You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Талант Мамытовдун спикерликке келиши белгилүү болчу"
Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун шайланышы менен өлкөдө бийликти узурпациялоо жүрүп жатат дешет айрым эксперттер. Ал эми Өмүрбек Текебаев баш болгон айрым саясатчылар мыйзамдуулукту коргоо аракети деген баасын айтты.
"Республика-Ата-Журт" фракциясы сунуштаган Талант Мамытовду 101 депутаттын жүзү колдоду, бир эл өкүлү каршы добуш берди.
Саясат талдоочу, парламенттик шайлоого "Бир бол" партиясынан талапкерлигин койгон Руслан Акматбек мындай сценарий алдын ала баарына белгилүү болчу дейт.
"Президенттик шайлоо келе жатат. Садыр Жапаров анда өзүн негизги талапкер катары көрөт жана бийлик тарабынан колдоого ээ болуш керек. Талант Мамытов президениттин милдетин аткаруучу катары күтүлгөн колдоону камсыз кылып берери шексиз. Болбосо бийлик бутактарынын башына досторунун, санаалаштарынын келип калышы жөн жерден эмес. Коом түрдүү бүдөмүк ойлорго жетеленип жатат. УКМК, Башкы прокуратура, мына эми парламент... Президенттик шайлоо эски адаттагыдай эле катуу көзөмөл менен ишке ашып, тобокелчиликтерди минимумга түшүрүү зарыл", - деп билдирди Руслан Акматбек.
Юрист, жарандык активист Сания Токтогазиева спикерди шайлоо жүрүп жатканда "ушу тапта бийликти максаттуу түрдө узурпациялоо ишке ашырылууда" деп жазды.
"Садыр Жапаров эми Баш мыйзамдын эрежелерин бузуп мөөнөтсүз шайлоодо президенттин кызматына талапкерлигин койгону жатат. Бардык негизги кызматтарды анын жакын достору жана үзөңгүлөштөрү жетектеп жатат. Ташиев УКМКнын төрагасы. Зулушев башкы прокурор. Талант Мамытов ЖКнын төрагасы болгону турат. Баш мыйзамды одоно бузуу менен Жапаров жана анын командасы ЖКнын такыр легитимсиз 6-чакырылышы аркылуу 20-декабрда өтчү парламенттик кайра шайлоону токтотту жана Кыргызстандын тарыхындагы эң шерменде чакырылыштын ыйгарым укуктарын өз билемдик менен узартты", - деди Токтогазиева.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстанда бийлик алмашууда саясат дайыма бир багытта жүрөт - ал өзүнүн күчүн бекемдөө аракети деди.
"Азыр деле ошондой болуп баратат окшойт. Үч дос бийликтин баарын алды. Мейли, ага ичибиз тарыбайт. Бирок маселе алардын эмне жумуш кылаарында. Кандай реформаларды жасайт, кеп ошондо. Мажоритардык шайлоого өтөбүз деп жатат. Бул система артка чегингендик. Анткени аны башыбыздан өткөргөнбүз. 1990-жылдардан баштап эле бардык жерде сатып алуу болгон, "өзүбүздүн кочкорубузду" коёбуз деп айыл айыл, уруу уруу болуп тытышышкан", - деди Абдрахманов Би-Би-Сиге.
Депутаттардын ишенимине ыраазычылыгын айткан Талант Мамытов, кызмат келет кетет, бирок абийир түбөлүктүү деп алардын ишенимин актап иштээрин айтты. Ал биринчи жумушун парламенттин тонолгон имаратын оңдоодон, анын темир кашаасын алуудан баштаарын билдирди.
Жаңы спикер шайланаардын алдында азыркы бийликке айтылып жаткан сындарга жооп бере кетти.
"Легитимдүүлүк боюнча маселе козголуп жатат. Конституциянын 71-беренесинин талаптарына ылайык, парламенттин мөөнөтү беш жыл. Бирок шайлоо жараксыз деп табылган учурда жаңы чакырылыштын биринчи отурумунан кийин эски чакырылыш өз укугунан ажырайт деген берене бар. Ошондуктан бүгүнкү күнү парламент толук кандуу иштеш керек", - деди Мамытов.
Ал эми депутат, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Талант Мамытов бийликтин бирден бир легитимдүү органынын башына келатканын айтты:
"Көпчүлүгү бүгүн төраганын алмашканын конъюнктуралык тактикалык кадам катары түшүнүп жатат. Досу президентигин таштап шайлоого кетсе, ошонун ордун кайтарганы Талант Мамытовду коюп жатат дешүүдө. Алдын ала айтып койгум келет, сизди биз колдойбуз. Бирөөнүн ордун кайтарууга эмес, өлкөдөгү мыйзамдын сакчысы болуп келип жатасыз".
Текебаев парламенттик башкаруудан Кыргызстан баш тартса 30 жыл артка кетээрин кошумчалады.
Вице-спикер Аида Касымалиева бийликтин легитимдүү жолго коюу боюнча Талант Мамытовго кайрылып, ал бир гана мыйзамдагы каралган эрежелер эместигин белгиледи.
"Биз премьер-министрди кызматка бекитип жатканда эмне үчүн легитимдүүлүк деп жаттык, - деди Касымалиева. - Легитимдүүлүк бул бир гана мыйзамдын же процедуралардын сакталышы эмес. Бул элдин бийликке ынанышы. Легитимдүүлүктүн мааниси мыйзамдуулуктан дагы жогору. Алдыда реформага барабыз деп жатабыз, ал боюнча элдин ар кандай пикири бар, бир мандаттуу дегендер да бар. Менин жеке позициям - парламентаризмди күчөтүш керек. Ар кандай пикир бар, анын ачыктыгын, талкууга аянтчаны камсыз кылышыбыз керек".
Мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова "мажоритардык система бул артка жол. Аялдар дагы, жаштар дагы парламентке келбей калышы мүмкүн" деп жазды.
Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстан партиялык системаны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеш керек деди. Ал үчүн шайлоо өнөктүгү узакка созулуп, эл дебаттар аркылуу өзү ынанган талапкерди тандоого мүмкүнчүлүгү болуш керектин айтты.
Ал тапта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламент аралаш система менен шайланаарын билдирди. Ал шайлоо конституциялык реформаны ишке ашырып алгандан кийин өтөөрүн айтты. Айтымында, эл арасында парламенттик башкарууга жана партиялык системага каршы чыгып, мажоритардык шайлоону, президенттик башкарууну талап кылгандар бар.
Талант Мамытов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып элдин нааразылыктарына шайлоо жыйынтыктары себеп болгонун, андан сабак алыш керектигин айтты. Ал жыйынтыгы жокко чыгарылган, элдик толкундоолорго жол ачкан акыркы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясында тизмеде экинчи болуп барган. Спикерликтен өз ыктыяры менен кеткен Канатбек Исаев бул партиянын лидери жана тизмеде биринчи болчу.
Талант Мамытов Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен 2012-жылы "Бийликти күч менен басып алуу аракети" беренесине ылайык соттолгон. Ошол кездеги судья Курманкул Зулушев алардын кызыкчылыгындагы чечимди чыгарып, кийин "Ата-Журт" партиясы менен депутаттыкка келген.