"Орусиядан саясий колдоо издеп": Талант Мамытовдун Москвага сапары

Published

Президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов расмий иш сапары менен Москвага барды. Ал Мамлекеттик Думанын төрагасы жана башка уюмдардын башчылары менен жолугары кабарланган.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Москвага 6-декабрда учуп кетти. Ал Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.

Андан тышкары Талант Мамытов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясников жана КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен көрүшмөк.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, Думанын төрагасынын чакыруусу менен барган Талант Мамытовдун жолугушуусунда парламент аралык маселелер жана Кыргызстандагы окуялар сөз болушу мүмкүн. КМШ болсо көбүнесе маданий кызматташтык жана жалпы маселелерди кароо деңгээлинде деди Сариев. Ал эми Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстан көтөрө турган олуттуу суроолор турат.

"Биримдикке киргенибизге беш жыл болду. Бир топ жеңилдиктерди алганбыз, алардын баары бүттү. Техникалык регламент толук күчүнө кирип жатат. Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна киргенде алган жеңилдиктери да бүтүп жатат. Соода эрежелерин сүйлөшүш керек. Казакстан менен чек арадагы абал көтөрүлүш керек. ЕАЭБдеги бардык чечимдер консенсус менен кабыл алынат, бир мамлекет бир добуш болуп эсептелет. Ал жерде "бул чоң мамлекет" деген жок. Аргументтерди айтып, жүйөөлүү себептерди келтирип, кызыкчылыктарды коргобосо алар башкасына макул боло берет",-деди Би-Би-Сиге Т.Сариев.

Талдоочулар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы негизги маселе азыр акчалай жардам алуу дешет. Октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки туруксуздук мезгилинде Орусия бардык жардамдар убактылуу токтотуларын айткан. Кыргызстанга 100 миллион доллар кредит берилери жакында белгилүү болду.

ЕАЭСтин мүчө өлкөлөрү үчүн түзүлгөн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 100 миллион долларды коронавируска каршы күрөшүү чараларына берери августта чечилген эле.

Мамытов Мосвкада президенттин милдетин аткаруучу катары эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы катары кабыл алынып жатканын белгилеген саясат талдоочу Марс Сариев Орусия шайлоолор толук бүтмөйүнчө этият мамиле жасайт дейт.

"Орусия азыр Кыргызстанды ачык, расмий кубаттабайт. Бирок Артём Новиков барып келди, эми Талант Мамытов. Кантсе да Орусия Кыргызстанга саясий колдоо көрсөтүп жатат. Бир жагынан бул жолугушууларды саясий жактан азыркы бийликти колдоо катары кабыл алса болот. Экинчи жагынан 100 миллион доллар кредит маанилүү. Алар толук колдоо көрсөтүү үчүн президенттик шайлоону күтүп жатышат. Андан кийин биз мурдагыдай стратегиялык өнөктөш боюнча калабыз деп ойлойм", - деген оюн бөлүштү Марс Сариев.

Бир апта мурда өткөн ЖККУнун онлайн жыйынында Талант Мамытов биринчи жолу президенттин милдетин аткаруучу катары башка лидерлер менен байланышкан. Бул жыйында Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан турукташып баратканына канааттанганын билдирген.

18-ноябрда Талант Мамытов Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуп, мигранттардын Орусияга кирип чыгуусу жана эки өлкөнүн паламенттери ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз кылган эле.

Мурдагы дипломат Алмаз Окин жаңы бийликке келген кишилер үчүн айрыкча башка лидерлер менен кызматташып, кеңешип турушу маанилүү экенин айтууда:

"Максаты, мааниси тууралуу маалымат же документи жок болгондон кийин жолугушуулардын натыйжасы жакшы болсун деген эле үмүттү айта алабыз. Экономикалык, соода мамилелери боюнча чечилбеген суроолор абдан көп. Ошолорду талкуулаш керек".

Талант Мамытов 4-ноябрда парламенттин төрагасы болуп шайланган. Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоого катышканына байланыштуу 15-ноябрдан тарта Мамытовго президенттин милдети өткөн.