Бишкек АКШ элчилигине сын айтууга аргасызбы?

Сүрөттүн булагы, duma.gov.ru
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисинин Раим Матраимов тууралуу айтканы тергөөгө басым болот деп билдирди. Министрлик бул өлкөнүн ички иши экенин айтты. Мындай билдирүү Жогорку Кеңештин төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Москвага сапары учуруна туш келди.
Тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүсүн Твитердеги баракчасынан жарыялады.
"АКШнын элчиси Дональд Лунун жакында жергиликтүү медиага чыккан видео кайрылуусунда ички иштерге кийлигишүү жана тергөөгө басым элементтери бар. Эл аралык мамилелердин жана улуттук мыйзамдардын бул кыйшайгыс принциптери эч кандай жакшы ниет менен да бузулбаш керек", - деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Бул билдирүү Талант Мамытовдун Москвага иш сапары учурунда чыкты. Ал 7-декабрда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен Москвада жолуккан эле. Эки тарап мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу пикир алышты.
Володин сөзүндө КМШга кирген өлкөлөрдүн жарандарын Европада нан менен кучак жая тосуп алган эч ким жок деди.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Келечекти карагандар келечек интеграцияда экенин түшүнүш керек. Ар кандай факторлорго жараша кайсы өлкөлөр менен интеграция артык экенин дагы караш керек. Эч кимди таарынткым келбейт, айрым өлкөлөрдө батышчыл ой-жүгүртүүсү бар саясатчылары интеграция боюнча сүйлөгөндө дароо Батыш, АКШ тарапты карашат. Кыйналганда болсо Орусияга кайрылат", - деди Вячеслав Володин.
ЕАЭСтин мүчө өлкөлөрү үчүн түзүлгөн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермекчи.
Ал эми АКШнын элчиси Дональд Лу Кыргызстандагы коррупционерлер менен күрөшүүгө жардамын сунуштаган сөзүн журналисттерге сыйлык тапшыруу аземиндеги видеодо сүйлөгөн.
Ал Кыргызстан үчүн акыркы бир жарым жылдагы эң маанилүү окуя пандемия эмес, элдин көтөрүлүүсү эмес, Раим Матраимовго каршы журналисттик иликтөө жана коомчулукта жаралган талкуу экенин айтты.
"УКМК 20-октябрда Раим миллионду кармады. Алар 22-октябрда Камчыбек Көлбаевди кармашты. Сот Раим миллионду өкмөткө 2 млрд сом төлөп берүү убадасы үчүн үй камагына чыгарганы чын болгон менен бул кадамдар башталышы гана. Бирок бул жетиштүү эмес, башы гана. Бул "Голливуддун" мафия тууралуу киносуна окшош. Бирок сиздер ал кино эмне менен бүтөөрүн билбейсиздер", - деген элчи бул аракетти аягына чыгаруу үчүн эрктүү лидерлер керек экенин белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Social media
Дональд Лу коррупция менен күрөшүүдө Кыргызстанды эл аралык уюмдар, АКШ колдой турганын айтты.
Бул билдирүүлөргө жана ТИМдин комментарийине коомдук тармактарда түрдүү пикирлер айтылып жатат. Айрым колдонуучулар ТИМдин билдирүүсүн жактап, башка өлкөлөр кийлигишпеш керек десе, экинчи тарап элчинин сөзүндө калет жок дешүүдө.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков АКШ Кыргызстанга жардам берүү тууралуу белги берип жатканын, жакындоого аракет кылганын айтууда.
"Америка адатта жардам бергиси келген мамлекеттерге ушундай сунуштарды, ойлорду айтып, өзүнүн позициясын билдирет, - дейт Жээнбеков. - Азыр Украинага, Грузияга көп жардам берип жатат. Ал жерде коррупция менен күрөшүү боюнча, мамлекетти башкаруу боюнча, демократияны өнүктүрүү боюнча элчиликтер активдүү көз караштарын айтат. АКШнын Кыргызстандагы элчисинин билдирүүсү боюнча Кыргызстанга жакын болууну каалады, жардам бергиси келди деп ойлойм".

Сүрөттүн булагы, duma.gov.ru
Жээнбеков дайыма Орусиянын орбитасы катары жашап келген Кыргызстан үчүн эгемендүү саясат жүргүзүү убактысы келди деп эсептейт. Бирок анын пикиринде, Орусиянын айрым мамлекеттик кызматкерлеринин жаңы бийликти тааныбагандай ишаараттары жана каражат маселеси өлкө жетекчилерин коркутуп жатат.
Саясат талдоочу Игорь Шестаков Кыргызстандын тышкы саясаты сырткы экономикалык алакаларына жараша болоорун айтууда. Кыргызстан Орусия менен географиялык жактан да жакын. Шестаков Орусия Кыргызстанга пандемияны жеңүү үчүн 8 млн доллар каражат бергенин, азыркы 100 млн доллар насыяга да макул болгонун белгиледи.
"Төрага Володин башка өлкөлөрдү мисал келтирип ушул тууралуу айтып жатат. "Достук, кызматташтык боюнча айтасыңар, маселе пайда болгондо Орусияга кайрыласыңар" деди. Пандемия элдин саламаттыгына гана таасир этпестен Кыргызстандын тышкы саясаттагы багытын да аныктайт. Бүгүнкү күнү өлкөгө инвестиция келген жок. Негизги каражат мигранттардан кирүүдө. Айтайын дегеним, мамиледеги артыкчылыкты аныктоо өлкөнүн жетекчилигинин колунда гана эмес, коомдо дагы", - деди Шестаков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов да негизги экономикалык алака Орусия менен түзүлгөнүнө көңүл буруп, ал менен мамиле жакшы болуш керектигин белгиледи. АКШнын же Европанын Кыргызстанда кызыкчылыгы, аймактык жакындыгы жок, бирок Кыргызстан АКШдан демократияны, өнүгүү жолдорун үйрөнүш керек.

Сүрөттүн булагы, forumdaily.com
"Ички саясатыбызды өзүбүз жүргүзүп, ал эми экономикалык карым-катнашты ар ким менен жасаш керек да. А түгүл АКШдан деле "силер Орусияга жакынсыңар, экономикалык алакаңарды жасай берсеңер каршы эмеспиз, демократия орнотсоңор адам укуктары сакталат, коррупция жок болот" деп айтышкан. Биз демократия түзсөк өнүккөн өлкөлөр менен жакшы мамиле куруп кетебиз, каржылык жана башка колдоо болот. Өзүбүздүн ички саясатыбызда реформа кыла албасак демократиялык мамлекеттер да бизге көңүлкош болот", - деген оюн айтты Абдрахманов.
Ал ТИМ АКШнын элчисинин билдирүүсү тууралуу комментарий берүүгө аргасыз болду дейт. Бул билдирүү Мамытовдун сапары учуруна туш келгени бекеринен эмес деп санайт. Болбосо Кыргызстан АКШдан андан мурдараак эле каржылык колдоо сураган. Элчи менен тышкы иштер министри саналуу күн мурда сүйлөшүп жардам сураганын коомдук тармактардын колдонуучулары да белгилеп жатышат.
































