You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зере: Аялдардын маселеси аларсыз чечилбеш керек
Би-Би-Сиде "100 айым" долбоору жүрүп жатат. Бул жолу ал аялдар дүйнөнү башкарганда келечек кандай болмок деген суроонун тегерегинде өтүүдө. Биз коомдогу түрдүү маселелерди ыры аркылуу көрсөтүүгө аракет кылган ырчы Зере менен маектештик.
Зере 2018-жылы жарыялаган "Кыз" аттуу клибинде аялдарга басым бар экенин белгилеп, аларды эркин коюуга чакырган.
Ал аялдарды кемсинтүү дүйнө жүзүндө бар деп эсептейт:
"Аялдарды кемсинтүү, гендердик маселеге кызыгам. Бул тармакта иштерди жасагым келет. Бирок бул мен экология, коррупция, билим берүү өңдүү башка көйгөйлөрдөн алысмын дегенди билдирбейт. Ага карабай, коомдо аялдарга карата стереотиптик ой жүгүртүү басымдуу болгону ошончо маселеден аялдар темасын биринчи алып чыгышыма себеп болду жана талкуу жаратты".
"Аялдарга адамдай эле мамиле жасалыш керек"
Чыгарманы жазганда он тогуз жаштагы ырчы аялдардын тандоосу, диний ишеними, кийинүү жана жашоо образындагы эркиндиги боюнча талкууну жараткысы келгенин айтат.
"Биз айымдар эч кимге эч нерсе кылууга милдеттүү эмеспиз. Каалаган нерсебизди жасайбыз. Каалабасак жасабайбыз. Бирок өзүбүздү өнүктүрүп, ар кандай перспективаларды анализдеп, сын көз караш менен ой жүгүрткөндү үйрөнүшүбүз өтө маанилүү", - деди Зере.
Ага аялдарга басым болуп жаткан болсо, идеалдуу коомдо аларга кандай мамиле жасалыш керек деген суроону узаттык:
"Аялдар кандай болуш керек, кандай жүрүш керек, кандай кийиниш керек, аял деген эне, ал тигиндей болуш керек деген сөздөр көп айтылат. Бул сөз эле болуп калбай, кээде психологиялык басынтууга чейин жетет. Адамга кандай мамиле кылыш керек болсо, аялга ошондой эле мамиле кажет. Жообу ушундай эле".
"Аялдардын маселеси аларсыз чечилбеш керек"
Зере жөнөкөй эле - аялдар билимдүү, ой чабыты кенен болбосо коомдун жарымы артта калып калат деди. Ал аялдардын башкарууга катышуу маанисин мындай түшүнөт:
"Башкаруу позицияларында аялдар сөзсүз болуш керек. Анткени аялдардын маселеси аялдарсыз чечилбеш керек. Мисалы, азыр дүйнөдө аборт маселеси талкууланып жатат дагы, аны эркектер чечүүдө".
Бир жылдан кийин "Сүйүнчү" деген ыры Кыргызстандагы түрдүү көйгөйлөрдү көрсөтүп, өнүгүү бири-бирибиз менен күрөшкөндө эмес, бир нерсеге карай умтулганда келерин айтты.
Бул ыр автордун өзү үчүн жана анын баамында уккандар арасында кандай натыйжа жаратты экен?
"Чыгармачылыкта эл түшүнсүн деген күтүү болбойт. Анткени ар кандай ой жүгүртүүсү менен түрдүү адамдар бар. Ошондуктан чыгармачылык - бул түшүнүү эмес, ал эмоция. Эмоция калтырган из кандайдыр бир ойду калыптандырышы мүмкүн", - дейт Зере.
Ыр аркылуу өзгөрүүгө же өзгөртүүгө умтулуу...
Ырчы алгачкы ырын жазардан мурда гендердик теңсиздик, билим берүү сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүү аракетин көргөн долбоорлордо иштеген. Бирок алар өтө эле чектелүү болгондуктан ошол маселелерди жамы журттун талкуусуна таштагысы келген. "Биз бир нерседен иш-аракет кылууну баштабасак, өзгөрүүнү өтө көп күтүп калабыз", - дейт Зере.
Ал ыр аркылуу элди өзгөрүүгө үндөй алабыз деп ишенет.
"Биз ар бирибиз өнүгүү жолунда абдан кичинекей эгиндерди бирден эгип жатабыз. Майнабын балким он жылдан кийин, балким элүү, а мүмкүн 200-300 жылда көрөбүз. Биз аны көрбөй да калышыбыз мүмкүн. Бирок аракетти токтотпош керек. Анткени турмушту жакшыртуу үчүн жасалган ар бир нерсе маанилүү. Биз кандайдыр бир чоң нерсенин бөлүгүбүз", - дейт Зере.
Ырчы азыр Италияда искусство багытында билим алууда:
"Азыр өзүмү өнүктүрүү жолундамын, актёрлук чеберчилик, вокал боюнча окуп жатам. Чыгармачылык аркылуу пайдалуу иштерди жасай алам деп ишенем".