Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жанданат

Published

Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму өттү.

"Тараптар коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды",-деп кабарлады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жолугушууда тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишкен. Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөөрү белгилүү болду.

Эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан чек ара маселеси үч жылдан бери ачык талкуулана баштады. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Ошол убакта чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган.

Маалыматтарга караганда, чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турат. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен. Бирок кыргыз тарап, ал жерлердин өткөрүлүшү канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келүүдө.

Экинчи тилке, негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча.

"Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн биз Өбекстандан бир топ жерди алып, өзүбүзгө өткөрүп алган экенбиз. Бирок эми ошол кезде эле жерлерди алмашуу учурунда биз берген жер менен алган жерлердин айырмасы асман-жердей экен. Мындайча айтканда, кара топурактуу, түшүмдүү жерлерди берип, суу чыкпаган же аз жеткен, түшүмсүз жерлерди алган экенбиз. Ошондон улам айрым адистер кошуналарыбыз суу сактагычтан аябай чоң киреше алганын айтып, аны кайра кайтарып алуу керектигин айтып келе жатат. Мен да буга кошулам. Мен иштеп турган учурда да ушул позицияда иш алып барганбыз. Бир кезде СССР пахатага абдан муктаж болуп калган. Пахта кездеме токуй турган эле сырье эмес, ракетанын кыймылдаткычтарынын отунуна керек болгон. Ал эми ал пахатаны Өзбек ССРи өстүрө алмак. Пахта аянттарын кеңейтүү үчүн суу сактагычтар курула баштаган. Карап олтуруп, Кара дарыянын чоң куймаларынын төмөн жагында тосмо курууга ыңгайлуу деп кууш жерине тосмо курган. Бирок ал жерлер үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң га жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп Фергена тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок ошол маселелрдин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган. Качан гана биз чек ара маселесин тактап баштаганда бул оркоюп чыгып калды",-деп айтып берген эле чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов буга чейинки маектеринде.

Талаштуу тилкелердин көбү мурдатан эле Сох, Шахимардан анклавынын тегерек чети, Анжиян суу сактагычынын айланасында жүрүп келгени маалым. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы бар: Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө. Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан чек ара тактоодо катаал позицияны карманып, сүйлөшүүлөргө сыртын салып келген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым. Расмий маалыматтарда чек аранын 1170 чакырымы такталганы айтылып жүрөт. (AbA)