Кыргыз-корей кызматташтыгы

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигиндеги негизги өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын айтты. Өкмөт башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Миграция кызматы маалымдагандай, жылына Кореядан келген үч жүздөй жаран Кыргызстанда жумушка орношууга уруксат алат. Алардын 30 пайызы билим берүү тармагында болсо, басымдуу бөлүгү соода-сатык, кызмат көрсөтүү боюнча иш алып баргандар.

Корей жараны Чихун Джонг Кыргызстанга алгачкы жолу мындан беш жыл мурун конок катары келген. Бул өлкөдө бизнес ачып, жашап калам деген ой уктаса дагы түшүнө кирген эмес. Бирок Чихундун Кыргызстанга болгон сапары анын жашоосун таптакыр өзгөрттү. Ал билимин Европадан улантам деген максатынан баш тартып, Кыргызстанда калууну чечкен. Учурда Чихундун Бишкектин борборунда чакан кафеси бар. Чихун тамактануучу жайды ачуу ал үчүн оңойго турган эмес. Көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн айтат. Бирок башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда бизнес баштоо кыйла жеңил дейт ал:

"Мен кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Бизнесмен катары алгачкы ишимди Кыргызстандан баштадым. Бул өлкөдөн көп жакшы нерселерди үйрөндүм, тажрыйба топтодум. Кафе ачылгандан кийин бир жылдай пайда көргөн жокмун. Тескерисинче артка кете баштадым. Бирок ошол учурда мени менен чогуу иштеген кыргызстандык кесиптештерим, кардарларым мага көптөгөн кеңештерин айтып, колдоп турушту. Эргүү беришти десем болот. Алардын жардамы менен ишимди жөнгө салып алдым".

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён учурда расмий сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Сапардын алкагында элүүдөн ашуун корей компаниясынын катышуусунда бизнес-форум өтүп, бир катар келишимдерге кол коюлду. Форумда сөз сүйлөгөн Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы Кыргызстан менен Кореянын ортосунда товар алмашуунун көлөмү 30 миллион долларды түзгөнүн, бирок эки өлкө тең өз потенциалын толук пайдалана албай жатканын айтты.

"Кыргыз-корей соода-экономикалык алаканы жакшыртуу үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Учурда Кыргызстанда Корея капиталы менен кызматташкан 976 ишкана бар. Анын ичинен 352 компания биргелешкен ишкана болуп саналат. Ар бир өлкө үчүн чет элдик инвестициялар - ошол мамлекетти алдыга жылдыруучу локомотив. Бул көз караштан алганда, Ли Нак Ён мырза, бизнес форумга өзүңүздүн катышып жаткандыгыңыз - эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара ишенимди жогорулатат",- деди премьер-министр.

Маалыматка ылайык, Кореядан келип жаткан түз инвестициянын көлөмү 609 долларды түзүп, инфраструктура, транспорт тармагындагы долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ошондой эле Корея эл аралык кызматташуу агенттиги өлкөдө төрт долбоорду ишке ашыруу үчүн 20, 5 млн доллар бөлүүнү убада кылды. Эки өлкө премьер-министрлеринин жолугушуусунда Бишкек-Сеул каттамын ачуу тууралуу дагы сөз болду.

"Кыргыз-корей өкмөттөрүнүн кызматташуу потенциалы кыйла жогору. Биргелешип дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз көп. Корея эл аралык кызматташуу агенттиги айыл чарба тармагында ар кандай климаттык шарттагы мамлекеттер менен долбоорлорду ишке ашырып жатат. Борбор Азияда айыл-чарбасын өнүктүрүү долбоору алгач Кыргызстанда башталат. Долбоор айыл-чарбасын өнүктүрүп, дыйкандарды колдоо максатында иштелип чыкты",- деди Ли Нак Ён.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр Кореядан Кыргызстанга келген товарлардын суммасы 27 млн 741 миң долларды түзсө, экспорт болгону 191 миң долларды гана түзгөн.

Быйылкы жылдын беш айында импорт 10 млн 383 доллар, экспорт 37 миң гана доллар болду. Корея Кыргызстанга негизинен технология, электр жабдыктарын, мунай, фармацептикалык продукцияларды жана унааларын сатат. Ал эми Кыргызстандан негизги болуп өсүмдүк уруктары жана жашылча экспорттолот.