Көмүскө экономиканын көпөстөрү

Published

Кыргызстанда байкоо жүрбөгөн көмүскө жана формалдуу эмес экономиканын көлөмү расмий статистика боюнча 2017-жылы 125,2 млрд. сомду түздү, ал эми анын ИДПдагы үлүшү 23,6 пайызга барабар болду.

Таблица: Көмүскө жана формалдуу эмес экономиканын көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы

Булак: КР Улуттук статистика комитети

Улуттук статистика комитетинин түшүндүрмөсүнө караганда, байкоо жүрбөгөн экономика түшүнүгү көмүскө жана формалдуу эмес ишмердик болуп бөлүнөт.

Салык түрлөрүн, социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуу же эмгекти коргоо, санитардык жана башка административдик милдеттерди же буйруктарды аткарбаш максатында жашырылган же азайтылган мыйзамдуу экономикалык ишмердик көмүскө экономикалык ишмердик деп аталат.

Формалдуу эмес экономикалык ишмердик негизинен жеке ишкерлер же үй чарбалар тарабынан мыйзамдуу негизде болот. Көбүнчө кошумча жумуш катары каралат, профессионалдуу түрдө болбойт.

Мисалы, бул секторго соода, автоунааларды оңдоо, жеке транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, кийим тигүү, ун тарттыруу, нан жабуу ж.б. менен алектенген жактар кирет.

Уурдоо, алдамчылык, опузалап талап кылуу жана башка мыйзамсыз иштер байкалбаган экономикага кошулбайт. (КС)