You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өттү
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны саясий курч абалга туш келди.
Быйыл ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинде товар алмашуу былтыркыга салыштырмалуу 4,8 пайызга төмөндөп кеткени айтылууда. Экспорттук операциялардын жалпы көлөмү 23,2 миллиард долларды түздү.
Бир кадам алдыга, эки арткабы?
Евразиялык экономикалык комиссиянын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 24,3% кыскарды. Текстиль, бут кийим экспорту 22,4 пайызга, азык-түлүк жана айыл-чарба сырьесу 1,7 пайызга, унаа жабдыгы 10,7 пайызга, металл - 47,7 пайызга азайды.
Минералдык продуктыларды сатууда 20,4 пайызга өсүш байкалды. Химиялык продукциялары эки жарым эсеге көп сатылды.
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында кыргыз премьер-министри өлкөнүн ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү беш пайызга өскөнүн белгиледи.
"2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукция оң динамика көрсөтүп, 6,4 пайызга өстү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жайдын 20 пайыз өсүүсү байкалган", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Чолпон-Атадагы жыйында он беш маселе каралып, бажы төлөмдөрүн каттоо, бюджет аралык бөлүштүрүү, уулу калдыктарды текшерүү, айыл чарба, өндүрүш тармактарында кызматташуу маселелерин талкууланды.
Жээнбеков-Медведев жолугушуусу
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын беш жылдык мааракелик жолугушуусу өлкөдө ички саясат курчуган маалга туш келди.
Кой-Ташта мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев суракка күчтөп алып келүүгө барган УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп, бийлик бир эле убакта саммит конокторун тосуу жана чыңалган кырдаалды жайгаруу менен алек болуп жатты.
Чолпон-Атага 8-августта учуп келген Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Бишкектеги соңку окуялар боюнча өз пикирин билдирди:
" 21-кылымда Кыргызстан революцияларга өзүнүн лимитин түгөтүп бүткөндөй эле болду. Эгер ушул өңдүү окуялар саясий туруксуздукка, экономикалык олку-солку абалга алып келсе, абдан жаман болот. Ал өлкө тургундарына эле зыян алып келет".
Бүгүн Медведев кыргыз президенти менен жолугуп, соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү. Буга чейин Алмазбек Атамбаев Путиндин кабылдоосунда болуп, Кремль кайсыл тарапты колдойт деген талкууга жем таштаган.
"Мүмкүнчүлүккө жараша биздин жакын өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы колдоо көрсөтөбүз, эч күмөн санабагыла", -деди Медведев.
"Экономикалык эмес, саясий кызыкчылык"
Быйыл ЕАЭБ негизделгенине беш жыл толду. Расмий Москва ЕАЭБди азыркыдан да чыңдоо максатын көздөйт.
Интеграцияны бекемдөө үчүн жаңы документ жазылып жатканын Евразиялык экономикалык комиссиясы быйыл жыл башында эле жарыялаган. Аталган комиссиянын макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая стратегия 2019-жылдын этегине барып даяр болуп каларын 28-январда билдирген.
Документке ылайык, ЕАЭБде 2025-жылга чейин бирдиктүү финансылык рынок түптөө пландалып жатат.
Серепчи Сейтек Качкынбай Орусия бул жерде экономикалык эмес, саясий кызыкчылыгын көздөп жатканы байкалат дейт:
"Эми азыр ЕАЭБ ичинде Кыргызстан менен Армения жарым-жартылай демократиялык мамлекеттер болуп жатат. Мындай шартта алардын бирдиктүү валютасына кирсек, алардын саясий системасына киребиз дегенге эле окшош болуп калат да. Бул Орусиянын авторитардык системасынын кеңейтүүнүн эле шылтоосу болот го. Буга Орусия гана кызыкдар болуп, бизге таасир этүү рычагын чоңойтконго мүмкүнчүлүк издеп жатат",- дейт серепчи Сейтек Качкынбай.
ЕАЭБде Казакстан буга чейин Кыргызстандын Бажы кызматына дооматтарын айтып, коррупциялык схемалар үчүн айыптап келген. Өкмөт башчылар жыйыны өтөрдөн бир аз мурда Бажы кызматынын жетекчилиги алмашты. Уюмдун кийинки отуруму быйыл 25-октябрда Москвада өтмөй болду.