Ички мигранттар шайлоого катыша алабы?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

10-январда өтө турган президенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири - "Форма-2" арызы жоюлганы. Мындан улам ички мигранттардын шайлоо укугу тууралуу маселе жаралды.

Шайлоо алдында коомдук маанайды иликтеген "Жалпы иш" фондусунун узак мөөнөттөгү байкоочу эксперти Арсланбек Өмүрзаков Би-Би-Сиге буларды билдирди:

"Ички мигранттардын кыймылын көзөмөлдөө оор нерсе. Алардын так санын айтуу кыйын. Болжолдуу эсеп менен алганда алар бардык шайлоочулардын 10 пайызын түзүшү мүмкүн. Алар буга чейин "Форма-2" арызы менен добуш берип келишкен. Эми ал жокко чыгарылган азыркы шартта, алар добуш берүү укугуна ажырашы мүмкүн. Бирок жакшы жери, "Форма-2" арызы тышкы мигранттар үчүн сакталды. Участкалык шайлоо комиссиясы бар жерлерде алар мурункудай эле добушун бере алышат".

Октябрда өткөн парламенттик шайлоолордогу негизги нааразылыктардын бири "Форма-2" арызына байланыштуу болгон. Анда жер которуп добуш берем деген шайлоочулар саны дээрлик жарым миллионго чыккан эле. Шайлоодо "Форма-2" арызы менен көз боемочулук болуп жатат деген нааразылыктардан улам, бул шайлоодо ал жокко чыгарылды.

"Форма-2" - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү туралуу арызы. Шайлоочу өзү каалаган жерден добуш бере алат жана анын бул укугун эч ким чектебеш керек деген негизде кабыл алынган документ. Туруктуу жашаган жеринен сырткары аймакта болуп калса, мындай арыз аркылуу алдын ала ошол жердиги шайлоо участогуна кайрылып, кошумча тизмеге кирүү мүмкүнчүлүгү бар эле.