You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыздар коргоого муктаж
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкек милициясы он эки жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалганын жарыялады. Бул окуя кыздардын эл аралык күнүнө туш келди. Ага чейин Таласта кызды күч колдонуп ала качкан тасма тараган. Кыргыз кыздары эмнеден кооптонот, эмнени кыялданат? Би-Би-Си алар менен баарлашып келди.
Бишкектин четирээк тарабында мектептен чыккан окуучу кыздар менен пикир алмаштым.
Алардын көпчүлүгүн санааркаткан маселе бир экен.
"Мен зордуктоодон корком. Кабарларды уккандан кийин караңгыда сыртка жалгыз чыкпаганга аракет кылып калдым, чыксам да адам көп жактан басам", - деди 17 жаштагы Нуржаз.
Мына ушундай окуя шаардын чок ортосунда катталып, 12 жаштагы кызды зордуктады деген шектүүнү 11-октябрда милиция кармады.
Кызды күч менен ала качкан видео бир нече күн мурда социалдык тармактарга тарап, ал мен маектешкен кыздардын үйрөйүн учурган экен.
"Мисалы, мени ала качса отуруп калбайм, сөзсүз арыз жазам. Азыр мыйзам бар эмеспи", - деди Нуржаз.
БУУнун маалыматында, Кыргызстанда никенин 20 пайызы ала качуудан кийин түзүлгөн.
Бирок буга карабай 2018-жылы ала качуу кылмышы боюнча 31 факты гана катталды.
Биринчи эле маектешкен эки кыз 14 жана 15 жашта турмуш курган курбулары бар экенин айтышты.
"Бир кызы бар азыр жашап жатышат, турмушум жакшы эле деп коёт", - деди 17 жаштагы Азима.
Статисткалар тестиер кыздардын арасында төрөт өсүп жатканын көрсөтүүдө. 2006-жылы көз жарган 1000 аялга 15-17 жаштагылар арасында 4 төрөт туура келсе, 2015-жылы жети төрөт туш келген.
Бул кыздар үчүн орто билимди да толук алуу оорго турат дешет изилдөө жүргүзгөн уюмдар.
"Билим албасаң караңгыда калгандай элесиң, мен жарыкка чыккым келет. Элдин арасында жүргүм келет. Аларды кайсы бир жакшы нерселерге үгүттөсөм дейм. Эгерде өзүмүн билимим болбосо аны кантип жасайм? ", - деди маектешим Нуржаз.
Билим албаган балдардын саны да өсүп жатат, арасында кыздарды алсак, 2015-жылы 972 кыз мектепке барбаса, 2016-жылы 1107ге чыккан. Алар себебин көбүнчө үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деп белгилешкен.
11-октябрь БУУ тарабынан кыздардын укугун таануу үчүн киргизилген дата.
Анын максаты кыздардын укугун коргоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Мигранттардын арасында да көпчүлүк бөлүгүн аялдар түзөт. Аялдардын сабаттуулугу эркектерге салыштырмалуу эки эсе төмөн. Демек бул жаш кезде билим албагандыкты билдириши толук мүмкүн.
Төрт кыздын атасы Болот Борбиев кыздардын билим алып, карьера куруусун өзгөчө колдойт. Анткени бирөөнүн бүлөсү болуп, бөлүнүп кеткен күндө да өз турмушун тың алып кетишине билими жардам берет дейт:
"Кыздарымын билим алуусуна өзгөчө шарт түзүп бергенге аракет кылам. Анткени алар өздөрү кийин бала-чакасын багыш керек. Кыздар негизи өзгөчө болот. Алар назик, жароокер. Ата-энесине кам көрүп турат. 10-класста окуган кызым менен жаңы эле англис тили боюнча курска баруусун талкуулап жатканбыз, бара бер акча таап берем десем кубанып калды".
64 жаштагы Рахманжан Мадалимов да төрт кызы жана неребе кыздары бар. Ал келечектеги эне болгондуктан кыздар өзгөчө коргоого жана тарбияга муктаж деп эсептейт.
"Кыздар биздин баардыгыбыз. Алар азыр кыз, эртең эже, аял, эне, чоң апа. Өздөрү билимдүү болбосо, баланы кантип тарбиялайт? Мен кичине кезимде атам ишке жумшаса кечке мени жумшай бересиңби деп, удаа өскөн карындашым Розага деле айтпайсыңбы дегем. "Айланайын балам, кыз биздин үйдө конок, ал эрезеге жеткенде кандай бүлөгө барып кошулуп калат бир кудай өзү билет, аны ата-энесинин үйүндө сыйлап коё бериш керек" деген. Ошондон бери ушул сөздү мен туу тутуп келем", - деди Мадалимов.
Кыргызстанда калктын 40 пайыздайын балдар түзөт, кыздар алардын жарымы болушу мүмкүн деген божомолдор бар.