Эгемендик тарыхы: демократтар жана партократтар

Published

"Майдан" Кыргызстандагы биринчи эркин газета, 1991-жылы "Кыргызстан Демократиялык Кыймылы" чыгарып баштаган. Андагы макалалардын башкы идеологиялык багыты демократиялык жаңыланууларды колдоо жана коммунистик партиянын кризиске кептелген саясатын сындоо болгон.

Газета менен активдүү кызматташкан карикатурист Суусарбек Исраиловдун карикатура сүрөттөрүнүн башкы каармандары дагы ошол убактагы демократиялык кыймылдын лидерлери жана аларга каршы турган коммунисттик башкаруучулар эле.

Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти болуп шайланып, жаш эгемен өлкө менен өнүккөн мамлекеттердин дипломатиялык мамилесин, соода-экономикалык алакасын түзүп баштаган.

Кыргыз жазуучулар бирлигинин катчысы Казат Акматов акын-жазуучулардын ичинен коммунисттердин саясатына биринчилерден болуп активдүү каршы чыгып, КДКнын теңтөрагасы болуп шайланган.

Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Жумгалбек Аманбаев коммунисттерге элдин ишеними кетсе дагы баары бийликти колдон чыгарбоонун бардык аракетин көргөн.

Салижан Жигитов мурдунан алысты көрө албаган коммунисттик башкаруучуларды катуу сындап, демократиялык жаңыланууларга дем берген сөздөрүн айтып турган.

Ѳмүрбек Текебаев ошол убакта Базар-Коргондо мектептеги физика мугалими кесибин таштап, Бишкектеги чоң саясатка жаңы кошулуп, элге тааныла баштаган.

Суусарбек Исраиловдун карикатура сүрөттөрү