You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан түрк ишкерлери үчүн дале кызыктуубу?
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда бизнес баштаган түрк ишкерлери арбын. Анткени алар бул өлкөнүн базарында боштук көп дешет. Ал эми базары чоң, бирок бизнеси өнүккөн Түркияга Кыргызстан эмнесин экспорттой алат?
Кыргызстан Түркия үчүн дале кызыктуубу?
Өзүн Мехмет деп атаган Түркия жараны Кыргызстанда 20 жылдан бери жашайт. Адегенде агасынан кабар алганы келген. Бишкекте бизнес баштайм деген оюм жок эле дейт.
Азыр шаар борборундагы түрк кафесинин ээси. Адегенде кийим-кече, кездеме ташып келип сатуудан баштаган экен.
"Биринчи турист катары келгемин. Кийин бизнес баштап, ошентип калып калдым. Ушул жерден курсагыбыз тоюп, тиричилик кылып жатабыз. Үй-бүлө күттүм, эки кыздуу болдум. Эмне үчүн ресторандык тейлөө тармагына өттүм, анткени, түрк ашканасына кызыгуу бар, биздин тамактарыбыз да ар түрдүү. Бирок жергиликтүү ишкерлерге караганда кыйынчылыктарга көбүрөөк туш болобуз. Жол-жобосун, документ иштерине келгенде дароо түшүнүп кетиш оор", - деди түркиялык ишкер Би-Би-Сиге.
Ишкер жашоо-шартына көнүп калгандыктан Бишкекте калганын айтат. Антпесе, азыр имараттардын баасы, ижара акысы Түркиядан кымбаттап кеткен. Түркияда ошондой эле калктын саны көп, демек кардар да жок болуп калбайт деди ал.
Баш калаадагы белгилүү дагы башка ашкананын ээси Кыргызстанды тандаган себеби ишиңи брендге айлантуу мүмкүнчүлүгү бар дейт. Ал жаңылык сунуштай аласың деди. Болбосо жогорудагы маектешибиз айткандай эле ижара акысы, салык Кыргызстанда төмөн эмес экенин белгиледи. Анан калса адискөй кызматкерлерди табуу дагы маселе экен.
Кыргызстан менен Түркиянын товар алмашуусу 2018-жылы 430 млн долларды түзгөн. Ал эми эгемендик жылдары Түркиядан Кыргызстанга 600 млн доллардан ашык инвестиция салынган. Бул расмийлердин берген маалыматы.
Дүйнөгө Түркияга аркылуу кеткен кургак жемиштер
Түркиядан Кыргызстанга көбүнчө текстиль товарлары, жабдыктар, пластика жана башкалар келет. Ал эми Кыргызстандан Түркияга сатылган товарлардын өлчөмү көп болбогон менен жашылча-жемиштер барат жана ушул тармакта потенциал бар.
Бекназар Асанов Түркиядан Европага чейин бир катар өлкөлөргө кыргыз жемиштерин экспорттогон саналуу ишкерлердин бири.
Алардын ишканасы үч жыл мурда гана ачылган. Түркияга алма, алмурут жана шабдоолуну кургатып жиберишет.
"Биз Жалал-Абадда он үч гектар жердеги жапайы алмаларды кургатып, Түркияга жүк ташуучу унаалар менен жиберебиз. Жылына орточо отуз унаа кетчү, быйыл түшүм азыраак болуп он эки унаа жөнөттүк. Холдинге көптөгөн кооперативдер карайт, мен түзүүчүлөрдүн биримин", - деди Би-Би-Сиге маегинде Асанов.
Түркиялык компания мөмө-жемиш чайларын жасап Европага экспорттойт экен. Асановдун ишканасы адегенде Орусияга, кийин Түркияга сертификат алган. Эми Европа базарына жетти. Европага алынган сертификат Түркия өңдүү көп өлкөгө жарайт. Асановдун фирмасы Түркиянын өзүнө эле жылына 600 тоннадай жүк жеткирет:
"Түркия - бул, абдан чоң, өтө бай рынок. Азыр биз жаңгак менен да иштеп жатабыз, аларга бул да керек. Жалал-Абадда мисте бар, ал жөнөкөй эмес, токой мистеси, өтө жогору бааланат. Мистеге сертификат алалы деп жатабыз. Анда дүйнөдөгү башка мүмкүнчүлүктөр да ачылат".
Асанов Түркиядагы ири компанияны, өз кардарын ишкерлердин форумдарына, жолугушууларына барып жүрүп эле тапкан. Андайлардын бири, кыргыз-түрк ишкерлер форуму 24-сентябрда Бишкекте өттү.
Кыргыз базарында иштетилбеген тармак көп
Стамбул соода палатасынын зергерлик бөлүм башчысынын орун басары жана бир нече фирмалардын жетекчиси Илхами Йазыжы Кыргызстанга экинчи ирет келди. 2018-жылы форумга келгенде алтын кендери тууралуу изилдеп кеткен экен.
"Кыргызстандын жери ар кандай баалуу металлдарга бай. Аларды өндүрүп, эл аралык рынокко алып чыгыш керек. Мен мындан сырткары Кыргызстандын базарында көп боштуктарды байкадым. Алардын негизгилери мейманкана, банк сектору жана электр энергия тармагы. Күндөн энергия алуу Кыргызстанда дээрлик жок десе болот. Ошондой эле шамалдан энергия чыгарган панелдерди көргөн жокмун, бирок шамал болгон талааларга бардым", - деди Би-Би-Сиге Илхами Йазыжы.
Йазыжынын маалыматында, 2018-жылы ушул форум өткөндөн бери түркиялык чакан эмес үч инвестор Кыргызстанга каражатын салды.
Түркиялык ишкерлер Кыргызстанда билим , курулуш, мейманкана тармагына да акча салууда. Бирок акыркы жылдар 1990-2000 жылдардагыдан басаңдап жатканы, анткени Кыргызстанда жагымдуу шарт азайганы айтылууда.
Түркия импортерлордун 3-4-сабында турат. Эки мамлекеттин ишкерлер форумунда ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн бир млрд. долларга жеткирүү максаты айтылып келе жатат.