22 жыл мурун дайынсыз кеткен кишинин сөөгү Google Earth аркылуу табылды

Published

Флоридада мындан 22 жыл мурун дайынсыз кеткен кишинин сөөгү табылды. Сууга чөгүп кеткен унааны Google картасынын жардамы менен таап алышкан. Унаанын ичинен кишинин сөөгү чыккан.

40 жаштагы Уильям Молдт 1997-жылдын 7-ноябрында дайынсыз кетип, табылган эмес. Түнкү клубга кеткен боюнча үйүнө кайтып келген эмес экен. Полициянын издөө иштери натыйжасыз аяктаган.

Август этегинде полицияга билдирүү түшүп, Флориданын Веллингтон шаарчасынан анчалык алыс эмес жердеги көлмөдө унаа табылганын айтышат.

Унааны суудан чыгарганда ичинде кишинин сөөгү болгон. Бир аптадан кийин Уильям Молдт экени аныкталды.

Сууга чөгүп кеткен унаа жергиликтүү кыймылсыз мүлктөрдү иликтеп жаткан учурдагы Google Earth аркылуу тартылган сүрөттөргө түшүп калган.

Унаа 2007-жылдагы тартылган спутник сүрөттөргө дагы түшкөн экен. Бирок он эки жыл бою ага эч ким маани берген эмес. Ошол кездеги Google картасынан (Moon Bay Circle, Wellington) унаанын көлмөдө турганын байкоого болот.

Палм-Бич округунун шерифи айдоочу унааны башкара албай калып көлмөгө кирип кеткен болушу мүмкүн деп билдирди. Ушунча жыл өткөндөн кийин эмне болгонун аныктоо өтө кыйын деди жергиликтүү полиция өкүлү Тереза Барбера.

Белгилүү болгондой Молдт жоголуп кеткен күнү түнкү саат 23тө клубдан чыкканы тууралуу гана маалымат болгон. (AbA)