You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
«Өкүнүп, уялып жатам»: Москвада баласын урган кыргыз акылына келдиби?
- Author, Калыйнур Калмырза уулу
- Role, Москва шаарындагы журналист
- Published
Москвада кичине баласын уруп сабап, бүтүн элге дүң болгон кыргыз жараны өзүнүн ишине өтө өкүнүп, уялып жатканын айтууда. Жеткинчек баласын сабап жаткан адамдын тартылган видеосу коомдук сайттарга тарап, абдан катуу нааразылыкты жараткан эле.
Баласын урган кыргызстандык жаран түбү Ала-Бука районунан экени, Москвага үй-бүлөсү менен өткөн жылы барганы дароо эле такталып, маалымат тараган. Милиция менен Москвадагы кыргыз элчилиги аны издеп жатканы айтылган.
Элге аты Эмил деп таанылган жигит Би-Би-Сиге айткан жообунда ага кечээ эле милициядан, элчиликтен адамдар барып кеткенин билдирди.
«Кечээ ошол видео боюнча жергиликтүү полицейскийден, биздин элчиликтен келди. Урганың чынбы, эмнеге андай болгон, ачууга алдырдың деп аныктап сурап кетишти. Чогуу жашагандардан сурашты. Азыр баламдын абалы жакшы, үйдө мультфильм көрүп отурушат. Анда да кичине бир балам бар",-деди Эмил.
Анын айтымында, Москвадагы квартирада беш-алты киши бир жашайт, анын баласын сабап жатканы тартылган видео ошолор аркылуу тарап кеткен экен.
"Менин өзүмө ушунчалык сабак болду. Эми мындай катуу мамиле кылбайм. Жаман акыбалда турам. Өкүнүп турам, мынчалык болот деп ойлогон эмесмин. Мен өз баламды кантип жаман көрмөк элем. Кичине какыс-кукус кылып коеюн дегем болгону. Видео тарап кетет деп ойлогон эмесмин. Уялып жатам".
Анын келинчеги өз кезегинде баласын дароо эле доктурга алып барып текшертишкенин айтууда:
"Рентгенге салып текшеришти, көк аласы жок, эч жери оорубаптыр. Кудай кааласа жакшы. Балам ойноп үйдө. Ар бир ата-эне баласын жаман болсун дебейбиз да. Азыр үйдө баары жакшы".
Мындан мурда коомдук сайттарга тараган видеодо Эмилдин келинчеги ыйлап, күйөөсү камалып кетсе каралашар кишиси жок экенин айтып жатканын көрүүгө болот. Алардын үч баласы бар, келинчегинин дагы боюнда бар экен.