыктарын каза баштаган. Анын ичинде кийин Финансы полициясынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеев Жумалиевдин бардык компанияларын санап, аны мыйзамсыз байыган, салык төлөбөйт деп жана башка толтура айып коюп келген.
Октябрда бийлик алмашкан окуялардан кийин Финполициянын башына келген Сыймык Жапыкеев ошон үчүн биринчилердин болуп сыйыртмакты Жумалиевге ыргыткан. Кайсы бир чет элдик ишкердин доосу боюнча жана башка иштер боюнча анын балдарын камаган. Бирок талап кылган чоң сумманы мамлекетке төкпөй, сот аркылуу балдарын бошотуп алганын Жапыкеев Фейсбукка жазып чыккан эле.
Жумалиев Кубанычбек Кыргызстанды Акаев башкарып турган учурда чоң кызматтарда иштеп турду, транспорт министри, областтын губернатору, вице-премьер-министр, премьер-министр болду. Акаев бийликтен куулганда Жумалиев жаңы бийлик менен тил табышып кеткен дешет, ошол себептүү анын артынан куугунтук болгон эмес. Ишкерлик менен алектенип, кийин иши оңунан чыгып, 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.
Ишкерлик демекчи, анын бизнеси көп тармакта бар, анын ичинде тоо-кен, соода, туризм билим берүү боюнча ишканалары бар. Бишкектеги "Таатан", "Гоин" деген чоң дүкөндөр аныкы.
Бишкектеги Эл аралык медициналык университет ачылып иштеп жатканына эки-үч жылдай болуп калды. Депутатка коюлган күнөө дал ушул университетке алынган лиценция менен байланыштуу.