Жергиликтүү көчмөндөр оюну кандай максатта өттү?

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюнуна бюджеттен 50 млн сом каражат коротулду. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иш-чара максатына жетип, аймакка 20 миңдей ички турист келди дейт. Каражат эмнелерге сарпталды жана ал өзүн актадыбы?

"Аш көп болсо, каада көп" деп көчмөндөр оюнун колдобогон айрым активисттер Таласта маареке учурундагы башаламандыктан кийин ого бетер сын айтышууда.

Салтанат башталаарда элдин туштарап басып, тартипке келбей жаткан видеосу интернетке тарады.

Той өзүн актадыбы?

Кыргыз өкмөтү сарпталган 50 млн сом материалдык болбосо да, баасы ченелбеген руханий пайданы алып келди деп эсептейт.

Бирок ушул эле каражатты элдин билимин, маданиятын түздөн түз жогорулатууга сарптоо мүмкүнчүлүгү бар эле дейт коомдук ишмер, публицист Эсенбай Нурушев.

"Эң башкысы - көчмөндөр оюндары каражат сарптабастан аны алып келе турган болуш керек. Жок эле дегенде кеткен чыгымын жаап алыш керек. Менимче андай болгон жок. Руханий жактан көтөргүсү келсе, башка чөйрөлөр бар. Эл китеп окубай калды. Жазуучуларга, киного, театрларга көңү бурулбай калды", - деди Би-Би-Сиге Нурушев.

Ал элдин ынтымагын чыңдоо чакырыгы пропаганданын сөзү дейт. Нурушев балким беш жылда бир мыкты деңгээлде өткөрбөсө, жыл сайын өткөн маарекенин кадыры кетет деген ойдо.

"Анан илгерки каада-салтка үгүттөсө деле менимче ага эч ким кайтпайт. Анткени ал өттү. Үгүттөсө эле жаргак шым кийип калышабы, ошол эле жынсы шымын кийет. Дүйнөлүк бренд, анан тренд кылабыз дегенге менин көзүм жетпейт", - деген оюн бөлүштү Нурушев.

Улуттук көчмөндөр оюндарын жылда өткөрүп туруу президенттин демилгеси.

Иш-чаранын максаттарынын бири элди бириктирүү, улуттук идеологияны калыптандыруу. Таластагы биринчи оюндарда ошол максатка жеттик деп эсептейт маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

"Анткени ошол жерге көп адам келди. Баары ынтымакта иш-чарага катышты, күбө болушту. Ушунун өзү максатына жеткен болуп эсептелет. Биздин усталар, чеберлер, кол өнөрчүлөр күтүп даярданышты. Максатыбыз - маданиятыбызды элге сиңирүү", - деди, Жаманкулов Би-Би-Сиге.

Таластагы оюндарга бюджеттен берилген 50 млн сомдун 30 млн сому ат майданын курууга, эки млн сому учурунда Манастын миң жылдыгы белгиленген "Манас Ордону" жаңылоого коротулган.

12 млн сом маданий иш-чарага кетти. Анын ичинде артисттердин чыгымы, расмий аземдин жасалгасы жана башкалар бар. Калган алты млн сом чамалуу каражат спорт оюндарын уюштурууга, анын сыйлыктарына жумшалды.

Министр маарекеден кийин аймактар оңдолуп калаарын кошумчалады:

"Оюндарды өткөрүү менен аянттарды, жолдорду оңдоп алдык. Жарыктандыруу жакшырды. Мындан сырткары дагы бир максатыбыз аймактарды бири-бирине таанытуу. Чынгыз атанын жерин көрбөгөн тургундар келип Таласты көрүп кетишти. Алдыдагы жети-сегиз жыл ичинде дагы ушундай аймактарды кыдыруу шарты түзүлүп жатат".

Улуттук көчмөндөр оюнунун максаттарынын дагы бири ички туристтерди тартуу эле. Министрлик азыр Таласка 20 миңдей турист келди деп эсептеп жатат.

Глобалдашуу мезгилинде өзгөчөлүктү кармап калуу аракети

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев глобалдашуу мезгилинде улуттук иденттүүлүктү аныктоого көчмөндөр оюндары салым кошот дейт. Ал улуттук өзгөчөлүктү пайдаланып экономикалык дивиденд алып келсе болорун кошумчалады.

Олимпиада оюндары көнүмуш болуп калса, Көчмөндөрдүн оюну көпчүлүк үчүн экзотика деди Иманалиев.

"Көчмөндөрдүн оюндары экстремалдуу, спортчулар өлүм менен өмүрдүн арасында жүрөт. Андан сырткары бул оюндар табиятка шайкеш. Тамак-ашы экологиялык жактан таза. Мисалы, Орусияда улуттук спартакиада бирде Сочиде, бирде Красноярскта өтөт. Улуттук көчмөндөр оюндары аймактарда уюштурулуп турат. Региондорду өнүктүрүу үчүн бул туура эле саясат деп эсептейм", - деген пикирде Каныбек Иманалиев.

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюну 16-сентябрдан 19-сентябрга чейин улуттук спорттун он түрү боюнча өттү.

Ар облустан келген өкүлдөр өз шаарчаларын жасап, театралдык оюн-зоок уюштурулду.

21-сентябрда анын жабылыш аземине президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт өкүлдөрү катышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө эки жолу уюштурулду, кийинки жылы өткөрүү үчүн Түркияга кезек берилген. Эл аралык оюндар үчүн тендерлер мыйзамсыз жүрүп, бюджетке ири суммадагы зыяндар келгенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып келет.