You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Абдывахап Нурбаев: Чек ара көйгөйүндө өкмөт шалаакылык кылды
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Парламент жайкы тыныгууга чейин жабык жыйын өткөрүп, Баткендеги чек ара маселесин караган эле. Бир топ токтомдорду кабыл алган. Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Абдывахап Нурбаев Би-Би-Сиге парламент чечимдери аткарылбай жатканын айтып берди
А.Нурбаев: Биздин иш план боюнча ушул айдын аягында жыйын өткөрмөкпүз. Буга чейин Жогорку Кеңеште биз жети токтом кабыл алыптырбыз. Ошонун аткарылышы боюнча кийинки жума чек ара маселесинин ар бир пункту талкууланмак. Анткени, буга чейин дагы бир жолу карап, анан өкмөт иштерди аткарбаптыр, өкмөттү отставкага кетиребиз дегенге чейин сөз болгон. Бул жерде чындап айтканда, өкмөттүн шалаакылыгынан болуп калды. Анткени, көп нерсени тез арада чечпей, акча жок андай-мындай деп, ыкчам аракет кылбагандыктан болуп калды. Эми бир адам окко учуп, ушунча ызы-чуу болгондон кийин ойгонуп жатат.
Би-Би-Си: Айрым кесиптештериңиз өкмөткө ушул боюнча абдан ачуу сын айтып келген эле. Сиз өзүңүз да өкмөт чабалдык кылды, кайсы бир иштерди тез чечиш керек эле деп жатасыз. Ошол кайсы иштер эле?
А.Нурбаев: Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун булар кечиктирди. Андан сырткары "ошол жерде аткезчилик бар экен, ошол жактан өтөт экен. Аткезчиликти кан буугандай бууп, коңшуларды ийге келтирсе болот эле. Өкмөттүн өзүндө аны калкалагандар турат" деп сөз болуп жатат. Ушуга окшогон нерселер менен катуу күрөшө алган жок. Аларды таба алган жок, же кызыктар болдубу же каалабадыбы, айта албайбыз.
Би-Би-Си: Колдон келишинче аракет кылып жатканбыз, мындан ары да аракет кылабыз, тынчтык жолу менен чечебиз деп өкмөт дагы өз жүйөөсүн айтып жатпайбы?
А. Нурбаев: Буга чейин жакшы аракет кыла алган жок да, аны баары эле билет. Эми көрөбүз кандай кылат. Бирок биз жакын арада карайбыз. Ошондо дагы токтомдордун аткарылышы боюнча толук маалымат беребиз. Анткени көпчүлүгү аткарылбаптыр да...
Би-Би-Си: Демек, бул маселе жакын арада Жогорку Кеңеште кайра каралат экен да?
А. Нурбаев: Ооба, сөзсүз каралат. Комитетте буга чейинки токтомдордун аткарылышын кийинки жумада карайлы деп план кылып жатабыз. Башка маселе койбой бир гана ушул маселени карайбыз.
Би-Би-Си: Ушул тапта Жогорку Кеңештин бир топ депутаты төраганын тапшырмасы менен Баткенге барды. Муну кубаттап-коштогондор менен катар эле, "депуттардын ал жерге барганы жөн гана саясат". Алардын кереги жок болчу" деген пикирлер дагы айтылып жатат да.
А. Нурбаев: Эми негизги ал жерге барып иш кыла турган аткаруу бийлиги. Аким, губернатор, өкмөттөгүлөр барыш керек. Бирок, эл өкүлү катары барып элден кабар алып, аларды моралдык жактан колдоп келген туура эле. Эми депутаттар сүйлөшүү процессине, башкага катышпайт, бирок алар элди аралап, элди кичине болсо да моралдык жактан колдоого алганы туура деп ойлойм.