Айдоочунун эмес, шалаакылыктын күбөлүктөрү

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда жыйырма миңге чукул кишиге айдоочулук күбөлүктүн ордуна убактылуу бланк берилди. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Аталган мекеме эски күбөлүктөр түгөнүп, жаңысын даярдаш үчүн келишим түзүп үлгүрбөй жатканын жүйө тартууда.

Соңку жылдары Мамлекеттик каттоо кызматы сындан башы чыкпаган мекеме болуп калды. Паспорт чыры жаңы гана басаңдап калган чакта, эми айдоочулук күбөлүк бланктарынын тартыш болуп жатканы коомдун кыжырын ого бетер келтирди.

"Бланктар жок калганга чейин эмне уктап жатыштыбы? Убактылуу кагаз күбөлүк бергенге жеткирбей тендерди эбак эле жарыяласа болот эле да? Элдин кылаарга башка иши жок бекен. Кайра-кайра эле Мамлекеттик каттоо кызматына барып документ алмаштыра берген эч кимге кызык эмес. Анын баарына тең эле убакыт керек да. Муну мен мамлекеттин шалаакылыгы катары эле баалайм. Иштешсе жакшылап иштешсин, иштебесе орундарын өткөрүп беришсин да".

Ɵкмөтүн ишине нааразы болгон Руслан жалгыз эмес, мындайлар четтен чыгат. Анан калса бир гана айдоочулук күбөлүк эмес, автоунааны каттоо бланктары да түгөнүп калган учур болгон эле.

Токтобогон тендер чыры

Мамалекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, тиешелүү бланктар менен "Алтас Крипт" ишканасы камсыздап келген. Бирок 2019-жылдын апрелинде компания менен болгон келишим аяктап, күбөлүктөрдүн бланкын даярдоого жаңы сынак жарыяланган.

Жыйынтыгында улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча Казакстандын Улуттук банкынын банкноттук фабрикасы жеңип алган. Ал эми эл аралык үлгүдөгү күбөлүктү даярдоо боюнча "Гознак" компаниясы жеңген.

Бирок тендерге катышкан ишканалардын бири сынакта мыйзам бузулду деп арызданган. Учурда ишти Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин алдында түзүлгөн комиссия карап жатат.

"Комиссия ишин жыйынтыктап калды. Комиссиянын ишине эки тараптын тең өкүлдөрү катышты. Бир-эки күндүн ичинде жыйынтык чыгарылат", -деди Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин директорунун орун басары Мирбек Дүйшеев Би-Би-Сиге.

Соңку жылдары Кыргызстанда жарыяланган ири тендерлердин көбү мыйзам бузуу менен коштолуп, соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Жарандык активист Рита Карасартова мыйзамдуу өткөн тендерлер дагы жокко чыгарылган учурлар бар экенин айтат.

"Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик сатып алуулардын аркасында адамдын тагдыры турат. Андыктан чиновниктер деле сынакты болушунча ачык өткөрөйүн деп аракет кылууда. Бирок сынакка катышкан компаниялар Кыргызстанда мыйзам иштебей турганын, каалагандай арызданса боло турганын билип калды. Айрым учурда ушундай кызыкчылыктардын аткарылышына шарт түзүп берип коюп жатабыз".

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн мурдагыга салыштырмалуу сапаты жогору жана баасы эки эсе арзан болорун маалымдаган эле.

Аталган кызмат өткөргөн тендер жөнүндө маселе биринчи жолу чыгып жаткан жок. Мындан бир канча ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды паспорт менен камсыздоодо Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамды одоно бузганын айтып чыккан эле.

Биометрикалык бланктарды даярдоого тендер өткөрүүдө кайсы бир ишкананын кызыкчылыгын көздөгөн деген шек менен комиссия төрагасы Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана "Инфокомдун" башчысы Талант Абдуллаев кармалган.

Мындан эки жыл мурун дагы бул мекеменин мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев вице-премьер-министр кезинде тендерден утулган ишкананын кызыкчылыгы үчүн иштеген деп айыпталган болчу.