You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ИИМ тажик-кыргыз мигранттарынын мушташы боюнча билдирүү таратты
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз-тажик мигранттары ортосундагы калайман мушташ боюнча билдирүү таратты.
"Жакында маалыматтык агенттиктерде Екатеринбургда кыргыздар менен тажиктер арасында мушташ болгон видео чагылдырылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2020-жылдын 19-июль күнү Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде кыргыз жана тажик улутундагы жаштардын катышуусунда мушташ болгон. Бул чыр-чатак кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жаш адамдар тийишип койгондуктан келип чыгып, ар бир тараптан 10-15 жакын адам катышкан. Алардын көбү РФдин жарандары болот. Кыргыз улутундагы улуу адамдар тарабынан мушташтын күчөп кетишин алдын алууга мүмкүн болгон. Ошондой эле, кыргыздардын жана тажиктердин коомдук диаспоралык уюмдарынын мүчөлөрү менен активисттер дагы тартылган. Жайынтыгында мушташтан денесинен ар кандай жаракаттарды алгандар бар",-деп айтылат билдирүүдө.
Орусиянын укук коргоо органдары бул окуяны териштирүүгө алууда.
"Ошол эле күнү WhatsApp социалдык тармагында кыргыз жаштары тарабынан тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды деген жалган маалыматтар тарай баштаган. Маалыматта 20-июль күнү Екатеринбург шаарында чогулуп, тажиктерден өч алууга чакырышкан. Массалык кагылышууну болтурбоо менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн "Урал Элдеринин үйү" коомдук уюмунун имаратында кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан кыргыз жана тажиктердин коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлөт.Азыркы учурда, ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын полициясынын 11-бөлүмү тарабынан катталган материал боюнча алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат. Андан соң, ошол эле күнү кыргыздар тарабынан WhatsApp мессенджери аркылуу агрессивдүү маанайдагы адамдар өз мекендештерин болуп өткөн чыр-чатакты күч менен чечүүгө чакырып, анын жыйынтыгы менен 30-40 кыргыздар менен андан эки эсе көп тажиктер топтолгон видео тараган. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып алынып, ал орусиялык ЖМК аркылуу тарап, эки кыргыз жабыр тартканы жана алардын абалы канаттандыраарлык экендиги айтылган. Ошондой эле, кайра WhatsApp мессенджерин колдонгон кыргыздар чыр-чатактан эки кыргыз өлтүрүлгөнү жана аларга кайра күч колдонуу менен жооп берүү үчүн 2020-жылдын 22-июлунда чогулууга чакырышкан видео тараган. Жогоруда боло турган чыр-чатак Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алынып, бардыгы кармалган",-деди ИИМ.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү мекендештерин "кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды" таратуудан алыс болууга чакырды.
Апта башында Орусиянын Екатеринбург шаарында эки күн катарынан Кыргызстан жана Тажикстандан келген мигрант жаштар калайман мушташка аралашканы айтылган. Бул маалыматты орусиялык басылмалар жазып чыкты. Бирок кечээ күнү дагы коомдук сайттарга үрөй учурган тасмалар тараган эле.
Орусияда иштеп, Би-Би-Си менен кызматташкан журналист Калыйнур Калмырза уулу "Кыргызстан-Урал" диаспорасынын жетекчи орун басары Эмиль Самиев менен байланышып окуя тууралуу сураган.
"Окуянын башы жаш балдардын талашынан чыккан. Ал жерде бир команда футбол ойноп жаткан, экиничиси волейбол ойноп жаткан. "Топту берип кой" дегенден чатакташа кетиптир. Бүт эле жаш балдар экен. Башында аз эле адам болуптур, кийин бири-бирин чакырыптыр. Бүгүн диаспоралардын жолугушуусу болуп, сүйлөштүк. Эки тараптын аксакалдарынын ынтымагы жакшы. Жаш балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз",-деди Э.Самиев.
Жергиликтүү тургундар мушташты видеого тартып алып, коомдук сайттарга жарыялашкан. Е1.RU сайтына тажик диаспорасынын жетекчиси Фарух Мирзоев маек берип, "мушташка аралашкандар өспүрүмдөр" экенин ал дагы ырастады.
Мушташ болгон жерге келгенде баары качып кетишкен. Кечээ кечинде дагы саат 21:30 чамасында жыйылышкан экен, деди ал.
Окуя болгон жерге полиция жана диаспора өкүлдөрү келген. Бирок эч ким кармалган эмес. Күбөлөрдүн айтымында, биринчи жолку мушташка 80 чамалуу киши аралашкан. Эки жолку калайман мушташты тең тасмага тартып алышкан. Кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын чоң бөлүгү Орусияда.Ошол эле маалда Орусия аймагында миллион чамалуу тажик жарандары эмгектенет. Буга чейин дагы мигранттар аралашкан калайман мушташтар катталып келген эле. (AbA)