Орозо айт намазы мечитте жана аянтта окулбайт

Published

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жолку Орозо айт намазы мечитте жана аянтта окулбай турганын эскертти.

"Өлкөдө коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз",-деп айтылат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан билдирүүдө.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев Би-Би-Сиге өлкө боюнча бир дагы мечитте эл чогулбашы үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Бүгүн Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев облустук казылар менен онлайн жыйын өткөрүп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Айылдык имамдарга чейин эскертилип, маалыматты жеткирүү жагын колго алууну сүйлөштү",-дейт М.Атабаев.

Мусулмандар үчүн ыйык саналган Орозо айы коронавирус инфекциясы күчөп, кырдаал курч болуп турган маалга туура келди. Бул жылы көп өлкөлөрдө мечитке чогулуп намаз окуганга жана массалык ооз ачууга тыюу салынды. Кыргызстандагы мусулмандар Орозо айындагы намазды дагы үйдөн окушкан.

Коронавирустун жайылуу кооптуулугунан улам Кыргызстанда 17-марттан тартып жума намазын мечиттерде окуганга тыюу салынган эле. Коронавирустун алгачкы учуру Кыргызстанда кичи ажылык зыяратка баргандардан табылган. Айрымдары өзүн изоляцияда кармоо эрежелерине баш ийбей, туугандарына той дагы өткөрүп жиберишкени белгилүү болгон. Зыяраттан келгендердин бири 150дөй киши чакырып, той берген. Кийин андан коронавирус табылып, бир нече кишиге жуктурганы ачыкка чыкты.

Быйыл Сауд Арабиясы зыяратчылар үчүн ыйык жайларды убактылуу жапкан.