You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ЖЭБге Казакстандан келген көмүр боюнча териштирүү башталды
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Бишкек жылуулук электр борборуна Казакстандан көмүр алып келүү тендери боюнча соттук жараянга чейинки териштирүү башталды. Казакстандык "КонтактУглеПром" компаниясы жеңип чыккан тендер мыйзамсыз өттү деп укук коргоо органдарынан президентке чейин даттануулар түшкөн эле.
Андай каттарды ошол тендердик комиссиянын мүчөсү, коомдук ишмер Расул Умбеталиев, "Ишкерлер биримдиги" жөнөткөн.
Бишкек ЖЭБине Казакстандан таш көмүр алып келүүчү компанияларды тандаган тендер боюнча Кылмыш кодексинин 233-берененин 2-бөлүмү боюнча иш катталып, соттук жараянга чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ишкерлер биримдигинин аткаруучу директору Эрлан Ерешеев билдирди.
"Маалыматка караганда укук коргоо органдары тендер боюнча документтерди да алышкан. Эми тендер териштирилет, адилет чечим чыгат деп үмүт кылып жатабыз. Анткени ал чоң мыйзам бузуулар менен өткөн ", - деди Ерешеев.
Ал тапта ЖЭБге "КонтактУглеПром" компаниясы көмүрдү ташып келип жатат.
ЖЭБге жалпы бир млн 140 миң тонна көмүр керек. 400 миң тонна Д маркасындагы көмүр Казакстандан алынат. Мына ушул Казакстандан алынып жаткан көмүр быйыл да чуу менен коштолууда.
Калган 680 миң тонна Кара-Кечедөн, Таш-Көмүрдөн 60 миң тонна келет.
ЖЭБге көмүр ташуудагы коррупциялык схема жоюлбай жатат деген сындар айтылууда.
Би-Би-Си бул боюнча мурдараак да жазган эле.
Кыргызстан ишкерлер биримдиги тендерди жокко чыгарып, кайра жарыялоону талап кылган.
Анын аткаруучу директору Эрлан Эрешеевдин айтымында, тендерди уткан "КонтактУглеПром" компаниясынын сунуштаган баасы калган компаниялардыкынан 60 млн сомго кымбат экенине карабай тандалган. Салыштырганда, 60 млн сом 312 миңден ашык мамлекеттик кызматкердин бир жылдык орточо айлык акысы.
Эрешеев ал компания техникалык жана квалификациялык талаптарга толук жооп берген эмес дейт. Анын айландырган акчасы да жок болуп чыккан. Ушул багыттагы тажрыйбасы да болуш керек.
"Биз бул тендерде коррупциянын элементтери жана жыйынтыкка таасир эткен кызыктар тарап болушу мүмкүн деп жатабыз. Алып келинчү көмүрдүн баасы бир млрд 420 млн сом. Бул Кыргызстандын аймагындагы эң ири тендерлердин бири болуп саналат. Биз тендердин жыйынтыгы алдын ала белгилүү болуп, жасалма өткөрүлгөн деп ойлойбуз", - дейт Эрешеев.
Тендерге августта "ТОО AB Energo", "COMCO Marketing KZ", "Qiyaqty Komir Market", "КонтактУглеПром" и "Бишкеккөмүр Соода Үйү" аттуу беш компания катышкан.
Тендер конвертти эки баскычта ачуу жолу менен жүргөн. Биринчисинде компаниялардын техникалык, квалификациялык талаптарга жооп берери каралып, экинчисинде алар сунуштаган баасы көрсөтүлгөн конверттер ачылмак.
Биринчисинде казакстандык "КонтактУглеПром" аттуу ортомчу компания тандалып, калгандары өтпөй калгандыктан акчасы тууралуу конверттер ачылган эмес.
Сынак комиссиясынын мүчөсү Расул Умбеталиев "КонтактУглеПром" аркылуу көмүр алып келүүгө каршы чыкты.
Ал Кыргызстан Казакстандын көмүр кендеринен түз алып келе алат деп эсептейт. Анын эсебинде тоннасы 34-36 доллардан айланмак, ортомчу компания аркылуу 51 доллардан айланып жатат. Мамлекет ар бир тоннадан 16-17 доллардан утулуп, аны жөнөкөй жарандар төлөй турганын баса белгиледи.
"Биринчиден, 500 миллон сом айырма болуп жатат. Экинчиден казак олигархтарынын Кыргызстандын ички ишине аралашканы өтө өкүнүчтүү иш болуп жатат. Ал эми Кыргызстан тараптан түздөн түз жетекчилер кызыктар болуп жатпайбы", - деди Умбеталиев Би-Би-Сиге.
Расул Умбеталиевдин айтымында, уткан компаниянын артында казак олигархтары турат жана ушундай болуп келген.
Мурда ушул үлгүдөгү көмүрдү ташып келген "Прогресс компани" менен "Рассвет компани" аттуу ортомчу ишканалар аралашкан схема боюнча иш козголуп, экс-президент Алмазбек Атамбаев кылмышка шектелип жатат.
Умбеталиев ошол компаниялар менен азыркы жаңы компаниянын түзүүчүсү бир деп жатат.
Кыргыз өкмөтү ЖЭБге зарыл деген Д үлгүсүндөгү таш көмүр Шабыркүл кенинен чыгат.
Тендерди өткөргөн комиссиянын мүчөсү, "Электр станциялары" ишканасынын отун менен камсыз кылуу бөлүмүнүн инженери Майрамкүл Айипова тендерден өтпөй калган төрт компаниянын одоно каталары бар эле дейт. Ишкерлер биримдигине мүчө жергиликтүү "Бишкеккөмүр Соода Үйүнүн" кайсы кенден көмүр алып келери боюнча келишими болгон эмес.
Ал көмүрү арзан экен же компания жергиликтүү экен деп каталарга карабай өткөрүп койсок, балким көмүр алып келе албай калмак, ага вагондор керек, Казакстандын кендери менен иштешкен компания болуш керек деп кошумчалады.
Айипова көмүр ташып келүүдө коррупция жана бирөөнүн кызыкчылыгы бар дегенди толук четке какты.
"Мен жүз пайыз андай эмес деп айта алам. Электрондук түрдө келген документтерин эле көрбөсөк, биз жана жетекчилер уткан компанияны тааныбайт, башкаларын да көргөн эмес. Азыр интернет порталдан так убактысы мүнөтүнө чейин көрсөтүлгөндө ачылат жана ар ким өзүнчө отуруп карайбыз. Карап чыктым, тигиники тигиндей экен деп талкуулаганы эле чогулуп жаттык. Бизге карата айтылган сөздөрдүн баары калп болуп жатат", - деди Айипова Би-Би-Сиге.
Айипова ишендиргендей, Кыргызстан Казакстандан көмүрдү ортомчу компаниясыз алалбайт. Алар казак кен ишканасына бир ирет түз кайрылганда алдын ала бардык көмүрдүн акчасын төлөгүлө деген, ал эми Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк жок экен. Дагы бир жолу кат жазышканда ортомчу компанияларга күн мурунтан сатып жиберишерин айтышкан.
Бирок Ерешеев алардын компаниясынын вагондору бар экенин, казакстандык көмүр өндүргөн компания менен келишимин тендердик комиссия талап кылганда жиберишкенин айтууда.
Кыргызстанда эки млрд 400 млн тонна чамалуу көмүр бар деп айтылат. Бирок Бишкек ЖЭБине дээрлик 40 пайыздайы дале Казакстандан сатып алынууда.
Өкмөт ал ЖЭБдин жаңыланбаган бөлүгүнө жагылат деп келет. Бийлик Кытайдын акчасына ЖЭБди модернизациялоо учурунда негизги максат казак көмүрүнөн көз карандысыз болуу деген эле. Эми анын 30 гана пайызы оңдолгонун жүйө келтирүүдө.
Мына ушундай талаштарга, сындарга карабай казак компаниясы менен келишим күчүнө кирип, көмүр келе баштады. Бирок ал графикти аткарып жатабы, ушул айга чейин 16 миң тонна келгени жетиштүүбү деген суроо да бар.
Ал эми тендерди мыйзам бузуу менен өттү деген тарап президенттен тарта бир катар тийиштүү жактарга арыз менен кайрылды.