"Бир жарым сомдун ордуна 150 сом": Саламаттык сактоо министрлигиндеги териштирүү

Published

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу департаменттен коррупциялык схеманы аныктаганын айтууда. Буга байланыштуу сегиз факты боюнча териштирүү башталган.

"2020-жылдын 6-майында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогияга көзөмөл жүргүзүү департаментинин комиссиясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, жеке коргоонуучу заттар (комбенизон, медициналык кол кап, бахила) менен жабдууга эң төмөнкү бааларды сунуш кылышкан жеткирүүчүлөрдүн коммерциялык сунуштарын негизсиз четке кагышып, жогорулатылган бааны сунуш кылган «Ф» ЖЧКсы менен түз ыкмасы аркылуу келишим түзүүнү сунушташкан. Ошондуктан «Ф» ЖЧКсы коммерциялык сунуштардын шарттарын жана келишимдин талаптарын одоно түрдө бузушуп нитриловый кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 330 даана латекстен жасалган кол каптарды жана 150 000 даана 1,5 сомдук бахилдердин ордуна 1 500 даана 150 сомдук бахилдерди алып келишкен. Натыйжада Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана анын алдындагы департаментинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинен улам мамлекетке 5 175 200 сомдук материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар боюнча ар тараптуу жана объективдүү баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренелери (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы караштуулугу боюнча тийиштүү тергөө органдарына жиберилди",-деди Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Өткөн аптада эле Кыргызстанда коронавирус күчөп турган маалдагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш козголуп, бир нече жооптуу кызматтагы кишилер суракка чакырылган. Кыргызстанда июнь-сентябрь айларында өлүм-житим көп катталды. Көптөр муну коронавируска карата чабал аракеттен, даярдыктын жоктуганан улам болду деген пикирде.

2020-жылы өкмөт пандемиянын кесепеттерин жоюш үчүн сырттан 627,3 млн доллар жардам алган. Бирок анын чоң бөлүгүн бюджеттик чыгымдарга: айлык-акы, пенсия, жөлөк пул, карыздарды төлөөгө кетиргени айтылып жатат. Өтө аз гана бөлүгү COVID-19 менен күрөшүүгө сарпталганы ошол маалдагы өкмөт жетекчилерине болгон сын-пикирди күчөттү. Эми ошол жумшалган каражаттардын дагы коромжу колдонулганы тууралуу иликтөө башталган.