You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Хан Садыр жана анын урпактары
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу жана тарыхчы
- Published
Жакында айыл-апаны кыдырып жүргөнүмдө жакшы таанышым ата-бабасынын, урук-тууганынын санжырасы жазылган кол жазманы көрсөтүп калды. Аны барактап отуруп, кайсы-бир кылымда жашап өткөн ата уулунун тушуна "казактын колунан өлгөн" деп жазылган эскертүү көзгө урунду. Ошондо он сегизинчи кылымдын аягында болуп өткөн мына мындай окуянын тарыхы эсиме түштү.
Талас өрөөнүнүн этеги. Казактын каны Абылай хан кыргыздан жайнап колго түшкөн туткундардын ичинен бир өспүрүм баланын тез арада, таң атканча өлтүрүлүшүн талап кылып жатты. Байлоодогу баланын жашы он алтыда эле. Деген менен, кыргыз-казак чабыштарында даңкы чыккан кадимки Каманбай баатыр он алтыдагы ошол баланын баш-терисин жактырып, арачы түшкүсү келди. Өлтүртпөй аман алып калгысы келгенден, Абылай ханга минтип айтып көрдү:
"Абылай, өлтүрбөчү баланы,
Ырбатбачы жараны.
Бул да биздей эр экен,
Он алтыда ойронуң,
Оргуп чыгып жүр экен!"
Ал ортодо Абылай ханды коштогон көзү ачыктардын бири бул бала эрезеге жетсе ашкан баатыр болорун, казакка тынчтык бербеген кол башчы чыгарын болжолдоп айтып, хандын үрөйүн учурду. Эки анжы болгон хан, он алтыдагы балага эт тартып сынап көрөт. Баланын этти жегенине казактын сынчысы кантип сын бергени кыргыз санжырасында минтип айтылат:"Башты мыкчып алып, сол жаагын тийип ооз тийгени, атаңгөрү Абылай, аман-эсен бошонсом, акыры сол жаагыңды тилем дегени, эки көзүн тилип ооз тийгени - эки көзүңдү оём дегени, тилин кескени - тилиңди кесем дегени, жаагын ачканы - жаагыңды айрыйм дегени, башты бузуп, мээсин чыгарып салганы - мээңди ташка чачам дегени" ж.б. Ал эми казак фольклорунда баланын кылыгынын чечмелениши минтип сыпатталат:
"Ордуман туруп кетермин,
Ордоңду талкан этермин.
Тез өлтүр мени, тез өлтүр,
Өлтүрбөсөң сен азыр,
Кийин калган элиңдин,
Нак түбүнө жетээрмин".
Абылай хан көзү ачыгына көбүрөөк ишенип, ал балага ырайым берүүнү түк ылайык көрбөйт да, токтоосуз өлтүрүүнү буюрат. Өлтүртүп эле тим болбой, көкүрөгүн жарып, жүрөгүн сууруп, өз көзү менен көргүсү келгенин Белек Солтоноев эскерет.
Бул окуя бир бир кабарда 1774-жылы, бир кабарда 1780-жылы болгон.
Ал эми хандын ырайымы тийбей, он алты жашында душмандын колунан ажал тапкан бала баатырдын аты-жөнү Доскулу Садыр уулу эле.
Доскулунун атасы кадимки хан Садыр (хан Садыр Арзымат уулу) жер талаштан улам ырбаган кыргыз-казак чабыштарынын маалында Кетмен-Төбөдөн Таласка барып, ордо куруп, кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшкөн эрендердин бири. Ушул чабыштада Доскулу атасы менен чогуу туткунга түшүп, чогуу өлтүрүлгөнү белгилүү.
Ырымчыл көз караш өкүм сүргөн феодалдык заманда Абылай хан ошону менен хан Садырдын тукумун үздүм деп ойлогондур. Хан Садырдын Солтонкелди жана Бердикожо деген уулдары аман калып, алардын урпактары негизинен Кетмен-Төбөдө жашайт. Алар ар түрдүү тармактарда таанылып, ошол эле учурда атасы Хан Садыр менен Доскулунун эрдигин да эскерип турушат.
Санжыра жазылган кол жазманы барактап отурганымда, ушул окуяны эстедим.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.