You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Асылбек Маратов: Ачыгын айтып берейин, мени коркуткан эч ким жок
Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевге аза күтүлүп жаткан маалда анын шакирти, төкмө акын Асылбек Маратовдун билдирүүсү желдей тарап, кызуу талаш-тартышка жем таштады.
Эки күндөн бери "маркум Элмирбек Иманалиевге ошол учурда дарыгерлер кайдыгер мамиле кылып, биринчи жардам өтө кеч көрсөтүлгөн" деген кеп-сөз күчөдү. Атайын териштирүү жүрсүн, дарыгерлер жооп берсин, аларга чара көрүү керек, деген сыяктуу талаптар да айтылды.
Би-Би-Си кабарчысы Абдыбек Казиев төкмө акын Асылбек Маратовго кайрылып, окуянын чоо-жайын сурады.
Асылбек Маратов: Алды менен өнөрдү сыйлап, залкар устатыма күйөрмандык кылып келген жалпы журтка көңүл айтам. Мындан ары жалаң жакшылыктын кебин сүйлөйлү. Эми сиз узаткан соболго келсем, ал-бул деп сөздү көбөйтүп, актангандай түр көрсөтө бербейин. Бул жерде жаным ачышып турганда каталык, сөздөн чекилик кетирип алдым. Эл ошого удургуп кетти. Устатымды үйүнөн "Тез жардам" алып кетти дегенди угуп эле чапкылап артынан жөнөдүм. Мен барганча эле тиешелүү аракеттерин көрүп, Фучик тараптагы ооруканадан президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканага алып келишиптир. Мен ошол жерден барып калдым. Эсибиз чыгып турганда такталбаган бир топ кеп сөздү уктум. Элмирбек байке үзүлүп кеткенин билгенимде эңги-деңги эле болуп калдым. Айланкөчөк болуп жүргөнүбүздө, айланчыктап жүргөн журналисттер суроо салып калды. Күйүт менен ооздон чыкканын айткан экем. Кыязы, бирөөнү күнөөлөп, өзүмдү сооротсом керек. Анан эле бул сөз кайдан чыкты болуп, талаш-тартыш башталган экен. Акын агам Мирлан Самыйкожо болгонун болгондой Facebook аркылуу жазды. Ал киши ал жерге менден мурун барган адам катары окуяны толук билет. Так жазды. Катачылык менден кетип калды. Кечирип коюңуздар! Ажал деген ушул экен...
Би-Би-Си: Асылбек адегенде башканы айтып, кийин пикирин өзгөрттү, коркутуулар болгон окшойт, деген кептер тарады. Өзүңүз деле угуп жаткандырсыз?
Асылбек Маратов: Ачыгын айтып берейин. Мени коркутмак турсун көңүл эле айткан кишилер. Антип айт, минтип айт деп мени милиция да, атайын кызмат да коркутмак турсун, жаныма бирөө басып келген жок. Эч кандай телефон чалуу болгон жок. Талкууласаңыздар мени талкуулап, сөксөңүздөр мени сөгүңүздөр дээр элем. Устатымды жайына жөн жаткыралы. Жөн жерден дарыгерлерге акараат келип калды. Атайын биринчи айткан кебимди төгүндөп, жокко чыгарып, алдыңыздардан өтүп жатам. Чындык ушундай туугандар.