Зордукталдым деген кыз өмүрүнө коркунуч жаралганын айтууда

Ошто он беш жаштагы кызын бир жылдан ашык убакыттан бери зордуктап жүргөн жаран камакка алынды. Ысык-Көлдө зордуктаган кишиге чара көрүлбөй жатат деген кыз өзүнө кайрадан кол салуу болгонун айтып чыкты.
Үч ай бою зордукталып, милиция чара көрбөй жатканын маалымат каражаттары жазып келген ысыккөлдүк 29 жаштагы Нурсалима зоруктады деген киши кайрадан ага кол салганын билдирди.
Ал милициядан арызын алуу талабын коюп, 6-январда кыздын колу-бутун бычак менен тилип, көлгө таштап жибергенин айтууда.
Чолпон-Атада ооруканада жаткан Нурсалима өмүрү үчүн, үйүндөгү эки баласы менен энеси үчүн коркуп турганын Би-Би-Сиге билдирди.
"Ооруканада да коркуп, уктай албай жатам. Буттарым, колдорум бүт кескиленген, боюмдан түшүү коркунучу бар. Сууда тоңуп калган экенмин, дааратканага баралбай жатам. Качан келип өлтүрүп кетет деп корком. Милиция дагы колуңдан эч нерсе келбейт деп коркуткан, туугандары болот экен. Төрөт үйүнө көрүнгөнү барганымда алар мени тытмалап, кийимдерим жыртылган, алар азыр сакталуу", - деген Нурсалима көк-ала болгон жана кескиленген буттарынын, колунун сүрөттөрүн көрсөттү.
Нурсалиманын аны зордуктады деген жарандан боюнда бар. Декабрдан бери ал тууралуу бир катар басылмалар жазып келатышат.
Өзүнүн айтымында, сентябрдан ноябрдын аягына чейин үч ай күч менен кармалып жүрүп, 30-ноябрда Бостериде айылдык милицияга кайрылган.
Айтымында, милицияда кылмышка шектүүнүн туугандары иштегендиктен ал жоопко тартылбай келет.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул окуя боюнча кылмыш иши кыскарганын, анткени анда кылмыштын белгилери жок экенин билдирди.
"Нурсалима аттуу жаран зордуктоо боюнча милиция чара көрбөй жатканы тууралуу маалымат тараткан. Ал боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кызматтык териштирүү өткөрүп, январда жыйынтыкталды. Анын корутундусуна ылайык, Нурсалиманын айткандары чындыкка дал келбейт. Анын арызы 30-ноябрда дароо кабыл алынган. 1-декабрда сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө жүргөн. Кылмышка шектүү суракта Нурсалима менен үч айдан бери чогуу жашаганын, экөөнүн чыры биринчи аялың менен ажыраш деген талаптан чыкканын айтып берди. Ал кыз 100 миң сом талап кылган, кийин 40 миңге макулдашкан экен", - деди Усубакунов.
Усубакунов күбөлөр да эки тарап жашап жүргөнүн, зордуктоо болбогонун айтып берди дейт. Ал эми Нурсалима күбөлөр алдын ала даярдалган, арасында аны көрбөгөндөр бар экенин айтууда.
Иш милицияда кыскарып кеткендиктен жабырлануучу тарап прокуратурага кайрылды. Эми жагдайды тескөөчү орган териштирет.
Бул элге дүң болгон окуялардын бири.
Ал тапта Ош облусунун Араван районунда өз атасы тарабынан 2018-жылдан бери зордукталып жүргөн он беш жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

Энеси 2016-жылы оорудан каза болгон бүлөдө төрт бала атасы менен калган. Улуу эркек баласы иштегени кеткен. Экинчи кызы ушундай кордукту көрүп, дагы бир уул, бир кызы бар экен деди Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев:
"Бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрүп жаткан учурда милициянын аймактык тескөөчүсү тарабынан бул окуя боюнча ыкчам маалымат алынган. Кызды чакырып сурашканда 2019-жылдын 11-декабрында бул тастыкталды. Атасы Жазык кодексинин 161-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды".
Укук коргоочулар мындай дүң болгон окуялардын артында билинбей жаап-жашырылып калган учурлар көп болот дейт. Мисалы, биринчи тепкичтеги медициналык мекемелерде зомбулукка кабылган аялдар катталбаганы, оор учурда гана стационардык бейтапканаларга жатып калганда билинип калганы жашыруу аракетинин бир көрсөткүчү.
Нурсалима да милицияга ишеничи калбай, Бишкекте укук коргоочуларга, атайын борборлорго кайрылды.
Кризистик борборлор ассоциациясынын директору Толкун Тулекова аларга аялдар зомбулуктун ар кандай түрү менен келерин айтып берди.
"Кыргызстан боюнча 14 кризистик борбор бар. Аялдар ала качуу, зордуктоо, уруп-согуу же психологиялык басым боюнча келишет. Бирок зомбулукка кабылган көпчүлүк аял укук коргоо органдарына кайрылбайт. Маалымат каражаттарына күйөөсүнүн токмогунан каза болду, катуу сабап салды деген кабарлар чыгып жатат. Бул баарыбыз үчүн коңгуроо болуш керек".
2018-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 368 кылмыш иши козголгон, анын төртөө адам өлтүрүү боюнча.
Ички иштер министрлиги балдарга карата зомбулук боюнча сандар төмөндөп жатканын көрсөткөн менен, Башкы прокуратурада балдарга сексуалдык зомбулук фактылары өткөн жылы 50 пайыз өскөнү катталды.
































