Жумгалдагы тоонун урандысы жолду эле эмес, дарыяны да бууп калды

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Күр этип тоо көчүп, уюлгуган будуң-чаңдан теребел көрүнбөй калган видео тасма интернетке желдей тарады. Жумгал районундагы тоо көчкөн жерге барган өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун айтымында, кулап түшкөн тоонун боорунда мурда эле жараңка болгон экен.
Көргөндүн үрөйүн учура турган бул көрүнүштүн добушу эле сестендирбей койбойт. Бери дегенде эле беш мүнөттөй кулап, көчүп жаткан тоо теги чындап көп суроого жем таштады. Адегенде тоо боорундагы таштар кулап баштаса, көп өтпөй зоонун имараттай зор бөлүгү таш талканы чыгып кыйрап, көчүп түштү. Бул табигый эле кубулуш болдубу же адамдын жол салабыз, тонналап жүк ташыйбыз деген сыяктуу аракеттеринин таасиринен чыктыбы деп талкуу кызып турган чак.
Би-Би-Си Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров менен маек курду.
З.Аскаров: Бул 14-сентябрь күнү болду. Мен Баткенде иш сапарында элем. Дароо Нарынга карай жолго чыктык. Кечээ түштөн ооп, ал жерге жетип, баарын өз көзүм менен көрүп келдим. Мени менен кошо бир нече адис барган эле. Алар да тиешелүү иштерин жүргүзүп, улантып жатышат. Биз барган учурда да тоо тектери маал-маалы менен кулап жатты. Адистердин алгачкы тыянагы боюнча, бул тоонун боорунда мурун эле чоң жарака болгон экен. Ошол аркылуу жылдап жаан-чачын, агынды суулар тоо кыртышына тереңдеп кире берген экен.
Тоонун үстүнкү кыртышы кыйла эле катуу болгону менен анын ички жагы аралаш экен. Борпоң жери да бар, чопосу да, шагылы баары аралаш дегендей. Суу сиңип жүрүп олтуруп көчкүнүн жүрүшүнө таасирин берди деп жатабыз. Маанилүү эки жагдай бар экен. Биринчиден, түшкөн тоо тегинин көлөмү 1 млн куб метр болгондуктан жолдун бир багытын бөгөп калды. Бул өтө көп көлөм болгондуктан муну тазалап, жолду кайрадан ачуунун зарылдыгы жок деген чечимге келдик. Экинчиден, бул уранды жолду эле эмес, сууну да бөгөп салды. Чоң эмес, чакан тоо дарыясы бар экен. Суу азырынча топтолуп жатат. Адистердин тыянагы боюнча суу акырындап урандыны көзөп өтүп, кайра эле мурунку нугуна жол таап чыгып кетет деп жатат. Бизди кубандырганы бактыга жараша эч ким жабыр тарткан эмес.
Би-Би-Си: Жолду бөгөп калганы белгилүү болду. Эгер ал ачылбай турган болсо мындан ары транспорт каттамы кантип жөнгө салынат?
З. Аскаров: Убагында дал эле ошол аймакта дагы бир жол курулган экен. Иш оңой болот деген жүйө болсо керек, жолдун бир багыты катары азыр бөгөлүп калган жол салынып, эски жол токтоп калыптыр. Биз ошол эски жолдун 500-600 метр жерин улап бүтүрсөк эле кайрадан каттам маселеси чечилет. Ага бир жумадай убакыт талап кылынат го деп турабыз. Көмүр азыр башка маршрут менен ташылып жатат.
Түшүндүрмө: Сөз болуп жаткан жол тилкеси бөгөлүп калганга чейин "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалыматы боюнча 25-30 миң тонна көмүр ташылган. Анын басымдуу бөлүгү борбор калаадагы көмүр кампаларында. Ишкана көмүр казуу токтоп калбагандыктан жана жакын арада кайрадан мурункудай калыпта ташып жеткирүү ишке ашаарын жүйө келтирип, көмүрдүн баасы кымбаттабайт деп ишендирди.
































