You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эл эңсеген эгемендиктин эйфориясы тараганда...
Кыргызстан эгемендикке ээ болгон токсонунчу жылдардын башында кыргыздар калпагын көккө ыргытып, эми эч кимге күңкор болбой, өз тагдырын өзү чечип, башка өлкөлөр менен өзү каалагандай тең ата саясат жүргүзүп, канга салам бербей өнүгүп кетебиз деп ойлошкон. Бирок андан бери өткөн отуз жылга таяган убакыт ичинде ошол жаркын тилектерге, үмүттөргө суу сепкен кесепеттүү окуяларды баштан кечирди. Коррупциядан таза башкаруу, чыныгы демократиялык түзүлүш, чыныгы эгемендик кыргыз эли үчүн дагы деле алыстагы кыял-тилек бойдон калууда.
Коррупциялык режимди орнотту деп айыпталып, бир эмес эки президент сыртка качты, дагы бири темир тор артына түшүп, сот жообуна тартылууда. Ошол эле убакта журт башына келген жаңы башкаруучунун бийликтин төрүнө чейин чырмаган коррупцияга каршы аесуз күрөш жарыялашы өзүнчө салт болуп калды.
Президент Сооронбай Жээнбеков эгемендик күнүнүн алдында коррупция менен күрөшүүнүн жаңы стратегиясын жарыялады. Эки күн мурда Улуттук биринчи радиодогу маегинде мамлекет башчы бул күрөштө анын эң чоң үмүтү санариптештирүү саясатында экенин баса белгиледи.
»Бул багытта күрөш жүрүп жатат. Бирок, «уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей, кадрларды алмаштырсаң деле, кээде эч нерсе өзгөрбөйт, тескерисинче, айрымдары коррупциялык схема түзүп, кирип кетип жатышат. Ошонун баарын тең санарип жоет. Бул экономиканы дагы өнүктүрөт жана коррупцияны кыскартат», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Коррупцияга каршы күрөштүн жаңы стратегиясынын долбоору сентябрь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралмакчы. Ошондой эле укук коргоо органдарынын коррупция менен күрөшүүдөгү эки жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылат.
Декоративдик жүздөр
Кыргызстан эгемендик күнүн бир айдан кийин боло турган парламенттик шайлоого кызуу даярдык маанайында тосуп жатат. Шайлоого катышарын башынд 44 партия билдирген. Бирок БШКга тийиштүү документтерин тапшырганга 16 партия гана жетишти. Бийликчил деп аталып жаткан "Кыргызстан" партиясын убагында тийиштүү тартипте документ тапшырбаганы үчүн документтери алынбай, азыр андан чыккан чыр-чатак боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.
Шайлоого аттанган партиялардын талапкерлер тизмесинде бул жолу жаңы жүздөр, жаңы муундун саясатчылары көп болуп жаткандай. Эки жолу революция жасап, бийлик алмаштырган менен коррупциялашкан системанын жоюлбаганынан көңүлү калган элдин аздыр-көптүр үмүтү жаңы муундун өкүлдөрүндө болуп жатат. Бирок азыркы саясий элита жаштарга оңой эле жол бере койбойт, бул утурумдук декоративдик көрүнүш дейт саясат талдоочу Алмаз Тажыбай.
"Саясий элита жемкорлук менен аралашып калган. Алар өздөрүн түрмөгө отургуза турган жаңы муундун келишин каалабайт. Ошон үчүн буларга каршы чыгат. Жаштарды жамынып алып, эски элита бийликке келген атат деген сөз ошон үчүн болуп жатат. Партиялардын тизмесинин башын карасаңыз, баары эле жаңы адамдар болуп жатат, а бирок ошол адамдардын артында эски саясатчылар турат, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү каалаган адистер, талапкерлер арасында жок".
Саясаттагы люмпенизация
Эгемендик жылдарынын башындагы легендарлуу парламенттин убагында өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда улуттук интеллигенциянынын таасири абдан чоң болгонун айтышат. Андан кийинки жылдары саясатта жапайы капитализмде байыган коммерсанттар, капчыктуулар алдыга чыгып, инттеллигенция четке сүрүлүп, коомдо люмпенизация орун алып жатканын белгилешет аналитиктер.
"Биздин коомдук кубулушка ой айтуу, пикир айтуу мааданиятыбыз активдүү болбой калды. Биринчи кезекте ал интеллигенциядан байкалат. Азыр саясий аренаны, башканы караңыз, кимдер чыгып атат, кимдер чыгып алды. Саясатта жана коомдук турмушта люмпенизация болуп атат. Азыр билимдүү, илимдүү адамдар экинчи планга чыгып калды. А интеллигенция отуз жыл ичинде өзүнөн өзү мокоп жоголууда",-дейт Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев.
Төрт-кабаттуу бюрократиялык-коррупциялык система
Жакында президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодон кийин эгемендиктин башынан бери былкылдабай келаткан административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо иши башталарын билдирди. Эгемендиктин алгачкы жылдары Акаев өлкөнү алты облуска бөлүп башкарган, ага кийин Баткенде согуш чыкканда дагы бир облус кошулган. Экономикасы бүкчүйгөн кичинекей өлкө үчүн жети облус, кырк районго бөлүнүү ашыкча административдик жүк, өзүнчө эле төрт-кабаттуу бюрокартиялык-коррупциялык система болуп өнүгүүгө тоскоолдук жатканы көптөн бери көтөрүлүп келаткан маселе. (КС)